Адамдын бул дүйнөгө келгендигинин максаты!

Адамдын бул дүйнөгө келгендигинин максаты –
бир Аллахка сыйынып, ага шериктерди кошпоо.

Советтер доорунда атеистер адамдарды атеизимге тарбиялап, аларга кудай жок деген идиологияны сиңдирип туруп атеизимге багыттаган. Ошондуктан, советтер доорундагы адамдардын сыноосу жеңил болуп, жиндерден болгон шайтандар алардын жолуна турган эмес. Анткени, жиндерден болгон шайтандардын максаты бизди туура жолдон адаштыруу. Ошондуктан, Аллах айткан: » Шайтан силердин ачык душманыңар, кана аны душман кылып тутуп албайсыңарбы?» Андыктан, шайтан үч чоң адашуу эшиктерди ачып, аларга чакырат. Биричи эшиги бул «ширк» (Аллахка ибадат кылуусунда ага бирөөнү шерик кошуу), эгерде бул эшикке түртө албаса, анда экинчи эшикке түртөт. Бул болсо «бидаят» — диндеги Аллах жана Анын элчиси түзгөн шариатка адамдар өздөрү ойлоп тапкан жаңы шариат. Эгерде ага дагы күчү жетпесе, анда үчүнчү эшикке алып барат, бул болсо «кабаир» — чоң күнөөлөр, мисалы: киши өлтүрүү, ойноштук, жалган күбө берүү ж.б. шариатта такталган нерселер. Мына бул үч эшикке тартиби менен үндөө шайтандын бейиште Аллах менен убадаланышып, жерге түшкөн максаты. Ошондуктан, жин шайтандар совет доорундагы адамдарга ачыктан-ачык кол салбай алардын кудай жок деген идиологиясын колдоп, аларга каршы чыгып, адаштырган эмес. Анткени алар өздөрү «кудай жок» деген идиологиясы менен чоң адашууда эле. Ошол себептен жиндерден болгон шайтандар аларды адаштырууга кажети жок эле. Тескерисинче, элди адамдардан болгон шайтандар азгырып, бул дүйнөгө келген максаттарынан адаштырып, акыйкатка каршы келген идиологияны үйрөтүп, туура жолдон алыстатып койгон. Эми совет доорундагы адамдар кудайды таанып, беш убакыт намаздарын тургузуп, бейишке умтула турган болсо, анда ага келген сыноону көтөргөн болуп эсептелинет. Ошондуктан, ал совет дооруна шылтоо кылбасын! Анткени бул дагы Аллах Таала тарабынан сыноо, балким ошол доордогу адамдарды ошондой жеңил сыноо менен бейишине киргизүүнү каалаган. Демек, алардын кыямат күнү Аллахтын алдында боло турган эсеп-кысабы сахабалар жана тааба (сахабаларды ээрчигендер) менен тааба таабийиндердин (сахабаларды ээрчигендерди ээрчигендердин) эсеп-кысабындай болбойт. Аллах айтат: «Аллах ар бир адамга кудурети жеткен гана милдетти жүктөйт. (Ар бир адамдын) жасаган жакшылыгы — өз пайдасына, ал эми жамандыгы — өз зыянына» Бакара:286.
Ошентип, совет доорунда адамдарга дин таануу сабактарды киргизүүдөн баш тартышып, атеизим предметинен экзамен бербесе диплом берилбейт деп, алардын укуктарын атеисттер тебелеп жатканын өздөрү да билбей калган. Анткени, ар бир адамдын дин тутунуу эркиндиги бар жана аны жада калса президент да укугун чектей албайт. Ошентип динди үйрөнүп окуганга тыюу салынып, өзүнүн ислам дини боюнча көз карашы начар болуп, караңгылык, билимсиздик бул дин таануу тарагында пайда болгон.
Ал эми азыркы муундун адамдарына оор сыноо келди, анткени алар диндерди ажыратып, салыштыруу, илим-билим бааланган доорунда төрөлүп, адамдар илимге терең кирген сайын акыйкатты билип, аны башкаларга эскертип, караңгылыктан жарыкка чыга турган доор. Ошондуктан, Аллах айтат: «(Оо Мухаммад!) (акыйкатты) билген адамдар менен билбеген адамдар тең келе алабы? Чындыгында акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат» Зумар:9.
Андыктан, адам баласы кудайы, дини жана пайгамбары жөнүндө илим ала баштаса жана ал Аллахтын жалгыздыгын билип, Анын буйруктары менен тыюу салган нерселерин түшүнгөн болсо, жиндерден болгон шайтандар ойгонуп, негизги бул дүйнөдөгү убадаланган максатын аткара баштайт. Мына жиндерден болгон шайтандар менен күрөшүү эң оор күрөш, себеби, анын айласы адамдыкынан дагы күчтүү. Ошол себептен Аллах аны бизге ачык душман деп жатат. Эми анын айласына тоскоолдук кылуу үчүн биз Аллахтын түзгөн мыйзамына баш ийип, Анын бирдигин үйрөнүп, буйруктары менен тыюу салган нерселерин билүүбүз зарыл.
Аллахтын буйруктарынын башкы буйругу анын таухидин (жалгыздыгын) тутунуу. Мунун мааниси — Аллахтын бирдигин ибадат менен көрсөтүү.
Таухидтин тилдик мааниси — Жалгыздады, жалгыздап жатат деген этиштен келип чыккан. Тагыраак айтканда, бир нерсени бириктирген же жалгыз кылган дегенди түшүндүрөт. Ал эми бул бирдик (жалгыздык), орнотуу (исбат) жана тануу (жокко чыгаруу-нафий) сөздөрү менен тастыкталат.
Тануунун негизги өкүмү жалгыз болгон заттан тышкаркы нерселерди жокко чыгарып, ал затты гана туруктап, ага ошол сыпаттарды тандык кылуу керек. Мисалы биз айтабыз, Аллахтын бирдигин карманган адамдын ыйманы толук болбойт, эгерде «Аллахтан башка кудайлар жок» (Ла Илаха Илла Аллах) деп күбө бербесе. Ошентип, ал Аллахтан башка заттардын кудайчылык сыпаттарын алардан танып, ал сыпаттарды бир Аллахтын өзүнө орнотуу.
(Аллахтын жалгыздыгы) — деген сөздүн мааниси Аллахтын бирдигин ибадат менен көрсөтүү. Мындайча айтканда, жалгыз Аллахка гана сыйынуу жана сыйынуусунда бир нерсени ага шерик кылбоо. Жөнөтүлгөн элчи, Аллахка жакын болгон периште, башкарган президент, бийлигин жүргүзгөн падыша же маку луктардын ичинен бирөөнү дагы ага шерик кылып кошпоо. Тескерисинче, аны сүйүү, ызаттоо, каалоо жана коркуу сезимдери менен жеке ага ибадат кылуу. Мына ушул таухидти (жалгыздыкты-) орнотуш үчүн элчилер жөнөтүлгөн, албетте ушул таухидти (жалгыздыкты) алардын коому карманган эмес.
Ошондой эле, таухидти (жалгыздыкты) кеңири түшүндүрө турган аныктаманы айта кетсем — бул Аллах Тааланын өзүнө тиешелүү нерселерди гана ага таандык кылуу.
Таухидтин үч түрү бар :
Биринчиси — Таухид Рубубийа (Аллахтын падышачылыгында жалгыздыгы) бул жаратуучулук, падышачылык жана башкаруу жалгыз ага гана таандык экендигин билдирүү.
Аллах Таала айтат: «Аллах баардык нерсени жаратуучу» Зумар:62.
Аллах айтат: «Асмандар менен жерден ырыскы берүүчү Аллахтан башка жаратуучу барбы? Андан башка (сыйынганга татыктуу) кудайлар жок» Фатир:3.
Аллах айтат: «Колунда мүлкү бар Аллахка аруулук! Ал баардык нерсеге кудуреттүү» Мүлк:1
Аллах айтат: «Акыйкатта, жаратуу жана буйруу бир ага таандык! Ааламдардын Раббиси Аллах Улук, Бийик» Аараф:54.
Экинчиси — Таухид Улухийа (Аллахтын кудайчылыгындагы жалгыздыгы) бул Ыйык Аллах Тааланын бирдигин ибадат менен көрсөтүү. Мунун мааниси: Аллах Таалага сыйынып, ага жакындангандай, аны менен бирге башка бирөөгө дагы сыйынып, ага жакынданып, курбанчылык кылбоо.
Үчүнчүсү — Таухид Асма уа Сифат (Аллахтын аттары жана сыпаттарындагы жалгыздыгы) бул Ыйык Аллах Таала китебинде кантип өзүн атап жана сыпаттагандай же анын элчиси (Аллах ага дубай саламдарын жолдосун!) ал жөнүндө кабарлагандай атап жана сыпаттоо. Мындай эрежедеги Аллахтын бирдигин тастыктоо — Аллах өзүнө кандай сыпаттарды орнотсо, ошол сыпаттарды орнотуу, кандай сыпаттарды өзүнөн танса, ошол сыпаттарды тануу.
Бул жерде негизги максат экинчи түр таухид улухийа (Аллахтын кудайчылыгындагы жалгыздыгы) болуп жатат.
Мына бул түрдөн мушриктер адашкандыктан. Андыктан, пайгамбарыбыз (Аллах ага дубай саламдарын жолдосун!) алар менен ошол үчүн салгылашкан. Ошондуктан, алардын кандарын, мал-мүлктөрүн, жерлерин, үйлөрүн адал кылып, аялдар менен балдарын туткунга алганды буйруган. Тагыраак айтканда, элчилер өздөрүнүн коомдоруна көбүнчө бул түрдөгү таухидти (жалгыздыкты) түздөп, оңдоо үчүн жөнөтүлгөн.
Аллах айтат: «Ар бир үммөткө «Аллахка гана ибадат кылгыла жана Таагуттан (Аллахтан башка ибадат кылынуучу нерселерден) алыс болгула» деп айтуучу элчи жөнөттүк» Нахл:36. Аллах Таалага гана ибадат кылуу бул туура ибадат, ал эми ким таухид рубубийа (Аллахтын падышачылыгында жалгыздыгы) менен таухид асма уа сифатты (Аллахтын аттары жана сыпаттарындагы жалгыздыгын) орнотуп, бул таухидти (таухид улухийаны — Аллахтын кудайчылыгындагы жалгыздыгын) карманбаса, анда ал мушрик, каапыр болуп саналат. Мисалы, эгерде бир адам таухид рубубийа менен таухид асма уа сифатты толук орноткон болсо, бирок бир мүрзөгө барып, ага сыйынып жана ага курбанчылык кылып жакынданса, анда ал мушрик, каапыр тозокто түбөлүк. Буга Аллахтын сөзү далил:
» Ким Аллахка шерик кошсо, Аллах ага бейишти арам кылды. Анын жайы тозок. Ошондой эле заалымдарга жардамчылар жок!» Маида:72.
Аллахтын эң улуу буйругу таухид болгондугунун себеби, ал диндин өзөгү жана ага жараштуу дин толугу менен курулат. Ошондуктан, пайгамбар (Аллах ага дубай саламдарын жолдосун!) Аллахка болгон чакыруусун таухид менен баштаган жана даават кылуу үчүн кимди бир жерге жөнөткөн болсо, ага дааватты бул түрдөгү таухидтен (жалгыздыктан) башта деп буйруган. Ал эми Анын улуу тыюсу ширк. Мунун мааниси — Аллах менен бирге башка бирөөнү дуба кылып чакыруу. Буга Аллах Тааланын сөзү далил:
«Аллахка ибадат кылгыла жана ага (ибидат кылууңарда) бир нерсени Ага шерик кылбагыла» Ниса:36
Аллах айтат: «Ал эми ким Аллах менен бирге далилсиз башка «кудайды» дуба кылып чакыра турган болсо, анда анын эсеби (кыямат күнү) раббисинин алдында! Албетте ал (Аллах) каапырларды (тозоктон) кутултпайт!» Мууминун:117.
Аллах Таала ширкти (Аллахка болгон ибадатында ага бирөөнү шерик кылууну) тыюу салган. Анткени, эң башкы укук бул Аллах Тааланын укугу. Эгерде инсан анын укугун тебелесе, анда ал эң башкы мыйзамды бузган болот. Ал эми бул укук Аллах Тааланын кудайчылыгындагы жалгыздыгы. Бир Аллах гана сыйынууга татыктуу жана ал сыйынуу элчилеринин методдору менен чектелген. Аллах айтат: Мухаммад пайгамбардын сөзү: «Эгерде Аллахты сүйсөңөр мени ээрчигиле, ошондо гана Аллах силерди сүйүп, күнөөлөрүңөрдү кечирет. Анткени Аллах Кечиримдүү Ырайымдуу» Ал-Имран:31.
Аллах айтат: «Албетте ширк эң чоң зулумдук (адилетсиздик) » Лукман:13.
Аллах айтат: «Аллах ага шерик кылганды кечирбейт, бирок андан (ширктен) башкаларын кимге кааласа кечирет. Ал эми ким Аллахка шерик кошсо, анда ал чоң күнөөнү ойлоп тапты» Ниса:48.
Аллах айтат: «Ал эми ким Аллахка шерик кошсо, анда ал чоң адашууда »
Аллах айтат: «Ким Аллахка шерик кошсо, Аллах ага бейишти арам кылды. Анын жайы тозок. Ошондой эле заалымдарга жардамчылар жок! » Маида:72.
Пайгамбар (Аллах ага дубай саламдарын жолдосун!) айтты: «Эң чоң күнөө сени жараткан Аллахка кичинекей шерик келтиргениң» . Муслимдин хадисинде жабирден (Аллах андан ыраазы болсун) рибаят: «Ким (кыямат күнү) Аллах менен жолукканда ага (ибадат кылуусунда) бир нерсени шерик кылбаса, анда ал бейишке кирет. Ал эми ким аны менен (кыямат күнү) жолукканда ага (ибадат кылуусунда) бир нерсени шерик кылса, анда ал тозокко түшөт».
Пайгамбар (Аллах ага дубай саламдарын жолдосун!) айтты: «Ким Аллах менен бирге башка бирөөгө кайрылып, дуба кылган абалында өлгөн болсо, анда ал тозокко түштү». Бул хадисти бухарий рибаят кылат. Ошентип, Аллах Таала өзүнө гана ибадат кылууну буйруп, ага кылына турган ибадатта шерктерди келтирүүнү тыйуу салат. Мындай ибадат ага гана жалгыз сыйынуу менен тастыкталат. Эгер ким Аллахка сыйынбаса, анда ал каапыр текебер. Ким Аллахка сыйынып, аны менен бирге башкага дагы сыйынса, анда ал каапыр мушрик. Ал эми ким жалгыз Аллахка гана сыйынса, анда ал чыныгы мусулман.
Шерик кошуунун эки түрү бар: Чоң ширк, кичинекей ширк.
Биринчи түрү — Чоң ширк бул шариатты (мыйзамды) түзгөн заттын атаган баардык ширктер, натыйжада инсан дининен чыгып кетүүсүнө түрткү болот.
Экинчи түрү — Кичинекей ширк бул шарият мүнөздөп берген баардык сөздөр менен кыймыл аракеттер, бирок бул ширк динден чыгарбайт.
Кандай гана болбосун, инсан ширктин чоңунан да, кичинекейинен да кооптонуусу зарыл. Анткени, Аллах айтат: «Албетте Аллах ага шерик кошконду кечирбейт» Ниса:48.
Ошондуктан адамбын бул дүйнөгө келгендигинин максаты акыры бир динди тутунуп, бактылуу болуу же беш убакт намаз окуп мазхабын (динди үйрөткөн мектеп) кармануу эмес. Ал болсо бир Аллахка сыйынып, ага шериктерди кошпоо. Ошол үчүн Аллах айткан: «Ар бир үммөткө «Аллахка гана ибадат кылгыла жана Таагуттан (Аллахтан башка ибадат кылынуучу нерселерден) алыс болгула» деп айтуучу элчи жөнөттүк» Нахл:36
Демек элчи «Аллахка гана ибадат кылгыла жана Таагуттан (Аллахтан башка ибадат кылынуучу нерселерден) алыс болгула» деп айтыш үчүн өзү Аллахка гана сыйынып, Ага ибадат кылуусунда эч нерсени Ага шерик кылбоосу зарыл. Ошол себептен Ибрахим пайгамбарды Аллах мушрик эмес, бир Аллахтын таухидин (жалгыздыгын) карманган чыныгы момун мусулман деп аны тастыктап жатат. Аллах айтат: «Ибрахим иудей (жөөт) да христиан да болгон эмес. Бирок Аллахтын жалгыздыгын тутунган мусулман (Аллахка моюн сунган) болгон. Ошондой эле, ал мушриктердин (Аллахка ибадат кылууда шериктерди кошуучулардын) катарында болбогон» Ал-Имран:67.
Арсен Ибрахим Байзаков. «Эл сөзү» гезити, 08.02.2011.

Бул жакты да көргүлө

ИСЛАМ ДИНИНИН ЭКИ ШАРТЫ

“Ислам динин шарттары кандай?” Ислам динин эки шарты бар Биринчи шарт – Аллахка карата болгон …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!