Алла Таала башка бирөөлөрдүн үйүнө уруксатсыз кирүүдөн кайтарган.
قال تعالى: ﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا لَا تَدْخُلُوا بُيُوتًا غَيْرَ بُيُوتِكُمْ حَتَّى تَسْتَأْنِسُوا وَتُسَلِّمُوا عَلَى أَهْلِهَا ذَلِكُمْ خَيْرٌ لَكُمْ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ فَإِنْ لَمْ تَجِدُوا فِيهَا أَحَدًا فَلَا تَدْخُلُوهَا حَتَّى يُؤْذَنَ لَكُمْ وَإِنْ قِيلَ لَكُمُ ارْجِعُوا فَارْجِعُوا هُوَ أَزْكَى لَكُمْ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ عَلِيمٌ﴾ (النور: 27-28)
Алла Таала айтты: «Оо, ыйман келтирген пенделер! Өз үйүңөрдөн башка үйлөргө уруксат сурамайынча жана үй ээлерине салам бермейинче кирбегиле. Мына ушу силер үчүн жакшыраак. Балким, эскертме-өрнөк алаарсыңар. Эми эгер ал (үйлөрдө) эч кимди таппасаңар, андай учурда силерге уруксат берилмейинче, кирбегиле! Эгер силерге “кайткыла” делинсе (кирүүгө уруксат берилбесе), кайтып кеткиле! Ушул силер (нафсиңер) үчүн тазараак. Алла Таала кылып жаткан ишиңерди Билүүчү». (Нур: 27-28)
Уруксат суроонун бир канча адептери бар. Ислам дини мусулмандын ошол адептер менен кооздонууга буюрат (үндөйт).
Алардын кээ бирлери төмөнкүлөр:
1. Уруксат сураган учурда эшиктин тушуна турбастан, оң же сол жагына туруу. Анткени, Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) ушундай кылаар эле.
قال عبد الله بن بسر رضي الله عنه: « أن النبي صلى الله عليه وسلم إذا أتى بابا يريد أن يستأذن لم يستقبله جاء يمينا وشمالا فإن أذن له وإلا انصرف» {رواه البخاري في الأدب المفرد باب كيف يقوم عند الباب: 1078}
Абдулла бин Буср (Алла андан ыраазы болсун) айтты: «Пайгамбар (ага Алланын салават-саламдары болсун) эшиктин (жанына) уруксат суроону каалап келгенде, тушунан келбестен оң же сол жагынан келген. Уруксат берилсе (кирип), берилбесе кетип калчу». (Бухарий, Адаб ал-муфрад китеби: 1078)
Анткени уруксат суроо, көздү арамдан сактоо үчүн парз кылынган.
قال رَسُولُ اللَّهِصَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: « إِنَّمَا جُعِلَ الِاسْتِئْذَانُ مِنْ أَجْلِ الْبَصَرِ» {رواهالبخاري: 6901 ومسلم: 2156 والترمذي: 2709}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Уруксат суроо, көз(дү арамдан сактоо) үчүн гана парз кылынган»
(Бухарий: 6901. Муслим: 2156. Тирмизий: 2709)
2. Салам берүү, андан кийин уруксат суроо. Демек, саламдан мурда уруксат суроо туура болбойт.
قَالَ رِبْعِيُّ حَدَّثَنَا رَجُلٌ مَنْ بَنِي عَامِرٍ أَنَّهُ اسْتَأْذَنَ عَلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَهُوَ فِي بَيْتٍ فَقَالَ أَلِجُ فَقَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لِخَادِمِهِ اخْرُجْ إِلَى هَذَا فَعَلِّمْهُ الِاسْتِئْذَانَ فَقُلْ لَهُ قُلْ السَّلَامُ عَلَيْكُمْ أَأَدْخُلُ فَسَمِعَهُ الرَّجُلُ فَقَالَ السَّلَامُ عَلَيْكُمْ أَأَدْخُلُ فَأَذِنَ لَهُ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَدَخَلَ» {رواه أبو داود: 5166 والبيهقي 8/340}
«Рибий (Алла андан ыраазы болсун)айтты: Бизге бани Аамир уруусунан (болгон) бир киши пайгамбарга (ага Алланын салават-саламдары болсун) кирүүгө уруксат сурагандыгын баяндап (айтты): ал (ага Алланын салават-саламдары болсун) үйдө эле. Кирейинби? – десем. Пайгамбар (ага Алланын салават-саламдары болсун) кызматчысына мындай деди: «бул кишиге чыккын да, ага уруксат суроону(н адебин) үйрөтүп айткын: Ас-саллааму алайкум, кирейинби? деп айтсын. Ал киши аны угаар замат Ас-саллааму алайкум, кирейинби? деди. Пайгамбар (ага Алланын салават-саламдары болсун) кирүүгө уруксат берээри менен кирип келди» (Абу Давуд: 5166. Байхакий: 8/340)
3. Уруксат сураган адамга «сен кимсиң?» — деп айтылса, (эл арасында белгилүү болгон) өз атын, же кунясын айтуу. Ачык болбогон (белгисиз) сөздөрдү айтпоо. Мисалы: «мен», «биз» ж.б.у.с. Анткени, пайгамбар (ага Алланын салават-саламдары болсун) «мен»-деп жооп бергенди жаман көргөн.
قَالَ جَابِرُ بْنُ عَبْدِ اللَّهِ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا: «أَتَيْتُ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَدَقَقْتُ الْبَابَ فَقَالَ مَنْ ذَا؟ فَقُلْتُ أَنَا. فَقَالَ أَنَا أَنَا. كَأَنَّهُ كَرِهَهَا» (رواه البخاري: 6250 ومسلم: 2155)
Жаабир бин Абдулла (Алла ал экөөнөн тең ыраазы болсун) айтты: «Пайгамбарга (ага Алланын салават-саламдары болсун) келип, эшикти такылдаттым. «бул ким?»-деди. «мен» дедим. Жаман көргөндөй (сен кимсиң дегенсип) «мен, мен»-деди» (Бухарий: 6250. Муслим: 2155)
4. Үч жолудан ашык уруксат сурабоо.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «الِاسْتِئْذَانُ ثَلَاثٌ، فَإِنْ أُذِنَ لَكَ، وَإِلَّا فَارْجِعْ» (رواه البخاري: 2062 ومسلم: 2154 وأبو داود: 5181)
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Уруксат суроо үч жолу гана. Уруксат берилсе (киргин) берилбесе, кайтып кет».
(Бухарий: 2062. Муслим: 2154. Абу Давуд: 5181)
5. Уруксат сураган учурда, «кайтып кет!»-деп айтылса, ачууланбастан кайтып кетүү. Анткени, ал ошону менен Алла Тааланын буйругун аткарган болот.
قال تعالى: ﴿وَإِنْ قِيلَ لَكُمُ ارْجِعُوا فَارْجِعُوا هُوَ أَزْكَى لَكُمْ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ عَلِيمٌ﴾ (النور: 28)
Алла Таала айтты: «Эгер силерге «кайткыла» делинсе (кирүүгө уруксат берилбесе), кайтып кеткиле! Ушул силер (нафсиңер) үчүн тазараак. Алла Таала кылып жаткан ишиңерди Билүүчү». (Нур: 28)
Ошондой эле уруксат суроо үй ичиндеги кызматчыларга жана балагатка (эрезеге) жетпеген балдарга да милдет (парз) болуп эсептелет.
Алар ата-энелерин жана кожоюндарынын бөлмөлөрүнө төмөнкү үч убакытта уруксат менен гана киришет:
- Багымдат (эртең мененки) намазынан мурда.
- Кайлула (түшкү эс алуу) учурунда.
- Куптан намазынан кийин.
Бул үч убакыт жалгыз болуу (эс алуу) убактысы болгондуктан, көздөрү арам кылынган нерсеге түшүп калбоо үчүн Алла Таала уруксатсыз кирүүдөн кайтараган.
Мындан башка учурларда, андай коркунуч болбогондуктан уруксатсыз кирүүлөрү дурус.
قال تعالى: ﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لِيَسْتَأْذِنْكُمُ الَّذِينَ مَلَكَتْ أَيْمَانُكُمْ وَالَّذِينَ لَمْ يَبْلُغُوا الْحُلُمَ مِنْكُمْ ثَلَاثَ مَرَّاتٍ مِنْ قَبْلِ صَلَاةِ الْفَجْرِ وَحِينَ تَضَعُونَ ثِيَابَكُمْ مِنَ الظَّهِيرَةِ وَمِنْ بَعْدِ صَلَاةِ الْعِشَاءِ ثَلَاثُ عَوْرَاتٍ لَكُمْ لَيْسَ عَلَيْكُمْ وَلَا عَلَيْهِمْ جُنَاحٌ بَعْدَهُنَّ طَوَّافُونَ عَلَيْكُمْ بَعْضُكُمْ عَلَى بَعْضٍ كَذَلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمُ الْآيَاتِ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ﴾ (النور: 58)
Алла Таала айтты: «Оо, ыйман келтирген пенделер! Кол астыңардагы (кул жана күңүңөр) ошондой эле өзүңөрдүн балакатка жетпеген (балаңар) үч убак (алдыңарга кирүү үчүн) силерден уруксат сурашсын, багымдат намазынан мурун, бешим убактысында (ысыктан) кийимиңерди чечкен чагыңарда жана куптан намазынан кийин. (Бул үч убакыт) силердин абийирдүү жериңер (ачык болушу мүмкүн убактылар). Алар ошол (убакыттардан) кийин (уруксат сурабай киришсе), силерге да, аларга да күнөө жок. (Себеби) алар силерге, бириңер-бириңерге келип-кетип туруучусуңар. Алла аяттарды силерге, мына ушундайча баян кылат. Алла Таала Билүүчү жана Даанышман» (Нур: 58)