Үйдү жиндер жана шайтандардан коргоо

Үйдү жиндер жана шайтандардан коргоо!

  1. Үйгө кирип келе жатканда Аллахты эстөө. Абу Малик аль Ашари – пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай деп айтканын риваят кылат: “Качан адам үйгө кирип келе жатканда мындай деп айтсын: Бисмилляhи, уалажна уа бисмилляhи хоражна уа аля роббина тауаккальна
    “ Аллахтын ысымы менен кирдик жана Аллахтын ысымы менен чыктык жана Аллахка үмүт арттык”. Андан соӊ үй-бүлөө мүчөлөрүнө салам айтат. (Абу Давуд келтирет).
  2. «Ассалям алейкум рахматуллахи ва баракатуh» деп үй-бүлө мүчөлөрүнө Салам айтуу.
    Аллах Субхана уа Тааля айтты: «Эгер үйлөргө кирсеңер өзүңөргө Аллаhтын алдынан келген, таза, берекеттүү саламды бергиле». (Нур: 24:61).
  3. Тамактануу алдында «Бисмиллахи» деп Аллахтын ысымы менен баштоо.
    Джабир пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай деп айтканын укканын кабарлайт: «Адам өз үйүнө кирип жатып жана тамак ичээр алдында Аллахтын ысымын эстегенде шайтан өз жан-жөкөрлөрүнө айтат: «Бул үйдө силерге түнөк да, тамак да болбойт». Ал эми качан гана ал үйүнө кирип жатып Аллахтын ысымын атабаса шайтан өз жан-жөкөрлөрүнө: “Бул үйдө силерге түнөк” деп айтат. Жана качан ал тамак ичээрде Аллахтын ысымын атабаса шайтан өз жан-жөкөрлөрүнө айтат: “Бул үйдө силерге түнөк да, тамак да бар”.
  4. Үйдө Куръан окуу.
    Ибн Масуд айткан: «Үйүӊөрдө Куръандын «Бакара» сүрөөсүн окугула, анткени чынында бул сүрөө окулган үйгө шайтан кирбейт». (Биздин учурда Куръан окуганды билбегендер үйүнө Куръандын «Бакара» сүрөөсүнүн дискке жазылган аудиосун күнүнө кеминде бир жолу коюп койсун)
  5. Үйдү Иблистин добушунан (музыкадан) тазалоо
    Аллах Субхана уа Тааля айтты: «(О Иблис) Алардын кимисине алың жетсе, добушуң менен (эле) азгырып ал!» («Исраа», 17: 64).
    (Лукман сүрөөсү 6 аятты да кара.)
    Ибн Аббас, ибн Масуд жана ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) Иблистин добушу – бул жахилия ырлары жана музыка деп айтышкан.
    Бул азыркы күндөгү музыкалык аспаптын баардык түрү коштогон баардык ырлар.
  6. Үйдү коӊгуроодон тазалоо.
    Абу Хурайра пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай деп айтканын укканын кабарлайт: “Коӊгуроо Иблистин чоору». (Муслим)
    Абу Хурайра пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай дегенин риваят кылат: «Периштелер жанында ит жана коӊгуроо бар адамдарга жолобойт». (Муслим)
  7. Үйлөрдү башка диндерге тийиштүү атрибуттардан (крест, икона, бутпарас, фен-шуй ж.б.) тазалоо
    Айша (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) үйдө крести бар нерселерди талкалап, жок кылаарын кабарлаган. (Аль – Бухари).
  8. Үйлөрдү (жандыктар тартылган) сүрөттөрдөн, скульптуралардан жана эстеликтерден тазалоо.
    Абу – Хурайра риваят кылган хадисте пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай деп айтканы кабарланат: «Периштелер сүрөт (фотография) жана эстеликтер (айкел) бар үйгө киришпейт». (Муслим).
    Бул тизмеге тал-терек, дарыя, деӊиз жана башка жансыз нерселередин сүрөттөрү кирбейт.
  9. Үйлөрдү иттерден тазалоо.
    Абу Тальха пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай деп айтканын укканын кабарлайт: «Периштелер иттер жана сүрөттөр бар үйгө киришпейт». (Бухари, Муслим).Бул тизмеге өӊү кара эмес кароолчу жана мал баккандагы иттер гана кирбейт анткени пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): «Кара ит – бул шайтан» деп, аны өлтүрүүгө буйруган. (Муслим)
  10. Үйдөн нафил намаздардыкөп окуу
    Ибн Умар пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай дегенин кабарлайт: “Үйүӊөрдү мүрзөгө айлантпай кээ бир намаздарыӊарды үйдөн окугула ” (Бухари, Муслим). (Мүрзөлөрдө шайтандар жашайт).
  1. Жакшы сөз жана жаркын жылмайуу.
    Аллах Субхана уа Тааля айтты: «(О, Мухаммад), Менин пенделериме айт, эң жакшы сөздөрдү сүйлөшсүн. Шайтан алардын арасын бузуп жүрөт. Чынында, шайтан – инсандын анык душманы» («Исраа»:17: 53). Б.а. үйдө болгондо бири бирине жаман сөздөрдү айтып, урушпай, жакшы гана сөздөрдү айтуу.
    Үйдөн сыртка чыгаар алдында айтылчу дуба.
    Анас (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай дегенин кабарлайт: “Ким үйүнөн чыгып жатып “Бисмилляhи таваккальту аляллоhи ля хауля уаля куата илля билляh”
    “Аллаhтын ысымы менен Аллаhка тобокел кылдым (өзүмдү
    тапшырдым. Аллаhтын күчүнөн башка күч жана Аллаhтын кубатынан башка кубат жок!”, деп айтса, ага мындай деп айтылат: «Сен коргоо алдында жана туура жолдосуң» жана андан шайтандар алыс кубаланат (Бул хадисти Абу Давуд жана Термизи келтиришет).

▫️▪️▫️▪️▫️▪️▫️▪️
СҮННӨТ ЖОЛУ

🔹youtube.com/c/SUNNAKG/
🔹t.me/sunnakgcom
🔸instagram.com/sunnakgcom

Бул жакты да көргүлө

Сыйкырды жандыруу дубасы

Бул Рукъяны наушник менен күнүгө 2-3 маал угуш керек, 2-3 айга чейин! Аллах таала гана …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!