Ушак (сөз ташуу)

Ушак бул адамдардын арасын бузуу үчүн сөз ташуу (биринин сөзүн экинчисине жеткирүү). Ал Алла Тааланын газабына (каарына) жана азабына себеп боло турган чөң күнөөлөрдөн болуп саналат.

                قال تعالى: } هَمَّــازٍ مَشَّاءٍ بِنَمِيــمٍ {   (القلم:11)

 Алла Таала айтты: «(адамдардын арасын бузуу үчүн) ушак таратып жүрүүчү шылдыңчыларга (моюн сунба)!»                                                                  (Калам: 11)

قال تعالى: } مَا يَلْفِظُ مِنْ قَوْلٍ إِلَّا لَدَيْهِ رَقِيبٌ عَتِيدٌ {   (ق:18)

 Алла Таала айтты: «Канадай гана сөз сүйлөбөсүн, анын алдында күзөтчү-даяр ((эки периште) турат»                                                                               (Каф: 18)

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «أَلَا أُنَبِّئُكُمْ مَا الْعِضَـةُ هِيَ النَّمِيمَةُ الْقَالَةُ بَيْنَ النَّاسِ» {رواه مسلم: 2606}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Силерге үммөттү эмне болуп-жараарын айтайынбы? Ал адамдардын арасын бузуу үчүн биринин сөзүн экинчисине жеткирүү».                                          (Муслим: 2606)

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَا يَدْخُلُ الْجَنَّةَ قَتَّاتٌ » {رواه البخاري: 6056 ومسلم: 105}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Ушакчы бейишке кирбейт».                                                                     (Бухарий: 6056. Муслим: 105)

عَنْ ابْنِ عَبَّاسٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا أنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ مَرَّ بِقَبْرَيْنِ فَقَالَ: إنَّهُمَا يُعَذَّبَانِ، وَمَا يُعَذَّبَانِ فِي كَبِيرٍ، بَلَى إنَّهُ كَبِيرٌ، أَمَّا أَحَدُهُمَا فَكَانَ يَمْشِي بِالنَّمِيمَةِ، وَأَمَّا الْآخَرُ فَكَانَ لَا يَسْتَتِرُ مِنْ بَوْلِهِ »                       {رواه البخاري: 216 ومسلم: 292}

Ибну Аббастан (Алла Таала ал экөөнөн ыраазы болсун) Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) эки кабырдын (мүрзө) жанынан өтүп баратып, айтты: «Бул экөө азапталып жатат. Андан арылуу оор болбогон күнөө себептүү азапталып жатышат. Ооба, Ал (экөө тең) чоң күнөө. Алардын бирөөсү: тынбай чагымчылык кылып жүргөн. Ал эми, экинчиси болсо, сийдигинен тазаланбайт эле».                                                 (Бухарий: 216. Муслим: 292)

Ислам жек көрүү, бири-бири менен чатакташуу жана кек сактоо ж.б.у.с. жаман сапаттардан алыс болуп, ынтымактуулукка, достукка жана өз ара жардамдашууга чакырган дин. Ошондуктан мусулман адам укканына эле ишенип, күмөндү ээрчибестен жакшылап анын чын-төгүнүн териштирүүсү  зарыл.

قال تعالى: }يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا إِنْ جَاءَكُمْ فَاسِقٌ بِنَبَإٍ فَتَبَيَّنُوا أَنْ تُصِيبُوا قَوْمًا بِجَهَالَةٍ فَتُصْبِحُوا عَلَى مَا فَعَلْتُمْ نَادِمِينَ{   (الحجرات: 6)

 Алла Таала айтты: «Оо, ыйман келтирген пенделер! Эгер силерге бир күнөөлүү адам (кандайдыр) кабар алып келсе, Силер (акыйкатты) билбей туруп айрым бир коомго кайгы жеткирип коюп, анан  кылган  ишиңерге өкүнүп калбашыңар үчүн (ал алып келген кабарды) жакшылап (чын-төгүнүн) териштиргиле»!                                                                                         (Хужурат: 6)

Бул улуу бир жол-жобо. Мусулмандар ушуга эле амал кылышканда, анда алар ушак-айыңдан алыс болуп, ынтымактуу жашашмак.

Бул жакты да көргүлө

Сараңдык

Сараңдык бул кедей болуп калуудан коркуп мал-дүйнөсүн сарптабоо. Алла Таала сараңдыктан эскертип мындай деген:                …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!