Достор менен болгон адеп

Адамга достун таасири чоң болгондуктан, мусулман адам жакшы дос тандоого аракет кылуусу керек. Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) жакшы достун пайдаларын жана жаман достун зыяндарын баяндап мындай деген:

قَالَ رَسُولُ اللهِ  صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَثَلُ الْجَلِيسِ الصَّالِحِ وَ الْجَلِيسِ السَّوْءِ كَحَامِلِ الْمِسْكِ ، وَنَافِخِ الْكِيرِ ، فَحَامِلُ الْمِسْكِ ، إِمَّا أَنْ يُحْذِيَكَ ، وَإِمَّا أَنْ تَبْتَاعَ مِنْهُ ، وَإِمَّا أَنْ تَجِدَ مِنْهُ رِيحًا طَيِّبَةً ، وَنَافِخُ الْكِيرِ ، إِمَّا أَنْ يُحْرِقَ ثِيَابَكَ ، وَإِمَّا أَنْ تَجِدَ رِيحًا خَبِيثَةً » {رواه البخاري: 2101}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Жакшы достун мисалы менен жаман достун мисалы, миск сатуучу менен көөрүк үйлөөчүнүн мисалындай: Миск сатуучу же сага миск тартуу кылат же сен андан миск сатып аласың же андан жакшы жыт табасың, Көөрүк үйлөөчү болсо, же кийиминди күйгүзөт же сен андан жаман жыт табасың».                                                                                                                  (Бухарий: 2101)

Мусулман адам досторунун арасында төмөнкү адептерди сактоосу зарыл:

1.  Алла ыраазылыгы үчүн жакшы көрүп достошуу. Мына ушул достук чыныгы достук болуп эсептелет. Алла Таала бири — бирин Алла үчүн жакшы көргөн досторду Кыямат Күнүндө Өз (аршынын) көлөкөсүнө алууга убада берген.

قَالَ رَسُولُ اللهِ  صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «سَبْعَةٌ يُظِلُّهُمُ اللَّهُ فِى ظِلِّهِ يَوْمَ لاَ ظِلَّ إِلاَّ ظِلُّهُ الإِمَامُ الْعَادِلُ وَشَابٌّ نَشَأَ بِعِبَادَةِ اللَّهِ وَرَجُلٌ قَلْبُهُ مُعَلَّقٌ فِى الْمَسَاجِدِ وَرَجُلاَنِ تَحَابَّا فِى اللَّهِ اجْتَمَعَا عَلَيْهِ وَتَفَرَّقَا عَلَيْهِ» {رواه مسلم: 1031}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Алла Таала Өзүнүн көлөкөсүнөн башка көлөкө жок күндө (Кыямат Күнүндө) жети (түрдүү) адамды Өз (аршынын) көлөкөсүнө алат: Адилеттүү башчыны, Алла Тааланын ибадатында өскөн жигитти, жүрөгү мечиттерге байланган кишини, Алла үчүн бири — бирин жакшы көрүп, Алла үчүн топтолуп, Алла үчүн таркап кеткен эки кишини (досту) … ».                                                                  (Муслим: 1031)

قَالَ رَسُولُ اللهِ  صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «ثَلَاثٌ مَنْ كُنَّ فِيهِ وَجَدَ حَلَاوَةَ الْإِيمَانِ أَنْ يَكُونَ اللَّهُ وَرَسُولُهُ أَحَبَّ إِلَيْهِ مِمَّا سِوَاهُمَا وَأَنْ يُحِبَّ الْمَرْءَ لَا يُحِبُّهُ إِلَّا لِلَّهِ وَأَنْ يَكْرَهَ أَنْ يَعُودَ فِي الْكُفْرِ بَعْدَ أَنْ أَنْقَذَهُ اللَّهُ مِنْهُ كَمَا يَكْرَهُ أَنْ يُقْذَفَ فِي النَّارِ» {رواه البخاري: 16 ومسلم: 43-67}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимде үч (сыпат) бар болсо, анда ал ыймандын даамын татыптыр: Алла жана Анын элчиси ага баардык нерселерден сүйкүмдүүрөөк болсо, бирөөнү Алла үчүн гана жакшы көрсө, жана өзүнүн тозоко түшүүсүн жаман көргөндөй, Алла Таала аны каапырлыктан куткаргандан кийин кайра каапырлыка кайтып кетүүсүн жаман көрсө».                                                                    (Бухарий: 16. Муслим: 43-67)

2.  Эгерде муктаж болсо, материалдык жактан көмөк көрсөтүп, Алла үчүн диндеги ага — инилик милдетин аткаруу. Дин жана дүйнө иштеринде жардам берип, ага насаат айтуу.

3.  Тилин ага жаман сөз айтуудан сактап, ага жакшы гана сөз айтуу.

4.  Анын сырларын сактап, анча — мынча пенделик кылып кетирген кемчиликтерин кечире (көтөрө) билүү.

5.  Жаман достон алыс болуу. Анткени, ал жаман ишке барууга түрткү болот.

Тозок ээлеринин кээ бирлери жөнүндө Алла Таала мындай деген:

قال تعالى: ﴿يَا وَيْلَتَا لَيْتَنِي لَمْ أَتَّخِذْ فُلَانًا خَلِيلًا لَقَدْ أَضَلَّنِي عَنِ الذِّكْرِ بَعْدَ إِذْ جَاءَنِي﴾ (الفرقان: 28-29)

Алла Таала айтты: «Өлүм болсун мага, мен баланчаны дос тутпаганымда кана! Чындыгында, мага эскертме — Куран келгенден кийин, ошол (баланча) мени жолдон адаштырды».                                                                (Фуркаан : 28-29)

Бул жакты да көргүлө

Алла Тааланын динине чакыруу (даават кылуу) адеби

Алла Тааланын динине даават кылуучу (чакыруучу) адам Алла тарабынан түшкөн акыйкатты кайдыгерге (бейкапарга) эскертүү, билбегенге …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!