АДЕПТЕР

Айбанаттар менен болгон адеп

Ислам дининде мээримдүүлүк адам баласына гана чектелбестен, айбанаттарга да жумшак мамиле кылууга буюрат. Анткени, алар деле Алла Тааланын жаракаткан макулуктары. Мына ошондуктан мусулман адам айбанаттар менен төмөнкүдөй адепте болушу керек: 1. Жем-чөпкө муктаж болсо, тамактандыруу. Суусаса, суусун берүү (Өз убагында жем-суусун берүү). قال رسول الله صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «يْنَمَا رَجُلٌ يَمْشِي بِطَرِيقٍ اشْتَدَّ عَلَيْهِ الْعَطَشُ فَوَجَدَ بِئْرًا فَنَزَلَ فِيهَا …

толук окуу »

Уруксат суроо адеби

Алла Таала башка бирөөлөрдүн үйүнө уруксатсыз кирүүдөн кайтарган. قال تعالى: ﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا لَا تَدْخُلُوا بُيُوتًا غَيْرَ بُيُوتِكُمْ حَتَّى تَسْتَأْنِسُوا وَتُسَلِّمُوا عَلَى أَهْلِهَا ذَلِكُمْ خَيْرٌ لَكُمْ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ فَإِنْ لَمْ تَجِدُوا فِيهَا أَحَدًا فَلَا تَدْخُلُوهَا حَتَّى يُؤْذَنَ لَكُمْ وَإِنْ قِيلَ لَكُمُ ارْجِعُوا فَارْجِعُوا هُوَ أَزْكَى لَكُمْ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ عَلِيمٌ﴾ (النور: 27-28) Алла Таала айтты: «Оо, ыйман келтирген пенделер! …

толук окуу »

Илим издөө (талап кылуу) адеби

Инсандын жаралуу максатын жана шарият милдеттерин билүү үчүн ислам дини илим издөөгө көңүл бурат. Илим издөө амал кылуудан мурда турат.   قال تعالى: ﴿فَاعْلَمْ أَنَّهُ لَا إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ وَاسْتَغْفِرْ لِذَنْبِكَ وَلِلْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ﴾  (محمد: 19) Алла Таала айтты: «Ошондуктан (Эй, Мухаммад), андан башка сыйынууга татыктуу Зат жок экендигин билгин! Жана өз күнөөң үчүн, анан дагы момун-эркек жана момун-аялдардын (күнөөлөрү) үчүн кечирим …

толук окуу »

Алла Тааланын динине чакыруу (даават кылуу) адеби

Алла Тааланын динине даават кылуучу (чакыруучу) адам Алла тарабынан түшкөн акыйкатты кайдыгерге (бейкапарга) эскертүү, билбегенге үйрөтүү жана адашканга туура багыт берүү менен чакырат.     قال تعالى: ﴿وَمَنْ أَحْسَنُ قَوْلًا مِمَّنْ دَعَا إِلَى اللَّهِ وَعَمِلَ صَالِحًا وَقَالَ إِنَّنِي مِنَ الْمُسْلِمِينَ﴾  (فصلت: 33) Алла Таала айтты: «Адамдарды (Алланын динине) үгүттөп үндөгөн жана өзү да жакшы иштер кылып, «Шек-күмөнсүз мен мусулмандарданмын» деген кишиден да …

толук окуу »

Жалпы мусулмандар менен болгон адеп

Диндеги (мусулман) бир туугандарды жакшы көрүү жана алардын укуктарын коргоо чыныгы мусулмандын көрүнүктүү (эң негизги) сапаттарынан болуп эсептелет. Анкени улутунун, өңү-түсүнүн жана тилинин башка экендигине карабастан аны диндеги бир тууганы менен бириктирип бекем байланыштырган нерсе ал – Алла Таалага ыйман келтирүү биримдиги (байланышы). قَالَ اللهُ تَعَالَى: ﴿إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ إِخْوَةٌ﴾ (الحجرات: 10) Алла Таала айтты: «Чындыгында, ыймандуулар — бир тууган»            (Хужурат: …

толук окуу »

Достор менен болгон адеп

Адамга достун таасири чоң болгондуктан, мусулман адам жакшы дос тандоого аракет кылуусу керек. Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) жакшы достун пайдаларын жана жаман достун зыяндарын баяндап мындай деген: قَالَ رَسُولُ اللهِ  صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَثَلُ الْجَلِيسِ الصَّالِحِ وَ الْجَلِيسِ السَّوْءِ كَحَامِلِ الْمِسْكِ ، وَنَافِخِ الْكِيرِ ، فَحَامِلُ الْمِسْكِ ، إِمَّا أَنْ يُحْذِيَكَ ، وَإِمَّا أَنْ تَبْتَاعَ مِنْهُ ، …

толук окуу »

Кошуна менен болгон адеп

Ислам дини мусулман адамды жанында жашаган кошунасы, бирге иштеген кесиптеши, жана бирге жүргөн сапарлашы менен эң жакшы мамиледе болууну үйрөтөт. قال تعالى: ﴿وَاعْبُدُوا اللَّهَ وَلَا تُشْرِكُوا بِهِ شَيْئًا وَبِالْوَالِدَيْنِ إِحْسَانًا وَبِذِي الْقُرْبَى وَالْيَتَامَى وَالْمَسَاكِينِ وَالْجَارِ ذِي الْقُرْبَى وَالْجَارِ الْجُنُبِ وَالصَّاحِبِ بِالْجَنْبِ وَابْنِ السَّبِيلِ وَمَا مَلَكَتْ أَيْمَانُكُمْ﴾ (النساء:  36) Алла Таала айтты: «Алла Таалага кулчулук (ибадат) кылгыла жана Ага эч нерсени …

толук окуу »

Туугандар менен болгон адеп

Жакындар менен туугандык байланышта болуу бул дүйнөдө ырыскынын кең, өмүрдүн узун болуусуна ал эми, Акыретте болсо, Алла Тааланын ыраазылыгына жана соопторуна жеткирүүчү себептерден болуп эсептелет.   قَالَ رَسُول َصَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «قَالَ مَنْ أَحَبَّ أَنْ يُبْسَطَ لَهُ فِي رِزْقِهِ وَيُنْسَأَ لَهُ فِي أَثَرِهِ فَلْيَصِلْ رَحِمَهُ» ‌ {رواه البحاري: 5986 ومسلم: 2557} Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимде-ким, ырыскысынын …

толук окуу »

Жубайлар ортосундагы адеп

Алла Таала пенделерин жубу мене жараткан. Ошондуктан Ислам дини да жуптукта өмүр сүрүүгө кызыктырат. قال تعال: ﴿وَاللَّهُ جَعَلَ لَكُمْ مِنْ أَنْفُسِكُمْ أَزْوَاجًا وَجَعَلَ لَكُمْ مِنْ أَزْوَاجِكُمْ بَنِينَ وَحَفَدَةً وَرَزَقَكُمْ مِنَ الطَّيِّبَاتِ أَفَبِالْبَاطِلِ يُؤْمِنُونَ وَبِنِعْمَةِ اللَّهِ هُمْ يَكْفُرُونَ﴾    {النحل: 72} Алла Таала айтты: «Алла силер үчүн өзүңөрдөн жуптарды жаратып, жуптарыңардан силер үчүн балдарды, неберелерди жаратты жана силерди адал — таза ырыскылар …

толук окуу »

Балдар менен болгон адеп

Алла Таала ата-эненин жүрөгүнө балдарына болгон ырайымдуулук, мээримдүүлүк жана аёо сезимдерин жараткан. Ал сезимдер бала тарбиялоодо, аларды келечекке даярдоодо, калыптануусуна жана келечекте жакшы натыйжаларды берүүдө эң чоң роль ойнойт. Мына ошондуктан Ислам шарияты жүрөктөргө мээримдүүлүктү бекемдеп, ата-энелерди ал сыпат менен калыптанууга кызыктырат. Мусулман адам өз балдарына карата төмөнкү адептерге көңүл бурганы жакшы: 1.  Балдарына мээрим төгүп, ырайымдуу болуу. قَالَ أَبُو …

толук окуу »
САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!