АДЕПТЕР

Ата — эне менен болгон адеп

Ислам дини ата — эненин даражасын башка диндерде жок даражага көтөргөн. Анткени, Алла Таала ата — энеге болгон жакшы мамилени, аларга урмат — сый көрсөтүүнү Алла Таалага ыйман келтирип, сыйынуудан (ибадат кылуудан) кийинки эле орунга койгон. قال تعالى: ﴿وَاعْبُدُوا اللَّهَ وَلَا تُشْرِكُوا بِهِ شَيْئًا وَبِالْوَالِدَيْنِ إِحْسَانًا﴾ (النساء: 36) Алла Таала айтты: «Алла Таалага кулчулук (ибадат) кылгыла жана Ага эч нерсени …

толук окуу »

Сапарга чыгуу адеби

Сапар бул – адам баласынын түрдүү муктаждыктарын аткаруу үчүн бир орундан экинчи орунга которулуусу. Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) сапар машакатын (кыйынчылыгын) жеңилдетүү үчүн кээ бир адептерди үйрөтүп кеткен. Алар төмөнкүлөр:  1. Сапарга үч же андан көп жолдош менен чыгуу. قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «الرَّاكِبُ شَيْطَانٌ وَالرَّاكِبَانِ شَيْطَانَانِ وَالثَّلَاثَةُ رَكْبٌ» {رواه أبو داود: 2607 والترمذي: 1674} …

толук окуу »

Истихара жасоо адеби

  Мусулман адамдын аткарууда жана калтырууда ыктыярдуу болгон ар бир ишти баштаардан мурда истихаара жасоосу сүннөт. Истихаара жасооону каалаган (мусулман) адам парз болбогон эки рекет намаз окуп, андан кийин өзгөчө (истихаара дубасы) менен бүтүрөт. Ал дубада өзүнүн алсыздыгын, илиминин аздыгын жана келечекти билбестигин мойунга алып, Алла Таалага кайрылып, жаманынан алыстатып, эки дүйнө жакшылыгына жеткире турган ишти көңүлүнө салып, аны жеңил …

толук окуу »

Кийим кийүү адеби

Кийим кийүү кооздук жана авратты (шариятта денени ) жабуу. قال تعالى: ﴿يَا بَنِي آَدَمَ قَدْ أَنْزَلْنَا عَلَيْكُمْ لِبَاسًا يُوَارِي سَوْآَتِكُمْ وَرِيشًا وَلِبَاسُ التَّقْوَى ذَلِكَ خَيْرٌ﴾ (الأعراف: 26) Алла Таала айтты: «Оо, Адам балдары! Биз силерге уяттуу жериңерди беките турган жана кооздоно турган (муктаждык) кийимди түшүрдүк. (Бирок), такыбаалык кийими – эң жакшы кийим[1]».                                  (Аъарааф: 26) Мына ошондуктан мусулман адам кийим …

толук окуу »

Жеп — ичүү (тамактануу) адеби

Мусулман адам Алла Таалага ибадат кылуу (сыйынуу) үчүн ден — соолугун сактоосу керек. Ал эми ден — соолукту сактоонун негизги булагы болуп, тамактануу эсептелет. Демек, пенденин тамактанып, күч — кубат алуусу Алланын ибадаты үчүн гана болуу керек. Ибадат болсо, адамдын Акырет бактылуулугуна жетүүсүнө себеп болот. Ошондуктан мусулман адам тамактанууда шарият көрсөткөн төмөнкү адептерге көңүл бурат: 1.  Арам жана (арамдыгында) шеги …

толук окуу »

Уйку адеби

Уйку — Алла Тааланын пенделерине берген эң улуу неъматтарынын (жакшылыктарынын) бири болуп эсептелет. Анткени, адам баласы уктап тургандан кийин, анын денесиндеги бардык мүчөлөрү эс алып, көңүлү көтөрүлүп, Аллага көбүрөөк ибадат кылууга (сыйынууга) жардам берет. قال الله تعالى: ﴿وَجَعَلْـــنَا نَوْمَكُمْ سُبَاتًا﴾ (النبأ: 9) Алла Таала айтты: «Уйкуңарды (денеңер үчүн) эс алуучу убак кылдык». (Наба: 9) Мусулман адам төмөнкү уйку адептерине көңүл …

толук окуу »

Адам табиятынан болгон нерселер

Пайгамбардын (ага Алланын салават — саламдары болсун)хадисинде келгендей табияттан болгон нерселер бешөө: قال النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «خَمْسٌ مِنْ الْفِطْرَةِ الْخِتَانُ وَالِاسْتِحْدَادُ وَنَتْفُ الْإِبْطِ وَتَقْلِيمُ الْأَظْفَارِ وَقَصُّ الشَّارِبِ» {رواه البخاري: 5889 ومسلم: 257} Пайгамбар (ага Алланын салават — саламдары болсун) айтты: «Беш нерсе фитраттан: сүннөткө отургузуу, жыныстык мүчөнүн айланасындагы түктөрдү тазалоо, колтуктун астындагы түктөрдү жулуу, тырмактарды алуу жана мурутту …

толук окуу »

Мисвак жыгачын колдонуу адеби

Мисвак жыгачын колдонуу бул – сүннөт. قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «السِّوَاكُ مَطْهَرَةٌ لِلْفَمِ مَرْضَاةٌ لِلرَّبِّ» {رواه البخاري: 27} Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Мисвак бул – оозду тазалоочу жана Алла Тааланы ыраазы кылуучу (өсүмдүк)»    (Бухарий: 27)  Кээ бир убакыттарда мисвак колдонуу мустахаб (жакшы көрүлгөн) болот. Алардын кээ бирлерин айта кетсек: 1. Уйкудан турган учурда. Себеби, …

толук окуу »

Даараткананын ичинде жана бүткөндө аткарыла турган адеп

II – бөлүк: Даараткананын ичинде аткарыла турган адеп. 1. Сөөк жана айбандардын тезеги (кыгы) менен тазалоого болбойт. قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَا تَسْتَنْجُوا بِالرَّوْثِ وَلَا بِالْعِظَامِ فَإِنَّهُ زَادُ إِخْوَانِكُمْ مِنْ الْجِنِّ» {رواه مسلم: 450 والترمذي: 18} Алланын элчиси (ага Алланын салават — саламдары болсун)айтты: «Тезек (кык) жана сөөк менен тазаланбагыла! Анткени ал жиндерден болгон (мусулман) бир тууганыңардын …

толук окуу »

Ажатканага кирүүдөн мурун боло турган адеп

Ажат өтөө адеби Ал үч бөлүктөн турат: I – бөлүк:  Ажатканага кирүүдөн мурун боло турган адеп. 1.  Ажатканага баруучу адам эгерде ээн жерде болсо, адамдардын көзүнөн алыс, далдаа болгон жерди издөө керек. قال جَابِرِ بْنِ عَبْدِ اللَّهِ رضي الله عنهما: «أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ إِذَا أَرَادَ الْبَرَازَ انْطَلَقَ حَتَّى لَا يَرَاهُ أَحَدٌ»  {رواه أبو داود: 2 وابن …

толук окуу »
САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!