Жеп — ичүү (тамактануу) адеби

Мусулман адам Алла Таалага ибадат кылуу (сыйынуу) үчүн ден — соолугун сактоосу керек. Ал эми ден — соолукту сактоонун негизги булагы болуп, тамактануу эсептелет. Демек, пенденин тамактанып, күч — кубат алуусу Алланын ибадаты үчүн гана болуу керек. Ибадат болсо, адамдын Акырет бактылуулугуна жетүүсүнө себеп болот.

Ошондуктан мусулман адам тамактанууда шарият көрсөткөн төмөнкү адептерге көңүл бурат:

1.  Арам жана (арамдыгында) шеги бар тамактардан сактанып, адал, таза тамактар менен тамактануу.

قال تعالى: ﴿ يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا كُلُوا مِنْ طَيِّبَاتِ مَا رَزَقْنَاكُمْ ﴾  {البقرة: 172}

 Алла Таала айтты: «Оо, ыйман келтирген пенделер! Биз силерге ырыскы кылып берген таза (адал) нерселерден жегиле»!                                   (Бакара: 172)

2.  Тамактануу менен күч — кубат алып, Алланын ибадатында бекем болууну ниет кылуу. Анткени адатта болгон жөнөкөй иштер жакшы ниет менен ибадатка айланат.

3.  Тамактануу алдында эки колун (эгер, кир болсо же таза экендигинде шектенсе) жуу.

4.  Алдына келген тамака ыраазы болуп, аны айыптабоо. Кааласа жесин, каалабаса, көңүлүнө жакпаса, айыптабастан акырын жегенден токтолсун.

قال أَبُو هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ: «مَا عَابَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ طَعَامًا قَطُّ إِنْ اشْتَهَاهُ أَكَلَهُ وَإِلَّا تَرَكَهُ»

{رواه البخاري: 3563 ومسلم: 2064}

Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) айтты: «Пайгамбар (ага Алланын салават-саламдары болсун) эч качан тамакты айыптаган эмес. Эгер кааласа жеп, каалабаса тийген (жеген) эмес».         (Бухарий: 3563.Муслим: 2064)

5.  Тамактанган учурда жалгыз тамактанбастан же коногу, же үй — бүлөсү, же балдары, же кызматчысы менен чогуу тамактанууга аракет кылуу.

قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «اجْتَمِعُوا عَلَى طَعَامِكُمْ وَاذْكُرُوا اسْمَ اللَّهِ تَعَالَى عَلَيْهِ يُبَارَكْ لَكُمْ فِيهِ» {رواه أبو داود: 3764}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Чогуу тамактангыла! (Баштаарда) Алланын атын эскергилие! Ошол тамакта силер үчүн береке болот».                                                     (Абу Давуд: 3764 Ибну Мажа: 2/3286)

6.   Тамакты Алланын ысымы менен баштоо.

قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِذَا أَكَلَ أَحَدُكُمْ فَلْيَذْكُرِ اسْمَ اللَّهِ تَعَالَى فَإِنْ نَسِيَ أَنْ يَذْكُرَ اسْمَ اللَّهِ تَعَالَى فِي أَوَّلِهِ فَلْيَقُلْ بِسْمِ اللَّهِ أَوَّلَهُ وَآخِرَهُ» {رواه أبو داود: 3761 والترمذي: 4/1858}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Силердин бирөөңөр тамактанса, Алла Тааланын атын эскерсин, эгерде тамактануу алдында унутуп калса, анда «Бисмиллаахи аввалаху ва аахираху» — деп айтсын»!                                                                          (Абу Давуд: 3761. Тирмизий: 4/1858)

7.  Өзүнүн алдынан тамактануу. Табактын ортосуна колун созбоо.

قال النبيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لِعُمَرَ بْنِ أبِي سَلَمَةَ: «يَا غُلَامُ سَمِّ اللَّهَ وَكُلْ بِيَمِينِكَ وَكُلْ مِمَّا يَلِيكَ» {رواه البخاري: 5376 ومسلم: 2022}

Пайгамбар  (ага Алланын салават-саламдары болсун) Умар бин Аби Саламага айтты: «Эй, бала! Алланын ысымы менен баштап, оң колуң менен жегин жана өзүңдүн алдыңдан жегин»!                                                       (Бухарий: 5376. Муслим: 2022)

قال النبيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «الْبَرَكَةُ تَنْزِلُ وَسَطَ الطَّعَامِ فَكُلُوا مِنْ حَافَتَيْهِ وَلَا تَأْكُلُوا مِنْ وَسَطِهِ»

{رواه الترمذي: 1805 وابن ماجه: 3277}

Пайгамбар (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Береке тамактын ортосуна түшөт. Ошондуктан тамактын ортосунан жебестен, четинен жегиле»!                                                                  (Тирмизий: 1805. Ибну Мажа: 3277)

8.  Тамакты майдалап чайноо. Идишти жана манжаларын майлык менен аарчыгандан же суу менен жуугандан мурда жакшылап жалап — тазалоо.

قَالَ جَابِرُ بْنُ عَبْدِ اللهِ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا: «أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَمَرَ بِلَعْقِ الْأَصَابِعِ وَالصَّحْفَةِ وَقَالَ إِنَّكُمْ لَا تَدْرُونَ فِي أَيِّهِ الْبَرَكَةُ»            {رواه مسلم: 2033}

Жаабир бин Абдулла (Алла ал экөөнөн тең ыраазы болсун) айтты: «Чынында Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) манжаларды жана идишти жалоого буюрду» жана айтты (ага Алланын салават-саламдары болсун): «Албетте, силер береке (тамагыңардын) кайсы бөлүгүндө болоорун билбейсиңер».                                                                                   (Муслим: 2033)         

9.  Эгерде жеп жаткан тамагынан бир аз түшүп кетсе аны алып, тазалап жеш.

قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِذَا سَقَطَتْ لُقْمَةُ أَحَدِكُمْ فَلْيَأْخُذْهَا فَلْيُمِطْ عَنْهَا الْأَذَى وَلْيَأْكُلْهَا وَلَا يَدَعْهَا لِلشَّيْطَانِ»        {رواه مسلم: 2033}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты:  «Силердин бирөөңөрдүн жеп жаткан тамагынан бир аз түшүп кетсе аны алсын да  тазалап жесин! Шайтанга калтырбасын»!                                                 (Муслим: 2033)

10.  Ысык тамакты үйлөбөстөн, муздаганча күтө туруу. Ошондой эле, суу ичкен учурда сууну үйлөбөстөн, демди (үч жолу) идиштин сыртынан алуу.

قَالَ أَنَسٌ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ أنّ رسولَ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «نَهَى عَنْ النَّفْخِ فِي الشُّرْبِ» {رواه الترمذي: 1887}

Анас (Алла андан ыраазы болсун) айтты: Чындыгында Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун): «Суусундуктун ичине үйлөөдөн кайтарган».                                                                                   (Тирмизий: 1887)

11.  Курсакты ашыкча тойгузгандан сактануу.

قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَا مَلَأَ آدَمِيٌّ وِعَاءً شَرًّا مِنْ بَطْنٍ بِحَسْبِ ابْنِ آدَمَ أُكُلَاتٌ يُقِمْنَ صُلْبَهُ فَإِنْ كَانَ لَا مَحَالَةَ فَثُلُثٌ لِطَعَامِهِ وَثُلُثٌ لِشَرَابِهِ وَثُلُثٌ لِنَفَسِهِ» {رواه الترمذي: 2380}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты:  «Адам курсагын (ашыкча тойгузгандан) жаманыраак идишти толтурган жок. Адам баласына (ачкалыкты кетирип, кулап калбаганчалык бир аз өлчөмдөгү) денесин тургузганчалык тамак жетет. Эгерде андан арттырууга муктаж болсо, анда (ашказандын) үчтөн — бири тамагына, үчтөн — бири суусундугуна, үчтөн — бири дем алуусуна (болсун)»!                                               (Тирмизий: 2380)

12.  Тамактанып бүткөндөн кийин Алла Таалага мактоо айтып шүгүр келтирүү.

قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَنْ أَكَلَ طَعَامًا فقَالَ الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي أَطْعَمَنِي هَذَا الطَّعَامَ وَرَزَقَنِيهِ مِنْ غَيْرِ حَوْلٍ مِنِّي وَلَا قُوَّةٍ غُفِرَ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ» {رواه أبو داود: 4023 والترمذي: 3458}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимде — ким, тамактанып бүткөндөн кийин, мына ушул тамакты менин аракет жана күч-кубатымсыз мени тамакдандырып — ырыскыландырган Аллага мактоолор (шүгүрлөр)  болсун!- десе анын өткөн (кичине) күнөөлөрү кечирилет».                                                                                                      (Абу Давуд: 4023. Тирмизий: 3458)

Эгерде сүт ичсе, Алла Таалага мактоо айткандан кийин төмөнкү дубаны кошумчалоо керек:

قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: « اللَّهُمَّ بَارِكْ لَنَا فِيمَا رَزَقْتَنَا وَزِدْنَا مِنْهُ» {رواه أبو داود: 3730 والترمذي: 3455}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Оо, Раббым, бизге ырыскы кылып берген нерсеңде береке бергин жана аны арттыргын»[1]!                                                                         (Абу Давуд: 3730. Тирмизий: 3455)     


[1] үзгүлтүккө учуратпастан берип тургун.

Бул жакты да көргүлө

Алла Тааланын динине чакыруу (даават кылуу) адеби

Алла Тааланын динине даават кылуучу (чакыруучу) адам Алла тарабынан түшкөн акыйкатты кайдыгерге (бейкапарга) эскертүү, билбегенге …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!