Жин-шайтандардын ааламы.

Жиндердин ааламы адамдардын ааламынан айырмаланып, башка ааламды түзөт. Бирок жиндер менен адамдардын ортосунда окшоштуктар дагы бар. Мисалы: ой жүгүртүү, каапыр- мусулман болуп, жакшы жол менен жаман жолду тандоо, тамак-аш жеп, суусундуктарды ичүүдө, эркек-ургаачы болуп, жыныстык жол менен кошулуп, тукумдарын көбөйтүүдө жана бир Аллахка гана сыйынып, ага шериктерди кошпоодо алар дагы адамдардай эле милдеттүү. Аллах айтат: «Мен жиндер менен адамдарды өзүмө гана ибадат кылуулары үчүн жараттым» Зарийат:56. Бирок, алар адамдардан бир нече сыпаттар менен айырмаланат. Мисалы: жиндердин баштапкы жаралышы оттон, адамдар болсо топурактан, жиндер аркандай түзүлүштөргө өзгөрүлө алат, анткени аларда туруктуу дене жок, ал эми адамдар бир калыптуу. Аллах айтат: » Албетте, Биз инсанды шыгыраган кургак чоподон жараттык. Ал эми жиндерди андан (адамдан) мурун түтүнсүз кызыган оттон жараттык» Хижир:26-27.

Муслимдин хадисинде Аиша энебизден рибаят: Мухаммад (Аллах Ага дубай саламдарын жолдосун! ) айтты: «Периштелер нурдан жаралган, жиндер — түтүнсүз кызыган оттон жаралган, ал эми адам силерге кантип баяндалса, ошол нерседен жаралган» .

Жин деп аталып калгандарынын себеби:

Жин деген сөз арап тилинин (ижтинан) деген сөзүнөн келип чыккан, мунун мааниси — жалпы адамдардын көздөрүнө көрүнбөгөн зат дегенди түшүндүрөт. Ошентип алар бизди көрөт, бирок биз аларды көрө албайбыз Аллах айтат: «Ал (Иблис) жана анын (жин шайтандардан болгон) тобу силерди, силер көрбөгөн тараптан көрүп турушат. Чынында, Биз шайтандарды ыйман келтирбеген адамдарга санаалаш-дос кылып койдук» Аараф:27.

Жиндердин түрлөрү:
Пайгамбар Мухаммад (Аллах Ага дубай саламдарын жолдосун! ) айтты: «Жиндердин үч түрү бар: биринчи түрү — асманда учуп жүрөт, экинчи түрү- жылаандар менен иттер, үчүнчү түрү — ар жерлерде саякаттап жүрүүчү жиндер» Табрани, Хаким, Бейхакий: «Асма ва Сифат» деген китебинде баяндайт. Бул хадисти Албани туура деген «Сахих Ал-Жами»3 т, 85 б.

Бул хадисте жылаандар менен иттер деген сүйлөмдүн түпкү мааниси — сойлоп жүргөн жылаандар менен иттердин баардык түрлөрүн жиндер деп айтууга болбойт. Жиндерге гана тиешелүү жылаандар менен иттерди пайгамбар (Аллах Ага дубай саламдарын жолдосун! ) сөз кылып жатат. Ошентип анын башка айтылган хадистери аркылуу жиндерден болгон жылаандар менен чыныгы жылаандардын жана ошондой эле жиндерден болгон иттер менен чыныгы иттердин бири-биринен айырмаланып турганын төмөндөгү хадистер менен ажыратып берейин. Пайгамбар (Аллах Ага дубай саламдарын жолдосун! ) айткан: «Израилдин уулдары
(жөөттөрдү) Аллахка баш ийбегендиктен, аларды чочколор менен маймылдарга айландырып койгондой эле, жиндерди да жылаандар менен иттерге айландырып койгон» Ат-Табарани, «Силсилат Ал-Ахадис сахиха» деген китебинде:4т. 439б.

Ошентип Шейх Албани «Силсилат Ал-Ахадис сахиха» деген китебинде мындай деп эскертүү берип жатат: «Азыркы күндөгү көрүп жаткан жылаандардын баардыгы жылаандарга айландырылган жиндерден келип чыкты деп түшүндүрүлбөйт. Мунун мааниси — кантип Аллах Таала жөөттөрдүн кээ бир урууларын чочколор менен маймылдарга айландыргандай, жиндердин кээ бир түрлөрүн жылаандар менен иттерге айландырып койгон дегенди түшүндүрөт. Бирок жылаандар менен иттерге айланган жиндер жыныстык жол менен көбөйө алышпайт. Буга пайгамбардын (Аллах Ага дубай саламдарын жолдосун! ) сөзү далил: «Албетте, Аллах айландырылган заттарына көбөйүп, тукум куудурганга уруксат берген эмес» » .

Андыктан, жиндерден болгон жылаан — үстүндөгү эки сызыгы, түтүктү үйлөгөндө сойлоп бийлөөсү менен чыныгы жылаандан айырмаланып турат. Эгерде түтүктү үйлөгөндө сойлоп бийлей турган болсо, анда ал жиндерден болгон жылаан. Себеби алар дагы биздей угат жана баардык нерсени түшүнөт, ошондуктан шайтандап бийлеп жатат. Ал эми чыныгы жылаандын кулагы жок, ошол себептен укпайт. Бирок ал тилин чыгаруусу менен кыймылдап жүргөн заттарды сезет.

Жиндердин даражалары:

Биринчиси – “Жинний” бул эң кичинекей мартаба, мындай абалда жин адамга эч бир зыяндык келтире албайт, бирок адам эстегенде оозун колу менен жапай турган болсо, кирип кеткенди эңсеп, өз кезегин күтүп учуп жүрө берет.
Экинчиси – “Аамир” бул даражадагы жин адамдардын үйүндө жашап, алар менен кошо тамактанат. Эгер ким үйүнө “Бисмиллах” деп оң буту менен кирбесе, аамир мартабасындагы жиндер кошо кирип, алардын тынч жашоосун урушка айландырып, жаман ойлорду алып келип арам иштерди жасатат.
Үчүнчүсү – “Аруах” бул мартабадагы жин ымыркай балдардан баштап, өспүрүмдөргө чейин зыяндыгын берет. Аларга жаман түштөрдү көргөзүп, чочутат. Эгер катуу чочуп кала турган болсо жүрөгүнө кирип алып, аны туура жолдон адаштырып, жамандыкка үндөйт. Мисалы: Эгерде ал туура эмес иш жасап койсо, аны ата-энеси урушат, ошондо “Аруах” даражасындагы жин ага: “уксус ичип албайсыңбы, муунуп албайсыңбы же машинага урунуп албайсыңбы? Сен аларга керегиң жок” деп анын жашоосун бузганга аракет кылат. Эгер бул даражадагы жиндин иши ишке аша турган болсо, ага Иблис (жин шайтандардын башчысы) өйдөңкү даражаны ыйгарат.
Төртүнчүсү – “Шайтан” бул мартабадагы жин бойго жеткен балдардан баштап, картаң кемпир чалдарга чейин зыяндыгын бере алат. Ошентип, шайтан деп бул туура жолдон азгыруучу, жаман ойлорду шыбырап айтуучу жана текебер затты айтат. Шайтандардын эки түрү бар: адамдардан болгон шайтан жана жиндерден болгон шайтан. Аллах айтат: “Айткын: “Адамдардын раббиси менен сактанам; (Ал) адамдардын падышасы, (Ал) адамдардын Кудайы. Ошондуктан (Аны менен) (Аллах эстелгенде) артта калуучунун(шайтандын) азгырыгынан (сактанам); Ал (шайтан) адамдардын көкүрөктөрүнө азгырык салат. Алар (азгыруучу шайтандар) жиндерден жана адамдардан болот” Андыктан, шайтандардын негизги максаты адамдардын денесине кирип алып, кан тамырында жүрүп, ага туура идиологояны угузбай, акыйкатты көргөзбөй, тескери келген идиологияны үндөп, жалган жашоону кооздоп, туура жолдо жүргөн адамдарды жек көргөзөт. Аллах айтат: “ Ким Мээримдүү Аллахты эстегенден баш тарта турган болсо, анда ага шайтанды жолдош кылып койобуз. Ошентип ал (шайтан) анын жакын санаалашы болуп калат” Зухруф:36.
Бешинчиси – “Маарид” бул даражадагы жин көз ачыктар, төлгөчүлөр, бакшылар менен иштешет. Ал болсо дүйнө асманына чейин учуп барып, тагдырлар сакталган тактайдагы келечекти периштелер бири-бири менен сүйлөшүп жатканда, ошол маалыматты уурдап алып, көз ачыкка барып айтат. Анда дагы өзүнүн ойундагы сөздү кошуп жалган айтат. Бул жөнүндө Аллах Таала Куранда айткан: “ Албетте, Биз дүйнө асманын жылдыздар менен кооздодук. Ошондой эле маарид (даражасындагы) шайтандардан коргоп койдук” Саффат:6-7.
Көз ачык бул өткөн кездеги болгон нерселер менен кайыптагы кабарларды жиндин жардамы
менен гана туура айтып берет. Кайыптагы кабар бул мисалы: көз ачыкка барган адам үчүн ошол учурдагы туугандары, машинасы же аркы бөлмөдөгү бирге келген досу ал үчүн кайып (көзүнө көрүнбөйт) болуп эсеплелинет. Ошол адамды ишендирүү үчүн жиндердин көмөгү менен көз ачыктар ар түрдүү алдоого алышат. Мисалы: көз ачыкка келген адам ага ишенбей жатса, жинге анын машинесине барып, дөңгөлөктөрүнүн бурамаларын бошотуп кой деп буйрук берет. Андан соң тигил адамга айтат: “Эгер мага ишенбесең машинаңдын дөңгөлөктөрүнүн бурамалары бошоп калыптыр, баргын бекемдеп ал”. Ошентип бечара машинесине келип, дөңгөлөктөрүнүн бурамалары бошоп калганын көрүп, Кудайына ишенгендей ишенип, кайра келип көз ачыктан: келечегимди айтып бериңисчи? Деп жалдырап сурана баштайт. Ошондуктан пайгамбар Мухаммад (Аллах Ага дубай саламдарын жолдосун!) айткан: “ Ким көз ачыкка барып, бир нерсени сурай турган болсо, анда анын окуп жаткан намазы кырк күнчө кабыл болбойт” Муслим, Нвавийдин түшүндүрмөсү:14/227. Ал эми көз ачыктын сөзүнө ишене турган болсо, буга пайгамбарыбыз башка өкүм берген. Абу Хурайрадан (Аллах Андан ыраазы болсун!) рибаят: пайгамбар (Ага салам болсун!) айтты: “Ким көз ачыкка келип, айткан сөзүнө ишене турган болсо, анда ал Мухаммадга (Аллах Ага дубай саламдарын жолдосун!) түшкөн нерсерселерге (Куран менен элчиликке) каапырчылык кылат” Ахмад:2/429. Адамдар көз ачыкка жөн эле барып койгондугу үчүн кырк күнчө намаздары кабыл болбой жатса, анын сөздөрүнө ишенип койгондугу үчүн каапыр болуп жатышса, анда көз ачыктык менен иштеп жаткан адамдын акыбалы Аллахтын алдында кандай болот деп ойлойсуздар?
Көз ачык өткөн нерселер менен кайыптагы кабарларды жиндин көмөгү аркылуу билет. Ал эми келечекти айтууда тантырап, адамдын абалына жараштуу божомол менен айтып берет. Эмне үчүн көз ачыктын амалы арам? Мисал алсак; эгерде Кыргызыстандын жараны Кыргыз мамлекетинин сырдуу мааламаттарын уурдап алып, башка мамлекетке айтып барса, ага бийликтеги адам кандай чара көрөт? Аны азаматсың деп ардак наамын ыйгарабы же чыккынчы деп каматабы? Ошондой эле уурдалган кабарды айтуу менен көз ачык нанын арам жол менен табат. Ошол себептен көз ачыктын амалы арам болуп жатат.
Алтынчысы – “Ифрит” бул мартабадагы жин сыйкырчылар менен шериктеш. Ошентип ал сыйкырчыга сыйкырдын түрлөрүн үйрөтүп, ага ар тараптан өзүнөн ылдыйкы даражадагы жиндерди мажбурлап алып келет. Акыйкатта, ифрит тез кыймылдайт жана башка жиндерге караганда кадыр эсе күчтүү. Анын ылдамдыгы биздин убакыт менен эсептелбейт, бизге көрүнбөгөн (кайып) дүйнөнүн убагы менен саналып, адамдардын көзүн бойоп, ар түрдүү сыйкырларды көрсөтөт. Аллах айтат: “ (Сулайман пайгамбарга) жиндердин ичинен ифрит (даражасындагы) жин мындай деген: “Мен аны (Белкыз деген ханыша аялдын тагын) сага сен ордуңдан турганга чейин алып келем. Менин буга күчүм жетет жана (мен бул ишти аткарууда) ишеништүүмүн” Ифрит сыйкырчынын мугалими жана анын башчысы. Эми сыйкырдын түрлөрү өтө көп, мисалы: ысытмай (аял-күйөөсүн бириктирүү), суутмай (аял-күйөөсүн ажыратуу) Аллах айтат: “Ошентип алар (жөөттөр) экөөнөн (Харут менен Марут деген эки адамдан) аял-күйөөсүн ажырата турган сыйкырды үйрөнүшөт” Бакара:102. Ошондой эле сооданы токтото турган, адамды оорута турган же аны өлтүрө турган, жада калса жытты өзгөртө турган сыйкырлар бар. Булардын баардыгын ифрит шайтандар адамдарга эзелтеден бери үйрөтүп келе жаткан бузуку иш. Аллах айтат: “Сулайман (пайгамбардын) падышачылык доорунда адамдар шайтандар окуган (сыйкырды) ээрчип калышкан. Сулайман каапыр болгон эмес, тескерисинче адамдарга сыйкырды үйрөтүүлөрү менен шайтандар каапыр болушкан” Бакара:102.
Негизинен, Орто Азияда окулуп жаткан сыйкырдын атын “касыйда” деп коюшат. Касыйда бул шайтандар адамдарга үйрөткөн сыйкырлардын бири. Көбүнчө ал дуба түштүк жергесинде жайылган. Ислам дининин негиздерин билбеген көптөгөн касыйдачы молдолор бул сыйкырды окуп, чыныдагы сууну буулунтып же ал сууну кайнатып же булактагы сууну токтотуп койгондой, элдердин көзүн сыйкыр менен бойоп, ишендирип коюшат. Бул жөнүндө Аллах Куранда мындай деген: “ Оо, Муса (дешти сыйкырчылар) сен колуңдагы таягыңды ташта же биз таштайлы” (Муса) айтты: “Жок силер таштагыла!” Ошол замат алар таштаган жиптери менен таяктары сыйкырлангандыктан, Мусага карай сойлоп келе жаткан жылан болуп көрүндү. Ошондо Мусанын көөдөнүндө коркунуч туулду. Биз ага “Коркпогун сен алардан (сыйкырчылардан) өйдөсүң” – дедик. Оң колуңдагы (таякты) ташта! Алардын жасагандарын (сыйкырларын) жутуп алат. Алар жасаган нерселер сыйкырчынын гана көз бойоосу. Ал эми сыйкырчы кайда болбосун ийгиликке жетишпейт” Таха:65-69. Эми Муса пайгамбар сыйкырчынын көз бойогон айла–амалын көрүп алып, ишенгенинен коркуп жатса, анда биз чыныдагы суунун сыйкыр аркылуу кайнап же бууланып жатканын көрүп ишенбегендечи! Эми касыйдачынын сыйкыр дубалары тумарда көбүнчө катылат. Ошондуктан, пайгамбар Мухаммад көз-мончок менен тумар ширктин (Аллахка ибадат кылуусунда шериктерди келтирүүнүн) катарына кирет деп хадисинде айтып кеткен.
Айтор, сыйкырчы бул көз бойогуч жана ийгиликке жетишпеген, Аллахтын Мээриминен кур калган бечара каапыр адам. Эгерде ал тообо кылбаса, Мухаммад пайгамбардын айтканы боюунча башы кылыч менен алынат эле, бирок тилекке каршы мындай жаза биздин мамлекетте мыйзамдуу түрдө колдонулбайт жана бул түрдөгү жаза Сауд Арабияда гана шариаттык жол менен аткарылат. Анткени, алар сыйкырчылардын коомго келтирген залакаларын илимий жактан анализ жасагандыктан, элге тийгизе турган зыяндыктарын билип, алдын ала аларга чараларды көрүп жатышат. Андыктан, пайгамбардын өкүмүн иш жүзүндө аткаргандыктан, элдин пейли тазаланып, ыймандуулук жолунда өмүр сүрүп жатышат. Ал эми биздин мамлекеттин кээ бир чиновниктери атейстердин тарбиясынын таасири менен мындай глабалдуу кризиске маани бербегендиктен, алдын ала прафтлактикалар жасалбай жана чыныгы бузукуларга мыйзамдуу түрдө чара көрүлбөй жатат. Кайра тескерисинче бирден сыйкырчы, бирден көз ачык жалдап алуу өзүнчө эле модага айланып кетти. Эгерде көз ачыктар менен сыйкырчыларга мыйзамдуу деңгээлде жаза көрсөтүлсө, мамлекетибиз мындай кыйроолорго учурабайт эле.
Арсен Ибрахим Байзаков.

Бул жакты да көргүлө

ИСЛАМ ДИНИНИН ЭКИ ШАРТЫ

“Ислам динин шарттары кандай?” Ислам динин эки шарты бар Биринчи шарт – Аллахка карата болгон …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!