Уйку адеби

Уйку — Алла Тааланын пенделерине берген эң улуу неъматтарынын (жакшылыктарынын) бири болуп эсептелет. Анткени, адам баласы уктап тургандан кийин, анын денесиндеги бардык мүчөлөрү эс алып, көңүлү көтөрүлүп, Аллага көбүрөөк ибадат кылууга (сыйынууга) жардам берет.

قال الله تعالى: ﴿وَجَعَلْـــنَا نَوْمَكُمْ سُبَاتًا﴾ (النبأ: 9)

Алла Таала айтты: «Уйкуңарды (денеңер үчүн) эс алуучу убак кылдык». (Наба: 9)

Мусулман адам төмөнкү уйку адептерине көңүл буруусу зарыл:

1. Уйкуну эч бир себепсиз куптан намазынан кийин көпкө кечиктирбөө. Бир гана зарыл учурларда кечиктирсе болот. Мисалы: сабактарды кайталоо, конок менен сүйлөшүү жана үй — бүлө менен аңгемелешүү ж.б.у.с учурларда.

قَالَ أَبُو بَرْزَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ: «أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ يَكْرَهُ النَّوْمَ قَبْلَ الْعِشَاءِ وَالْحَدِيثَ بَعْدَهَا» {رواه البخاري:568 ومسلم:6311}  

Абу Барза (Алла андан ыраазы болсун) айтты: «Чынында Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) куптандан мурда уктаганды жана андан кийин (эч бир себепсиз) сүйлөшкөндү жаман көрчү».            (Бухарий: 568.Муслим: 6311)

2.  Даарат менен уктоого тырышуу.

قَالَ الْبَرَاءُ بْنُ عَازِبٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا: «قَالَ لِي رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِذَا أَتَيْتَ مَضْجَعَكَ فَتَوَضَّأْ وَضُوءَكَ لِلصَّلَاةِ»                       {رواه البخاري: 6311 ومسلم: 2710}

Аль — Бараа бин Аазиб (Алла андан ыраазы болсун) айтты: «Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) мага мындай деди: эгерде жатып-уктоону кааласаң, намазга даарат алганыңдай даарат ал»!  

      (Бухарий: 6311. Муслим: 2710)

3.  Оң колун жазданып,оң каптал менен жатуу. Уктагандан кийин сол капталына оодарылуунун же чалкасынан жатып калуунун зыяны жок.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ الْبَرَاءِ بْنِ عَازِبٍ: « إِذَا أَتَيْتَ مَضْجَعَكَ فَتَوَضَّأْ وَضُوءَكَ لِلصَّلَاةِ ، ثُمَّ اضْطَجِعْ عَلَى شِقِّكَ الْأَيْمَنِ»              {رواه البخاري: 6311 ومسلم: 2710}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) аль — Бараа бин Аазибке (бул жөнүндө) мындай деген: «Эгерде жатып-уктоону кааласаң, намазга даарат алганыңдай даарат ал, Андан кийин оң капталың менен жат»!                                                                                                              (Бухарий: 6311. Муслим: 2710)  

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِذَا أَوَيْتَ إِلَى فِرَاشِكَ وَأَنْتَ طَاهِرٌ فَتَوَسَّدْ يَمِينَكَ» {رواه أبو داود: 547}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Дааратуу абалыңда төшөгүңө (жатуу үчүн) келгениңде, оң колуңду жазданып жат»!          

         (Абу Давуд: 547)

4.  Күндүзү же түнү болсун уктоо үчүн жаткан кезде көмкөрөсүнөн жатпоо.

Анткени Пайгамбар (ага Алланын салават-саламдары болсун) бул абалда жатуудан кайтарган.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ  صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِنَّمَا هَذِهِ ضِجْعَةُ أَهْلِ النَّارِ» {رواه أبو داود: 5040}

Пайгамбар (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Албетте, ал (көмкөрөсүнөн) жатуу тозок ээлеринин жатуусу».                       (Абу Давуд: 5040)

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ  صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِنَّ هَذِهِ ضَجْعَةٌ لَا يُحِبُّهَا اللَّهُ» {رواه أبو داود: 5040}

Пайгамбар (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Албетте, бул  (көмкөрөсүнөн) жатууну Алла Таала жакшы көрбөйт».   (Абу Давуд: 5040)

5.  Уктоо алдында «уйку дубаларын» окуу. Сөзүн мына ушул дубалардын бирөөсү менен аяктоо керек.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِذَا أَتَيْتَ مَضْجَعَكَ فَتَوَضَّأْ وَضُوءَكَ لِلصَّلَاةِ ثُمَّ اضْطَجِعْ عَلَى شِقِّكَ الْأَيْمَنِ وَقُلْ اللَّهُمَّ أَسْلَمْتُ نَفْسِي إِلَيْكَ وَفَوَّضْتُ أَمْرِي إِلَيْكَ وَأَلْجَأْتُ ظَهْرِي إِلَيْكَ رَهْبَةً وَرَغْبَةً إِلَيْكَ لَا مَلْجَأَ وَلَا مَنْجَا مِنْكَ إِلَّا إِلَيْكَ آمَنْتُ بِكِتَابِكَ الَّذِي أَنْزَلْتَ وَبِنَبِيِّكَ الَّذِي أَرْسَلْتَ»     {رواه البخاري: 6311} Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Эгерде жатууну кааласаң, намазга даарат алганыңдай даарат ал! Андан кийин оң капталың менен жатып, (бул сөздөрдү) айткын: «Оо, Аллахым! Мен өз жанымды Сага тапшырдым, бардык иштеримде Сага тобокел кылдым, (Сенин сообуңду жана сыйгылыңды) каалагандыктан, (каарыңдан жана жазаңдан) корккондуктан бардык иштеримде Сага таяндым. Сенсиз баш калка да, кутулуу да жок. Сен түшүргөн Китепке жана Сен жиберген пайгамбарга ыйман келтирдим».   

Бул жакты да көргүлө

Алла Тааланын динине чакыруу (даават кылуу) адеби

Алла Тааланын динине даават кылуучу (чакыруучу) адам Алла тарабынан түшкөн акыйкатты кайдыгерге (бейкапарга) эскертүү, билбегенге …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!