Мисвак жыгачын колдонуу адеби

Мисвак жыгачын колдонуу бул – сүннөт.

قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «السِّوَاكُ مَطْهَرَةٌ لِلْفَمِ مَرْضَاةٌ لِلرَّبِّ» {رواه البخاري: 27}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Мисвак бул – оозду тазалоочу жана Алла Тааланы ыраазы кылуучу (өсүмдүк)»    (Бухарий: 27) 

Кээ бир убакыттарда мисвак колдонуу мустахаб (жакшы көрүлгөн) болот. Алардын кээ бирлерин айта кетсек:

1. Уйкудан турган учурда. Себеби, мисвак ооздогу жагымсыз жыттарды кетирет.

قَالَ حُذَيْفَة ُرَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ: «كَانَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِذَا قَامَ مِنْ اللَّيْلِ يَشُوصُ فَاهُ بِالسِّوَاكِ» {رواه البخاري: 245 ومسلم: 255}

Хузайфа (Алла андан ыраазы болсун) айтты: «Пайгамбар (ага Алланын салават-саламдары болсун) түнкүсүн уйкудан турганда оозун миисвак менен тазалаар эле»                                                                                  (Бухарий: 245. Муслим: 255)

2. Үйгө жана мечитке кирээр алдында колдонуу.

قَالَ شُرَيْحُ بن هانيء رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ: «سَأَلْتُ عَائِشَةَ رَضِيَ اللهُ عنها بِأَيِّ شَيْءٍ كَانَ يَبْدَأُ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِذَا دَخَلَ بَيْتَهُ قَالَتْ بِالسِّوَاكِ»     {رواه مسلم: 253}

Шурайх бин Хаани айтты: Айшадан (Алла андан ыраазы болсун) пайгамбар (ага Алланын салават-саламдары болсун) үйүнө киргенде эмне нерсе менен баштаар эле?-деп сураганымда, айтты: «Мисвак менен»                       (Муслим: 253) 

3. Даарат алаарда жана намаз окуур алдында колдонуу.

قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَوْلَا أَنْ أَشُقَّ عَلَى أُمَّتِي لَأَمَرْتُهُمْ بِالسِّوَاكِ عِنْدَ كُلِّ صَلَاةٍ» {رواه البخاري: 27 ومسلم: 252}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Эгерде менин үммөттөрүмө оор болбогондо, ар бир намаз алдында мисвак колдонууну буйураар элем».                                                              (Бухарий: 27. Муслим: 252)

Бул жакты да көргүлө

Алла Тааланын динине чакыруу (даават кылуу) адеби

Алла Тааланын динине даават кылуучу (чакыруучу) адам Алла тарабынан түшкөн акыйкатты кайдыгерге (бейкапарга) эскертүү, билбегенге …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!