Көрө албастык бул башкаларга берилген нээмат (жакшылык) тын кетүүсүн (жок болуусун) каалоо. Ал мусулман адамга ылайык келбеген жаман сапаттардан болуп саналат.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «دَبَّ إِلَيْكُمْ دَاءُ الْأُمَمِ قَبْلَكُمْ الْحَسَدُ وَالْبَغْضَاءُ هِيَ الْحَالِقَةُ لَا أَقُولُ تَحْلِقُ الشَّعَرَ وَلَكِنْ تَحْلِقُ الدِّينَ وَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ لَا تَدْخُلُوا الْجَنَّةَ حَتَّى تُؤْمِنُوا وَلَا تُؤْمِنُوا حَتَّى تَحَابُّوا أَفَلَا أُنَبِّئُكُمْ بِمَا يُثَبِّتُ ذَاكُمْ لَكُمْ أَفْشُوا السَّلَامَ بَيْنَكُمْ» {رواه الترمذي: 2510}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Силерге мурдакы коомдордун оруусу билинбей кирип келди: көрө албастык жана жек көрүү. Ал (жек көрүү) кыруучу. Ал чачты кырат деп айтпаймын. Ал динди кырат (түп-тамырынан жок кылат). Менин жаным Анын колунда болгон Затка касам, ыймандуу болмойунча бейишке кире албайсынар. Бири-биринерди жакшы көрмөйүнчө (толук) ыймандуу боло албайсынар. Силерге аны (жакшы көрүүнү) бекемдей турган нерсенин кабарын берейинби? Араңарда саламды жайылткыла»! (Тирмизий: 2510)
Көрө албас адам башкаларга берилген нээмат (жакшылык)ты көрөөр замат андан кетип, өзүнө өтүп калуусун каалайт. Кээде каалоо менен эле чектелип калбастан анын артынан ага жетүүгө аракет да кылат.
Алла Таала бизге көрө албас кишилердин көрө албастыктарынын жамандыгынан коргонуу суроону буюрган.
قال تعالى: } وَمِنْ شَرِّ حَاسِدٍ إِذَا حَسَدَ{ {الفلق: 5}
Алла Таала айтты: «(Айткын Эй Мухаммед): Көрө албастардын кызгангандагы жамандыгынан[1] (таңдын Эгесинин менен жардамы менен сактанам)». (Фалак: 5)
Жөөттөр пайгамбарды (ага Алланын салават-саламдары болсун) жана ал алып келген динди көрө албагандыктарынан каапыр болушкан. Аны менен эле чектелип калбастан момундарды диндеринен кайтаруу үчүн түрдүү айла-амалдарды кылышкан.
قال تعالى: }وَدَّ كَثِيرٌ مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ لَوْ يَرُدُّونَكُمْ مِنْ بَعْدِ إِيمَانِكُمْ كُفَّارًا حَسَدًا مِنْ عِنْدِ أَنْفُسِهِمْ مِنْ بَعْدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُمُ الْحَقُّ{ {البقرة: 109}
Алла Таала айтты: «Китеп ээлеринин көпчүлүгү, аларга чындык анык билинип калгандан кийин деле, өздөрүндө болгон көрөалбастыктан улам, силерди ыймандуу болгонуңардан соң каапырчылыкка кайтарууну абдан каалашат». (Бакара: 109)
Көрө албастык момундарды бөлүп-жарат. Бир туугандык түйүндү үзүп, араларында жек көрүүнү пайда кылат.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلى اللهُ عليه وسلّم: «لَا تَحَاسَدُوا وَلَا تَنَاجَشُوا وَلَا تَبَاغَضُوا وَلَا تَدَابَرُوا وَلَا يَبِعْ بَعْضُكُمْ عَلَى بَيْعِ بَعْضٍ وَكُونُوا عِبَادَ اللَّهِ إِخْوَانًا» {رواه مسلم: 2563}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Бири-бириңерге көрө албастык кылбагыла! (Албай эле) бири-бириңерге (буюмдун) баасын көтөрбөгүлө! Бири-бириңерди жек көрбөгүлө! Бири-бириңерге жүз буруп, артыңарды салбагыла! Кээ бириңер кээ бириңердин соодасынын үстүнө соода кылбасын! Алла Тааланын пенделери бир туугандай (мамиледе) болгула!» (Муслим: 2563)
Алла Тааланын башкаларга берген жакшылыгындай жакшылыктын өзүндө болуусун каалоо көрө албастык болуп эсептелбейт. Ал Гибта (суктануу) деп аталат.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَا حَسَدَ إِلَّا فِي اثْنَتَيْنِ رَجُلٌ آتَاهُ اللَّهُ الْقُرْآنَ فَهُوَ يَقُومُ بِهِ آنَاءَ اللَّيْلِ وَآنَاءَ النَّهَارِ وَرَجُلٌ آتَاهُ اللَّهُ مَالًا فَهُوَ يُنْفِقُهُ آنَاءَ اللَّيْلِ وَآنَاءَ النَّهَارِ» {رواه مسلم: 815}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Эки нерседе гана суктанса (гибта кылса) болот: Алла Таала Куран берип (каары) ага күнү-түнү амал кылган адамга жана Алла Таала мал-дүйнө берип, аны күнү-түнү (Алла жолунда) сарптаган адамга». (Муслим: 815)
Качан пенде Алла Тааланын ага берген жакшылыктары жөнүндө ой жүгүртүп, дүйнөдөгү өзүнөн ылдый (кедейирээк) адамга караса, анда ал анын көрө албастыктан алыс болуп, (Алла Таалага) шүгүр кылуусуна себеп болмок.
[1] `Айша (Алла андан ыраазы болсун) эскерет: “Пайгамбар (ага Алланын салават-саламдары болсун) уктаардын алдында эки колунун бармактарын тийиштирип, анан “Кул хува ллаху ахад…”, “Кул аөуузу бирабби-л-фалаки …”, “Кул аөуузу бирабби-ннааси…” сүрөлөрүн окуп, аларга дем салып (үйлөп) , анан башынан, бет жана алды жагынан баштап бүт жеткен жерине чейин сылап өтөөр эле жана муну үч ирет кайталачу.”