Алланын элчиси менен болгон адеп

Алланын элчиси менен болгон адеп, бул Алла Тааланын мусулман пенделерине буйурган буйругу. Пайгамбарга баш ийүү Алла Таалага баш ийүү экендигин (бекемдеп) тастыктап, Алла Таала Куранда мындай деген:

قال تعالى: ﴿مَنْ يُطِعِ الرَّسُولَ فَقَدْ أَطَاعَ اللَّهَ وَمَنْ تَوَلَّى فَمَا أَرْسَلْنَاكَ عَلَيْهِمْ حَفِيظًا﴾  (النساء: 80)

Алла Таала айтты: «Кимде – ким пайгамбарга моюн сунса, демек, Аллага моюн сунганы. Ким баш тартса, (өзүнө гана зыян). Биз сени алардын үстүнөн кароолчу кылып жөнөткөн эмеспиз»[1].                                                                (Ниса: 80)

Алла Таала башка бир аятта пайгамбарга (ага Алланын салават-саламдары болсун) кайрылган учурда же анын астында башкалар менен сүйлөшкөн учурда үндү анын үнүнөн бийик көтөрбөөгө жана аны урматтоого буйуруп мындай деген:

قال تعالى: ﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا لَا تَرْفَعُوا أَصْوَاتَكُمْ فَوْقَ صَوْتِ النَّبِيِّ وَلَا تَجْهَرُوا لَهُ بِالْقَوْلِ كَجَهْرِ بَعْضِكُمْ لِبَعْضٍ أَنْ تَحْبَطَ أَعْمَالُكُمْ وَأَنْتُمْ لَا تَشْعُرُون﴾  (الحجرات:2)

Алла Таала айтты: «Оо, ыйман келтирген пенделер!  (кылган жакшы) иштериңер өзүңөр сезбеген абалыңарда жок болуп калбастыгы үчүн силер (пайгамбар менен сүйлөшкөн учурларыңарда), үнүңөрдү пайгамбардын үнүнөн жогору көтөрбөгүлө жана бири-бириңерге кыйкырып сүйлөгөндөй ага кыйкырып сүйлөбөгүлө»!                                                                                           (Хужурат: 2)

Алланын элчиси менен болгон адептин кээ бирлерин айта кетсек:

1.  Ичинде да, сыртында да пайгамбардын (ага Алланын салават-саламдары болсун) сүннөтүн бекем кармап, анын буйруктарын аткаруу жана ал кайтарган нерселерден тыйылуу.

قال تعالى: ﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا أَطِيعُوا اللَّهَ وَأَطِيعُوا الرَّسُولَ وَلَا تُبْطِلُوا أَعْمَالَكُمْ﴾  (محمد: 33)

Алла Таала айтты: «Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллага моюн сунгула! Пайгамбарга моюн сунгула! Жана (Аллага шерик кошуу, рия жана күнөө кылуу менен) амалыңарды  бекер-бейпайда (соопсуз) кылып албагыла»!

            (Мухаммад: 33)                                      

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «كُلُّ أُمَّتِي يَدْخُلُونَ الْجَنَّةَ إِلَّا مَنْ أَبَى قَالُوا يَا رَسُولَ اللَّهِ وَمَنْ يَأْبَى قَالَ مَنْ أَطَاعَنِي دَخَلَ الْجَنَّةَ وَمَنْ عَصَانِي فَقَدْ أَبَى» {رواه البخاري: 728}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: »Баш тарткандардан башка менин үммөтүмдүн баары бейишке кирет. (сахабалар) айтышты: «Оо, Алланын элчиси! (бейишке кирүүдөн) ким баш тартат»? айтты: «Ким мага баш ийсе, бейишке кирет. Ал эми, ким баш ийбесе, чынында ал баш тартты«.                                                                                                                       (Бухарий: 728)

2.  Алланын элчисин өзүнүн жанынан да, балдарынан да, ата-энесинен да жана башка адамдардын баарынан артыкча жакшы көрүү . Мына ошондо гана пенденин ыйманы толук болот.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ  صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «وَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ لَا يُؤْمِنُ أَحَدُكُمْ حَتَّى أَكُونَ أَحَبَّ إِلَيْهِ مِنْ وَلَدِهِ وَوَالِدِهِ وَالنَّاسِ أَجْمَعِينَ»                {رواه البخاري: 15 ومسلم : 44}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Менин жаным Анын колунда болгон Зат(ка касам)  менен ант берем, силердин эч кимиңер мени өз баласынан, өз атасынан жана башка, баардык адамдардан жакшы көрмөйүнчө толук ыймандуу болбойт»                                 (Бухарий: 15. Муслим: 44)

3. Пайгамбарга (ага Алланын салават-саламдары болсун) көп салават айтуу.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ  صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ : «مَنْ صَلَّى عَلَيَّ صَلَاةً صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ بِهَا عَشْرًا»  {رواه مسلم: 14}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимде-ким мага бир салават айтса, Алла Таала ага он салават айтат»         (Муслим: 14)

Ал эми, анын аталган кезде, ага салават айтуу ваажип (милдет) болот.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ  صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «رَغِمَ أَنْفُ رَجُلٍ ذُكِرْتُ عِنْدَهُ فَلَمْ يُصَلِّ عَلَيَّ» {رواه الترمذي: 3545}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Менин атым аталган кезде мага салават айпаган адамдын мурду жер сүзсүн (кор болсун)»                                                                                                     (Тирмизий: 3545)  

4. Шариятка, пайгамбар (ага Алланын салават-саламдары болсун) буйурбаган – жаңы нерселерди (бидат) киргизүүдөн жана ага амал кылуудан сактануу (алыс болуу) . Анткени пайгамбар (ага Алланын салават-саламдары болсун) динди бизге толугу менен жеткирген. Биздин, динге эч кандай алымча-кошумча киргизүүгө муктаждыгыбыз да, акыбыз да жок.

قال تعالى: ﴿الْيَوْمَ أَكْمَلْتُ لَكُمْ دِينَكُمْ وَأَتْمَمْتُ عَلَيْكُمْ نِعْمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ الْإِسْلَامَ دِينًا﴾ (المائدة: 3)

Алла Таала айтты: «Бүгүн силерге диниңерди толук кылдым, жакшылыгымды кемчиликсиз, толук кылып бердим жана силер үчүн исламды (гана) дин кылып тандадым».                                                                                                               (Мааида: 3)

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَنْ أَحْدَثَ فِي أَمْرِنَا هَذَا مَا لَيْسَ مِنْهُ فَهُوَ رَدٌّ» {رواه البخاري: 2697  ومسلم: 1718 وأبو داود: 4606 وابن ماجه: 14} وفي رواية لمسلم «مَنْ عَمِلَ عَمَلًا لَيْسَ عَلَيْهِ أَمْرُنَا فَهُوَ رَدٌّ»

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимде — ким, биздин динибизге,андан болбогон нерсени (бидатты) киргизсе, ал (өз ээсине) кайтарылат». (б.а. кабыл болбойт)                           (Бухарий: 2697. Абу Давуд: 4606)

Имам Муслимдин бир риваятында мындай келген: «Кимде — ким, биздин динибизде болбогон бир амалды кылса, ал (өз ээсине) кайтарылат». (б.а. кабыл болбойт)                                                                             (Муслим: 1718)

5. Пайгамбар (ага Алланын салават-саламдары болсун) дос туткан адамдарды дос тутуп, душман санаган адамдарды душман деп билүү (душман саноо). Ал ыраазы болгон нерселерге ыраазы болуп, ачууланган нерселерге ачуулануу.

6. Пайгамбарды (ага Алланын салават-саламдары болсун) Алла Таала койгон даражадан жогору даражага көтөрбөө. Пайгамбарыбыздан (ага Алланын салават-саламдары болсун) жардам суроо, ага кайрылып дуба кылуу ж.б.у.с. Алла Таалага гана арнала турган  ибадаттарды (амалдарды) ага арноо, пайгамбарды (ага Алланын салават-саламдары болсун) жакшы көрүү да, аны менен болгон адеп да болуп эсептелбейт. Мына ушул нерсени тастыктап (бекемдеп) Пайгамбар (ага Алланын салават-саламдары болсун) мындай деген:

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَا تُطْرُونِي كَمَا أَطْرَتْ النَّصَارَى ابْنَ مَرْيَمَ فَإِنَّمَا أَنَا عَبْدُهُ فَقُولُوا عَبْدُ اللَّهِ وَرَسُولُهُ»       {رواه البخاري: 3445}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Христиандар Марямдын уулун (Исаны) ашыра — чаап мактагандай мени да ашыра — чаап мактабагыла! Болгону мен Анын кулумун. Ошондуктан, (мени) Алланын кулу жана элчиси — деп айткыла»!                                        (Бухарий: 3445)


[1] Пайгамбардын милдети Алла Тааланын буйруктарын дал өзүндөй кылып, эч нерсе кошпой жана кемитпей, жеткирүү гана. Мына ошондуктан ким Пайгамбарга моюн сунса Алла Таалага моюн сунган болот. Ал эми, баш тарткандар менен Алла Таала Өзү эсептешип алат.

Бул жакты да көргүлө

Алла Тааланын динине чакыруу (даават кылуу) адеби

Алла Тааланын динине даават кылуучу (чакыруучу) адам Алла тарабынан түшкөн акыйкатты кайдыгерге (бейкапарга) эскертүү, билбегенге …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!