Алла Тааланын динине даават кылуучу (чакыруучу) адам Алла тарабынан түшкөн акыйкатты кайдыгерге (бейкапарга) эскертүү, билбегенге үйрөтүү жана адашканга туура багыт берүү менен чакырат.
قال تعالى: ﴿وَمَنْ أَحْسَنُ قَوْلًا مِمَّنْ دَعَا إِلَى اللَّهِ وَعَمِلَ صَالِحًا وَقَالَ إِنَّنِي مِنَ الْمُسْلِمِينَ﴾ (فصلت: 33)
Алла Таала айтты: «Адамдарды (Алланын динине) үгүттөп үндөгөн жана өзү да жакшы иштер кылып, «Шек-күмөнсүз мен мусулмандарданмын» деген кишиден да жакшыраак сүйлөөчү ким бар)»? (Фуссилат: 33)
Жалпысынан алганда даават кылуунун адептери жана жолдору бар. Алардын эң негизгилери төмөнкүлөр:
1. Өзү чакырган нерсени билип, ага ыйман келтирүү. Билгенине амал кылуу (иш жүзүндө аткаруу).
قال تعالى: ﴿فَاعْلَمْ أَنَّهُ لَا إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ وَاسْتَغْفِرْ لِذَنْبِكَ وَلِلْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ﴾ (محمد: 19)
Алла Таала айтты: «Ошондуктан (Эй, Мухаммад), Алла Тааладан башка сыйынууга татыктуу Зат жок экендигин билгин! Жана өз күнөөң үчүн, анан дагы момун-эркек жана момун-аялдардын (күнөөлөрү) үчүн кечирим сурагын»!
(Мухаммад: 19)
قال الله تعالى: ﴿كَبُرَ مَقْتًا عِنْدَ اللَّهِ أَنْ تَقُولُوا مَا لَا تَفْعَلُونَ﴾ (الصف: 3)
Алла Таала айтты: «Силердин өзүңөр кылбай турган ишти (кылабыз деп) айтууңар Алла Таала алдында өтө жаман көрүлгөн (иш)». (Саф: 3)
قال تعالى: «أَتَأْمُرُونَ النَّاسَ بِالْبِرِّ وَتَنْسَوْنَ أَنْفُسَكُمْ وَأَنْتُمْ تَتْلُونَ الْكِتَابَ أَفَلَا تَعْقِلُونَ» (البقرة: 44)
Алла Таала айтты: «Силер адамдарды жашылыкка буюруп, өзүңөрдү унутасыңарбы? Өзүңөр китепти (тооротту) окуп жатасыңар го?! Акыл жүгүртпөйсүңөрбү?» (Бакара: 44)
قال الله تعالى: ﴿وَمَا أُرِيدُ أَنْ أُخَالِفَكُمْ إِلَى مَا أَنْهَاكُمْ عَنْهُ﴾ (هود: 88)
Алла Таала айтты: «Силерди кайтарып жаткан нерсени өзүм жасап, силерге каршы чыгууну каалабаймын» (Худ: 88)
2. Жумшактык жана жакшы кулк-мүнөз менен даават кылуу.
قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «يَسِّرُوا وَلَا تُعَسِّرُوا وَبَشِّرُوا وَلَا تُنَفِّرُوا» {رواه مسلم: 1732 وأبو داود: 4835}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Жеңилдеткиле! Кыйындатпагыла! Сүйүнчүлөгүлө! Качырбагыла!» (Муслим: 1733. Абу Давуд: 4835)
3. Дааваттагы кыйынчылыктарды көтөрө билип, сабыр кылуу. Натыйжага шашпоо (үмүт үзбөө).
قال تعالى: ﴿فَاصْبِرْ كَمَا صَبَرَ أُولُو الْعَزْمِ مِنَ الرُّسُلِ وَلَا تَسْتَعْجِلْ لَهُمْ﴾ (الأحقاف: 35)
Алла Таала айтты: «Ошондуктан (Эй, Мухаммад), сен да (өткөн) пайгамбарлар арасындагы бекемдик-туруктуулук ээлери[1] сабыр кылгандарындай (бутпарастардын кыйноосуна) сабыр кылгын жана аларга (түшө турган азапты) шаштырбагын»! (Ахкаф: 35)
4. Салих амалдарды аткаруу. Башкаларды буйурган жакшылык иштерди өзү иш жүзүндө аткаруу.
قال تعالى: ﴿أَتَأْمُرُونَ النَّاسَ بِالْبِرِّ وَتَنْسَوْنَ أَنْفُسَكُمْ وَأَنْتُمْ تَتْلُونَ الْكِتَابَ أَفَلَا تَعْقِلُونَ﴾ (البقرة: 44)
Алла Таала айтты: « Силер адамдарды жашылыкка буюруп, өзүңөрдү унутасыңарбы? Өзүңөр китепти (тооротту) окуп жатасыңар го?! Акыл жүгүртпөйсүңөрбү» (Бакара: 44)
5. Алла Тааланын динине абалга жараша, кээде даанышмандуулук менен кээде жакшы осуят менен кээде эң көркөм жол менен далилдешип тартышып чакыруу.
قال تعالى: ﴿ادْعُ إِلَى سَبِيلِ رَبِّكَ بِالْحِكْمَةِ وَالْمَوْعِظَةِ الْحَسَنَةِ وَجَادِلْهُمْ بِالَّتِي هِيَ أَحْسَنُ﴾ (النحل: 125)
Алла Таала айтты: «(Эй, Мухаммад), Раббыңдын жолуна (динине) хикмат-даанышмандык жана көркөм насаат менен чакыргын! Алар (сени менен талашып-тартыша турган адамдар) менен эң көркөм жол менен далилдешип тартышкын»! (Нахл: 125)
[1] Алар: Нух, Ибрахим, Муса, Иса жана Мухаммад (алайхим саламдар).