Истихара жасоо адеби

  Мусулман адамдын аткарууда жана калтырууда ыктыярдуу болгон ар бир ишти баштаардан мурда истихаара жасоосу сүннөт.

Истихаара жасооону каалаган (мусулман) адам парз болбогон эки рекет намаз окуп, андан кийин өзгөчө (истихаара дубасы) менен бүтүрөт. Ал дубада өзүнүн алсыздыгын, илиминин аздыгын жана келечекти билбестигин мойунга алып, Алла Таалага кайрылып, жаманынан алыстатып, эки дүйнө жакшылыгына жеткире турган ишти көңүлүнө салып, аны жеңил кылуусун суранып дуба кылат.

قَالَ جَابِرُ بْنُ عَبْدِ اللَّهِ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا: «كَانَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ  يُعَلِّمُنَا الِاسْتِخَارَةَ فِي الْأُمُورِ كُلِّهَا كَمَا يُعَلِّمُنَا السُّورَةَ مِنْ الْقُرْآنِ يَقُولُ إِذَا هَمَّ أَحَدُكُمْ بِالْأَمْرِ فَلْيَرْكَعْ رَكْعَتَيْنِ مِنْ غَيْرِ الْفَرِيضَةِ ثُمَّ لِيَقُلْ اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْتَخِيرُكَ بِعِلْمِكَ وَأَسْتَقْدِرُكَ بِقُدْرَتِكَ وَأَسْأَلُكَ مِنْ فَضْلِكَ الْعَظِيمِ فَإِنَّكَ تَقْدِرُ وَلَا أَقْدِرُ وَتَعْلَمُ وَلَا أَعْلَمُ وَأَنْتَ عَلَّامُ الْغُيُوبِ اللَّهُمَّ إِنْ كُنْتَ تَعْلَمُ أَنَّ هَذَا الْأَمْرَ خَيْرٌ لِي فِي دِينِي وَمَعَاشِي وَعَاقِبَةِ أَمْرِي أَوْ قَالَ عَاجِلِ أَمْرِي وَآجِلِهِ فَاقْدُرْهُ لِي وَيَسِّرْهُ لِي ثُمَّ بَارِكْ لِي فِيهِ وَإِنْ كُنْتَ تَعْلَمُ أَنَّ هَذَا الْأَمْرَ شَرٌّ لِي فِي دِينِي وَمَعَاشِي وَعَاقِبَةِ أَمْرِي أَوْ قَالَ فِي عَاجِلِ أَمْرِي وَآجِلِهِ فَاصْرِفْهُ عَنِّي وَاصْرِفْنِي عَنْهُ وَاقْدُرْ لِي الْخَيْرَ حَيْثُ كَانَ ثُمَّ رَضِّنِي بِهِقَالَ وَيُسَمِّي حَاجَتَهُ» {رواه البخاري: 1166}

 Жаабир бин Абдулла (Алла ал экөөнөн тең ыраазы болсун) айтты: «Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) Куран сүрөөлөрүн үйрөткөндөй, бизге бардык (дүйнө) иштеринде истихаараны үйрөтүп, мындай дээр эле: «Эгерде, силердин бирөөңөр кандайдыр бир ишти баштоону кааласа, парз болбогон эки рекет намаз окусун да, андан кийин мындай десин: «Оо, Аллахым! Мен Сенин илимиңден (Сенден) жакшылык тилейм! Сенин кудурет-күчүңдөн жардам сурайм. Мени Сенин улук пазилетиңди (көп-мол ниъматыңды) сурайм! Мен өз тагдырымды өзүм жаратпайм. Аны, Сен жаратасың (пенделерге билинбеген кабарларды) эң жакшы Билүүчүсүн! Оо, Аллахым! Эгер бул иштин аягы менин диним жана жашоом үчүн жакшылык болсо, аны мага буйур, жеңил-берекелүү кыл жана тагдырыма айландыр! Ал эми, бул иштин акыбети менин диниме жана дүйнөлүк жашоомо жамандык болчу болсо, аны менден, мени андан буруп жибер жана мага жакшылың кайда экенин көргөзүп, ыраазы кыл! Айтты: (анан) муктаждыгын айтат»      (Бухарий: 1166) 

Бул жакты да көргүлө

Алла Тааланын динине чакыруу (даават кылуу) адеби

Алла Тааланын динине даават кылуучу (чакыруучу) адам Алла тарабынан түшкөн акыйкатты кайдыгерге (бейкапарга) эскертүү, билбегенге …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!