КУРАНДЫ КАНДАЙ НИЕТ МЕНЕН ОКУШ КЕРЕК?

КУРАНДЫ КАНДАЙ НИЕТ МЕНЕН ОКУШ КЕРЕК?
Көп мусулмандар Куранды аны окуудагы көптөгөн улуу фазилеттерди жана пайдаларды унутуп, сооп алыш үчүн гана окуш керек деп жаңылыш ойлошот, Куранды окууда ниетти туура койуу менен көптөгөн соопторду алууга болот, анткени пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): «Чындыгында амалдар ниетке жараша болот, ошондуктан пенде эмнени ниет кылса, ошону алат» деген. Ошондуктан Куранды төмөнкү ниеттер менен окуңуздар:

  1. Куранды илим алып, аны ээрчүү ниети менен окуңуз.
  2. Куранды Аллах бизди жана биздин үй-бүлөөбүздү туура жолго салсын, анткени ал туура жол жана колдонмо деген ниет менен окуңуз.
  3. Куранды Аллахка кайрылуу ниети менен окуңуз.
  4. Куранды баардык ачык жана көмүскө оорулардан гыфаа издөө ниети менен окуңуз.
  5. Куранды Аллах сизди караңгылыктан жарыкка чыгарсын деген ниет менен окуңуз.
  6. Куранды ал катып калган жүрөк үчүн шыфаа, анда жүрөктөр үчүн тынчтык бар жана ал шек-күмөндү жок кылат деген ниет менен окуңуз.
  7. Куранды ал себептүү көз тийүү жана көз артуучунун зыянынан сактаныш ниети менен окуңуз.
  8. Куранды капарсыз адамдардын катарында болбой, Аллахты эстеп жүргөндөрдүн катарында болойун деген ниет менен окуңуз.
  9. Куранды Аллахка болгон ыйман жана ишенимдүүлүгүмдү бекемдейм деген ниетте окуңуз.
  10. Куранды Аллахтын буйруктарын ээрчийм деген ниет менен окуңуз.
  11. Куранды сооп табам деген ниет менен окуңуз, анткени анын ар бир тамгасына сооп бар, ал соопту Аллах каалаган пендесине эселеп көбөйтөт.
  12. Куранды Сот күнү шафаатына ээ болуш үчүн окуңуз.
  13. Куранды пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) насаатына ээрчийм деп окуңуз, анткени ал айткан: «Куран окугула».
  14. Кураныд Аллах даражаңызды жогорулатсын деп окуңуз.
  15. Куранды Аллахты зикр кылуу жана Ага Анын Сөзү себептүү жакындоо ниети менен окуңуз.
  16. Куранды Тозок отунан жана жазадан сактануу ниети менен окуңуз.
  17. Куранды Аллах сизди жана сиздин үй-бүлөөңүздү сыйкырчылардын айла-амалдарынан сакташы үчүн окуңуз.
  18. Куранды Акыреттик жашоодо Аллахтын ырайым жана жакшылыгына жетиш үчүн окуңуз.
  19. Куранды окуңуз, анткени аны окуу себептүү баардык кайгы жана кооптонуулар жок болот.
  20. Куранды ал себептүү Аллах сиздин дубаларыңызга жооп бериш үчүн окуңуз.
  21. Куранды ал кабыр жана Сырат көпүрөсүндө сиздин жолдошуңуз болушу үчүн окуңуз.
  22. Куранды пайгамбарыбызга (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) берилген өзгөчө жакшы адеп-ахлакты өзүңүздө да тарбиялаш үчүн окуңуз.
  23. Куранды өзүңүздү жалган менен эмес, акыйкат менен алек кылыш үчүн.
  24. Куранды өз нафс, шайтан жана каалоолоруңуз менен күрөшүү үчүн окуңуз.
  25. Куранды Акырет күнү Аллах сиз менен каапырлардын ортосунда көрүнбөгөн тосмо коюш үчүн окуңуз, анткени Аллах Куранда айтат: «Эгер Кураан окусаң, сени менен Акыретке ишенбегендердин арасына тосулган парда тартып койобуз» (Исро:45).
  26. Куранды дайыма жана баардык абалда Куран окуңуз, анткени биздин сүйүктүү пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айткан: «Силердин эң жакшыңар Куранды үйрөнгөндөр жана аны башкаларга үйрөткөндөр» (имам аль-Бухари).
САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!