Зулумдук бул бир нерсени өз ордунан башка жерге коюу.Ал жамандалган сапаттардан болгондуктан Алла Таала Өзүн-өзү зулумдуктан аруулап, мындай деген:
قال تعالى: }إِنَّ اللَّهَ لَا يَظْلِمُ النَّاسَ شَيْئًا وَلَكِنَّ النَّاسَ أَنْفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ{ (يونس: 44)
Алла Таала айтты: «Акыйкатта, Алла Таала адамдарга эч кандай зулумдук кылбайт. Бирок, адамдар өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылып алышат». (Юнус: 44)
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِيمَا يَرْوِيهِ عَنْ رَبِّهِ أَنَّهُ قَالَ :«يَا عِبَادِي إِنِّي حَرَّمْتُ الظُّلْمَ عَلَى نَفْسِي وَجَعَلْتُهُ بَيْنَكُمْ مُحَرَّمًا فَلَا تَظَالَمُوا» {رواه مسلم: 2577}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) Раббысынан риваят кылган (Хадис Кудсийде) айтты: Алла Таала айтты: «Оо, менин пенделерим! Мен Өз нафсима зулумдукту арам кылдым. Аны силердин араңарда да арам кылдым. Ошондуктан бири-бириңерге зулумдук кылбагыла!». (Муслим: 2577)
Жеке адамдын же коомчулуктун башына түшкөн балээ-кырсыктын баары зулумдук себептүү болот. Бул чындыкты Алла Таала Куранда тастыктап мындай деген:
قال تعالى: }وَمَا كَانَ رَبُّكَ مُهْلِكَ الْقُرَى حَتَّى يَبْعَثَ فِي أُمِّهَا رَسُولًا يَتْلُو عَلَيْهِمْ آَيَاتِنَا وَمَا كُنَّا مُهْلِكِي الْقُرَى إِلَّا وَأَهْلُهَا ظَالِمُونَ { (القصص: 59)
Алла Таала айтты: «Сенин Рабың эч бир шаарлардын (борборуна) Биздин аяттарыбызды окуп берүүчү бир Пайгамбар жибермейинче кыйратпайт. Биз элдери (ошол Пайгамбарга баш ийбей) заалым болгон шаарларды гана кыйратуучубуз». (Касас: 59)
قال تعالى: }وَمَا كَانَ رَبُّكَ لِيُهْلِكَ الْقُرَى بِظُلْمٍ وَأَهْلُهَا مُصْلِحُونَ { (هود: 117)
Алла Таала айтты: «Сенин Рабың эч качан элдери түзөтүүчү (жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруучу) болгон шаарларды адилетсиздик менен кыйраткан эмес».[1] (Худ: 117)
Алла Таала бизди зулумдук кылуудан алыс болууга буюрган. Анткени, анын акыбети (натыйжасы) коркунучтуу. Бул дүйнөдө зулумдук кылган адамга зулумдукка кабылгандын (жаман) дубасы жетет. Анткени, анын дубасы менен Алла Тааланын ортосунда эч кандай тосмо жок.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «اتَّقِ دَعْوَةَ الْمَظْلُومِ فَإِنَّهَا لَيْسَ بَيْنَهَا وَبَيْنَ اللَّهِ حِجَابٌ»
{رواه البخاري: 2443 والترمذي: 2014}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Зулумдукка кабылгандын дубасынан сактангын! Анткени, аны(н дубасы) менен Алла Тааланын ортосунда эч кандай тосмо жок».
(Бухарий: 2443. Тирмизий: 2014)
Зулумдукка кабылган адамдын мусулман болуусу шарт эмес. Алла Таала зулумдукка кабылган каапырдын да дубасын кабыл кылат. Анткени, анын каапырлыгы өзү үчүн . Кыямат күнү ага өзү жооп берет.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «اتَّقُوا دَعْوَةَ الْمَظْلُومِ وَإِنْ كَانَ كَافِرًا فَإِنَّهُ لَيْسَ دُونَهَا حِجَابٌ» {حديث حسن رواه أحمد:3/153}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Эгер каапыр болсо да зулумдукка кабылгандын дубасынан сактангыла! Анткени, анын алдында эч кандай тосмо жок»! (Ахмад: 3/153)
Ал эми, акыретте болсо, зулумдук көп карангылыктарга (кыйынчылыктарга) айланат.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «اتَّقُوا الظُّلْمَ فَإِنَّ الظُّلْمَ ظُلُمَاتٌ يَوْمَ الْقِيَامَةِ» {رواه مسلم: 2578}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Зулумдук кылуудан сактангыла! Анткени, ал Кыямат күнү көп караңгылыктарга (кыйынчылыктарга) айланат». (Муслим: 2578)
Зулумдук экиге бөлүнөт:
1. Пенденин өзүнө кылган зулумдугу.
Анын эң оору (азабы катуусу) Алла Таалага шерик кошуу.
قال تعالى: }وَإِذْ قَالَ لُقْمَانُ لِابْنِهِ وَهُوَ يَعِظُهُ يَا بُنَيَّ لَا تُشْرِكْ بِاللَّهِ إِنَّ الشِّرْكَ لَظُلْمٌ عَظِيمٌ{ (لقمان: 13)
Алла Таала айтты: «Бир кезде Улукман уулуна насаат кылып, (мындай) деди: “Оо,уулум (ибадатта) Алла Таалага шерик кошпогун! Акыйкатта, ширк – өтө чоң зулумдук”»! (Лукман: 13)
Андан (ширктен) кийин чоң, анан кичине күнөөлөр турат.
قال تعالى: }وَإِذَا طَلَّقْتُمُ النِّسَاءَ فَبَلَغْنَ أَجَلَهُنَّ فَأَمْسِكُوهُنَّ بِمَعْرُوفٍ أَوْ سَرِّحُوهُنَّ بِمَعْرُوفٍ وَلَا تُمْسِكُوهُنَّ ضِرَارًا لِتَعْتَدُوا وَمَنْ يَفْعَلْ ذَلِكَ فَقَدْ ظَلَمَ نَفْسَهُ{ (البقرة: 231)
Алла Таала айтты: «Аялдар(ыңар)га талак берсеңер, күтүү мөөнөтү (иддасы) жеткен учурда жакшылык менен кайра алып калгыла, же алардан жакшылык менен ажырашкыла. Аларга зыян берүү максатында кармап турбагыла[2]. Кимде-ким ошондой кылса, өзүнө-өзү зулумдук кылган болот».
Түшүндүрмө: Талак берилген аял күтүү мөөнөтү бүтөөрү менен башка эрге тийүүгө акысы бар. Ошондуктан аялдарына талак берген эркектер алардын бул мөөнөтү бүтпөй туруп (бир же эки талактан кийин), кайрадан өз никелерине алуулары мүмкүн. Айрым адамдар аялдары менен бирге жашоо үчүн кайра никелерине алышса, кээ бир адамдар аларды башка менен турмуш куруусунан тосуу үчүн никелерине алышат да, ошол жол менен аялдарын талак алуу үчүн акы төлөөгө (хулъу) мажбур кылышат. Жогорудагы аят мындай адамдарды өздөрүнө зулум кылуучулар деп атайт. (Бакара: 231)
2. Пенденин башкаларга кылган зулумдугу.
Мисалы: Башкалардын мал-мүлкүн, акысын тартып алуу, денесине зыян жеткирүү, абийрине шек келтирүү ж.б.у.с. шарияттагы тыюу салынган нерселер.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلى اللهُ عليه وسلّم: «إِنَّ دِمَاءَكُمْ وَأَمْوَالَكُمْ وَأَعْرَاضَكُمْ عَلَيْكُمْ حَرَامٌ» {رواه البخاري: 67 ومسلم: 1679}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Албетте, силердин каныңар (жаныңар) мал-мүлкүңөр жана абийириңер силерге арам».
(Бухарий: 67. Муслим: 1679)
Мусулман адам башкаларга зулумдук кылып, мал-мүлкүн тартып алган болсо, кайтарып бергенге ашыгат. Абийирине шек келтирген болсо, андан кечирим сурап-ыраазылашат. Анте албай калса, анын акысына дуба кылат. Алла Таалага тообо кылып, күнөөсүн кечирүүсүн сурайт. Кылган кылыгына өкүнүп кайра андай нерсеге барбайт.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَنْ كَانَتْ لَهُ مَظْلَمَةٌ لِأَخِيهِ مِنْ عِرْضِهِ أَوْ شَيْءٍ فَلْيَتَحَلَّلْهُ مِنْهُ الْيَوْمَ قَبْلَ أَنْ لَا يَكُونَ دِينَارٌ وَلَا دِرْهَمٌ، إِنْ كَانَ لَهُ عَمَلٌ صَالِحٌ أُخِذَ مِنْهُ بِقَدْرِ مَظْلَمَتِهِ، وَإِنْ لَمْ تَكُنْ لَهُ حَسَنَاتٌ أُخِذَ مِنْ سَيِّئَاتِ صَاحِبِهِ فَحُمِلَ عَلَيْهِ» {رواه البخاري: 2449}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимде-ким, (диндеги) бир тууганынын абийирине (шек келтирип) же башка нерсесине зулум кылган болсо, андан бүгүн (бул дүйнөдө) динар жана дирхам жок болгончо кутулсун! Анын салих (жакшы) амалы болсо, зулумдугунун өлчөмүнчө алынып, (зулумдукка кабылганга берилет). Жакшы амалдары жок болсо, жолдошунун(зулумдукка кабылгандын) күнөөлөрү алынып, ага жүктөлөт». (Бухарий: 2449)
[1] Кайсы шаар же мамлекеттин эли жакшылыктарды жасоо менен бирге жамандыкка каршы күрөшө турган агартуучу эл болсо, Алла Таала алардын башына азап жибербейт.
[2] Талагын бербей, же чогуу жашабай, аялыңарды “асылган абалда” арасат (же ары эмес же бери эмес) калтырып кыйнап, зулумдук кылбагыла!