Даараткананын ичинде жана бүткөндө аткарыла турган адеп

II – бөлүк: Даараткананын ичинде аткарыла турган адеп.

1. Сөөк жана айбандардын тезеги (кыгы) менен тазалоого болбойт.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَا تَسْتَنْجُوا بِالرَّوْثِ وَلَا بِالْعِظَامِ فَإِنَّهُ زَادُ إِخْوَانِكُمْ مِنْ الْجِنِّ» {رواه مسلم: 450 والترمذي: 18}

Алланын элчиси (ага Алланын салават — саламдары болсун)айтты: «Тезек (кык) жана сөөк менен тазаланбагыла! Анткени ал жиндерден болгон (мусулман) бир тууганыңардын азык – заты».                          (Муслим: 450. Тирмизий: 18)

Ошондой эле, пайдалуу нерселер менен аарчуу мүмкүн эмес. Мис: кездеме, актай барак ж.б.у.с. нерселер менен.

2. Тазалоодо оң колду колдонбоо керек. Ошондой эле, заара кылып жатканда жыныстык мүчөнү оң кол менен кармабоо керек.

قال رَسُولُ اللَّهِ  صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَا يُمْسِكَنَّ أَحَدُكُمْ ذَكَرَهُ بِيَمِينِهِ وَهُوَ يَبُولُ وَلَا يَتَمَسَّحْ مِنْ الْخَلَاءِ بِيَمِينِهِ» {رواه البخاري: 153 ومسلم: 267}

Алланын элчиси (ага Алланын салават — саламдары болсун) айтты: «Силердин бириңер заара кылып жатканда жыныстык мүчөсүн оң колу менен кармабасын! Жана (арт жагын) оң колу менен тазалабасын»!

(Бухарий: 153. Муслим: 267)

3. Тазалаганда үчтөн кем болбогон таш менен тазалоо мустахаб. Эгер таза болбосо, так сандагы таштарды колдонуу мустахаб. (беш же жети  таш менен тазаласа жакшы болот).

قال سلمانُ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ: «لَقَدْ نَهَانَا رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنْ نَسْتَقْبِلَ الْقِبْلَةَ لِغَائِطٍ أَوْ بَوْلٍ أَوْ أَنْ نَسْتَنْجِيَ بِالْيَمِينِ أَوْ أَنْ نَسْتَنْجِيَ بِأَقَلَّ مِنْ ثَلَاثَةِ أَحْجَارٍ أَوْ أَنْ نَسْتَنْجِيَ بِرَجِيعٍ أَوْ بِعَظْمٍ» {رواه مسلم: 262 وأبو داود: 7 والترمذي: 16}

Салман (Алла андан ыраазы болсун) айтты: «Чынында бизди Алланын элчиси (ага Алланын салават — саламдары болсун) Кыбланы карап ажат өтөөдөн, оң кол менен тазалоодон, үчтөн аз таш менен, тезек жана сөөк менен тазалоодон кайтарган».                                                         (Муслим: 262. Абу Давуд: 7. Тирмизий: 16)

4. Тазаланууда биринчи таш же анын ордуна колдонула турган нерсе мисалы, даарат кагазын колдонуп андан кийин суу колдонсо жакшы абалда тазаланат. Ал эми экөөнү (таш же даарат кагазы менен сууну) абалга карап бирин колдонсо да болот.

(Өзгөчө тоолуу жерлерде суу менен жууганда абайлоо керек. Анткени жуугандан кийин кургактабаса, ооруп калуусуна себеп болушу мүмкүн. Ал эми, Аллах Таала болсо, бизди ден – соолугубузга кароого, өзүбүздү — өзүбүз өлүмгө алып барбоого буюрган).

قَالَتْ عَائِشَةُ رَضِيَ اللهُ عنها: «مُرْنَ أَزْوَاجَكُنَّ أَنْ يَسْتَطِيبُوا بِالْمَاءِ فَإِنِّي أَسْتَحْيِيهِمْ فَإِنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ يَفْعَلُهُ»                         {رواه الترمذي: 19 والنسائي: 46}

Айша (Алла андан ыраазы болсун) айтты: «Күйөөңөргө айткыла, суу менен жуушсун! Мен аларга айтуудан уялам. Себеби Алланын элчиси (ага Алланын салават — саламдары болсун) ошондой кылаар эле».                    (Тирмизий: 19. Насаий: 46)

III – бөлүк: Тазаланып бүткөндөн кийинки адеп.

1.  Дааратканадан чыгаарда оң бут менен чыгуу керек. Анткени Алланын элчиси  (ага Алланын салават — саламдары болсун) ошондой кылаар эле.

2.  Чыккандан кийин төмөнкү дубаны айтуу керек.

قَالَتْ عَائِشَةُ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهَا: «كَانَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِذَا خَرَجَ مِنْ الْخَلَاءِ قَالَ غُفْرَانَكَ» {رواه أبو داود: 30 والترمذي: 7}

Айша (Алла андан ыраазы болсун) айтты: «Пайгамбар (ага Алланын салават — саламдары болсун) дааратканадан чыкканда (Оо, Аллах! күнөөлөрүмдү) кечиргин деп айтаар эле».                        (Абу Давуд: 30. Тирмизий: 7. Ибну Мажа: 300)

Бул жакты да көргүлө

Алла Тааланын динине чакыруу (даават кылуу) адеби

Алла Тааланын динине даават кылуучу (чакыруучу) адам Алла тарабынан түшкөн акыйкатты кайдыгерге (бейкапарга) эскертүү, билбегенге …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!