Айбанаттар менен болгон адеп

Ислам дининде мээримдүүлүк адам баласына гана чектелбестен, айбанаттарга да жумшак мамиле кылууга буюрат. Анткени, алар деле Алла Тааланын жаракаткан макулуктары.

Мына ошондуктан мусулман адам айбанаттар менен төмөнкүдөй адепте болушу керек:

1. Жем-чөпкө муктаж болсо, тамактандыруу. Суусаса, суусун берүү (Өз убагында жем-суусун берүү).

قال رسول الله صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «يْنَمَا رَجُلٌ يَمْشِي بِطَرِيقٍ اشْتَدَّ عَلَيْهِ الْعَطَشُ فَوَجَدَ بِئْرًا فَنَزَلَ فِيهَا فَشَرِبَ ثُمَّ خَرَجَ فَإِذَا كَلْبٌ يَلْهَثُ يَأْكُلُ الثَّرَى مِنْ الْعَطَشِ فَقَالَ الرَّجُلُ لَقَدْ بَلَغَ هَذَا الْكَلْبَ مِنْ الْعَطَشِ مِثْلُ الَّذِي كَانَ بَلَغَ مِنِّي فَنَزَلَ الْبِئْرَ فَمَلَأَ خُفَّهُ مَاءً ثُمَّ أَمْسَكَهُ بِفِيهِ حَتَّى رَقِيَ فَسَقَى الْكَلْبَ فَشَكَرَ اللَّهُ لَهُ فَغَفَرَ لَهُ قَالُوا يَا رَسُولَ اللَّهِ وَإِنَّ لَنَا فِي هَذِهِ الْبَهَائِمِ لَأَجْرًا فَقَالَ فِي كُلِّ كَبِدٍ رَطْبَةٍ أَجْرٌ»              {رواه البخاري: 2466 ومسلم: 2244}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Бир киши жолдо баратып өтө катуу суусаап, алдынан чыккан кудукка түштү да (суу) ичти. Андан кийин чыкса, кокус бир ит суусагандыктан тилин чыгарып, нымдуу топуракты жалап жатыптыр. Ал киши бул итке да мага жеткен чаңкоо жетиптир деп кдукка түштү да маасысын сууга толтуруп, аны оозу менен тиштеп чыкты да, итти суугарды. Алла Таала аны мактап (амалын кабыл кылып) күнөөсүн кечирди. (Сахабалар) айтышты: Оо, Алланын элчиси! Бизге ушул жаныбарларда да сооп барбы? Айтты: ар бир тирүү жаныбарга жакшылык кылууда сооп бар»                                             (Бухарий: 2466. Муслим: 2244)

2. Азаптын кайсы түрү болсун, аларды азаптабоо. Мисалы: камап коюу, ачкалтыруу ж.б.у.с.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «دَخَلَتْ امْرَأَةٌ النَّارَ فِي هِرَّةٍ حَبِسَتْهَا حَتَّى مَاتَتْ فَلَمْ تُطْعِمْهَا وَلَمْ تَسْقِهَا وَلَمْ تُرْسِلْهَا فَتَأْكُلَ مِنْ خَشَاشِ الْأَرْضِ» {رواه البخاري: 3318 ومسلم: 2242}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Бир аял мышыкты өлгөнчө камап салганы себептүү тозокко кирди.(Себеби,) ал аны тамактандырган да суугарган да жок. Курт-кумурскаларды жеө үчүн коюп жиберген да жок».                                                                    (Бухарий: 3318. Муслим: 2242)

3. Сойгон же өлтүргөн учурда да кыйнабастан мүмкүн болушунча эс алдыруу (ырахаттандыруу). 

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: « إِنَّ اللَّهَ كَتَبَ الْإِحْسَانَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ فَإِذَا قَتَلْتُمْ فَأَحْسِنُوا الْقِتْلَةَ وَإِذَا ذَبَحْتُمْ فَأَحْسِنُوا الذِّبْحَةَ وَلْيُحِدَّ أَحَدُكُمْ شَفْرَتَهُ فَلْيُرِحْ ذَبِيحَتَهُ » (رواه مسلم: 1955 وأبو داود: 2815 والترمذي: 1409)

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Албетте, Алла Таала ар бир нерсеге жакшылык кылууга буюрган. Качан өлтүрсөңөр жакшылыап өлтүргүлө! Качан сойсоңор, жакшылап сойгула! Силердин бирөөңөр бычагын курчутуп, союла турган жандыгын эс алдырсын»! 

                                                  (Муслим: 1955. Абу Давуд: 2815. Тирмизий: 1409)

4. Зарыл болгон учурда гана ит багуу. Мисалы: аңчылык үчүн, короо жана эгин талаасын кайтаруу үчүн. 

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ  صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَا تَدْخُلُ الْمَلَائِكَةُ بَيْتًا فِيهِ كَلْبٌ وَلَا صُورَةٌ» (رواه البخاري: 3225 و مسلم: 2106 والترمذي: 2804)

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Ит же сүрөт бар үйгө периштелер кирбейт»  (Бухарий: 3225. Муслим: 2106. Тирмизий: 2804)

5. Ислам дини кээ бир зыяндуу жаныбарларды өлтүрүүгө уруксат берген. Мис: кабанаак ит, айрыкуйрук, жылан, чаян, чычкан ж.б.у.с. 

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ  صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «خَمْسٌ مِنْ الدَّوَابِّ لَا حَرَجَ عَلَى مَنْ قَتَلَهُنَّ الْغُرَابُ وَالْحِدَأَةُ وَالْفَأْرَةُ وَالْعَقْرَبُ وَالْكَلْبُ الْعَقُورُ»                {رواه البخاري: 1828 ومسلم: 1200}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Беш (түрдүү) айбанды өлтүргөн адамга күнөө жок: (ала) карга, айрыкуйрук, чычкан,чаян жана кабанаак ит»                                                    (Бухарий: 1828. Муслим: 1200)

Бул жакты да көргүлө

Жалпы мусулмандар менен болгон адеп

Диндеги (мусулман) бир туугандарды жакшы көрүү жана алардын укуктарын коргоо чыныгы мусулмандын көрүнүктүү (эң негизги) …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!