Кыйбат бул бир адамды ал жок кезде (анын денесине, динине, нафсине, кулк-мүнөзүнө, мал-дүйнөсүнө, ата-энесине, баласына, аялына, кызматчысына, кийимине ж.б.у.с. ага тиешеси бар нерселерде) укканда жаман көрө турган нерселер менен эскерүү.
قال تعالى: }وَلَا تَجَسَّسُوا وَلَا يَغْتَبْ بَعْضُكُمْ بَعْضًا أَيُحِبُّ أَحَدُكُمْ أَنْ يَأْكُلَ لَحْمَ أَخِيهِ مَيْتًا فَكَرِهْتُمُوهُ وَاتَّقُوا اللَّهَ إِنَّ اللَّهَ تَوَّابٌ رَحِيمٌ{ {الحجرات: 12}
Алла Таала айтты: «(Мусулмандардын айыптарынын артынан) тыңчылык кылбагыла жана бири-бириңерди кыйбат кылбагыла! Силердин бириңер өзүнүн өлгөн бир тууганынын этин жегенди жактырабы?![1] Жактырбайсынар го! Алла Тааладан корккула! Алла Таала тообаларды Кабылдоочу, Боорукер»! (Хужурат: 12)
Мусулман адам диндеги бир тууганын ал жок кезде андагы болгон айып-кемчиликтер менен да эскербейт. Себеби көптөгөн адамдар биз анын айыптарын гана айтып жатабыз. Анда жок нерсени айткан жокпуз да – деп актанышат. Өздөрүнүн бул кылган кылыктарын кыйбат эмес деп ойлошот. Акыйкатта ал кыйбаттын дал өзү. Ал эми, анда жок нерселерди айтса, анда ал – жалаа болуп калат.бир тууганыны
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «أَتَدْرُونَ مَا الْغِيبَةُ قَالُوا اللَّهُ وَرَسُولُهُ أَعْلَمُ قَالَ ذِكْرُكَ أَخَاكَ بِمَا يَكْرَهُ قاَلَ أَفَرَأَيْتَ إِنْ كَانَ فِي أَخِي مَا أَقُولُ قَالَ إِنْ كَانَ فِيهِ مَا تَقُولُ فَقَدْ اغْتَبْتَهُ وَإِنْ لَمْ يَكُنْ فِيهِ فَقَدْ بَهَتَّهُ» {رواه مسلم: 2589 وأبو داود: 4864}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кыйбат эмне экенин билесңерби? Айтышты: Аллах жана Анын элчиси билет. Айтты: “(Диндеги) бир тууганыңды (ал жок кезде укканда) жаман көргөн нерселер менен эскерүүң”. Айтты: Айтчы, менин айткандарым (диндеги) бир тууганымда болсочу? Айтты: “Сенин айткандарың анда (ал адамда) болсо, чынында аны кыйбат кылган болосуң, жок болсо, ага жалаа жапкан болосун”». (Муслим: 2589. Абу Давуд: 4864)
Ислам аалымдары төмөнкү учурларда шарьий себептердин негизинде кыйбат кылуунун дурус экендигин айтышат:
1. Эгерде бир адам эл арасында ушундай лакап менен белгилүү болсо. Мисалы: Аъамаш, Аъараж[2], Асамм[3], Аъама[4], ж.б.у.с. Бирок, кемсинтүү максатында айтуу арам.
2. Фатва сураган учурда. Мисалы: Атам же акем мага зулумдук кылды. Анын ушундай кылууга укугу барбы, андан кантип кутулсам болот? ж.б.у.с.
3. Жамандыктан эскерткен учурда.
4. Күнөө иштерди эл көзүнчө ачык эле жасап жүргөн адамды. Мисалы: Күнөө жасап жүргөн баланын атасына кайрылып, балаң ушундай-ушундай күнөө иштерге барып жүрөт. Аны тыйып кой! – деп айтуу.
5. Шариятта тыюу салынган нерсени токтотуу үчүн жардам сураган учурда.
6. Зулумга кабылган учурда.
Зулумдукка кабылган адам падышага, казыга же андан башка бийлик ээлерине кайрылып, мага паланча зулумдук кылды- деп айтуу.
7. Кеңеш сураган учурда.
عَنْ فَاطِمَةَ بِنْتِ قَيْسٍرضي الله عنهاقالت: أتَيْتُ النبيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقُلْتُ إنَّ أَبَا جَهْمٍ ومُعَاوِيَةَ خَطَبَانِي فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:«أَمَّا أَبُو جَهْمٍ فَلَا يَضَعُ عَصَاهُ عَنْ عَاتِقِهِ وَأَمَّا مُعَاوِيَةُ فَصُعْلُوكٌ لَا مَالَ لَهُ» (متفق عليه)
Фатима бинт Кайс (Алла Таала андан ыраазы болсун) айтты: пайгамбарга (ага Алланын салават-саламдары болсун) келип, айттым: Абу Жахм жана Муавия куда түшүп келишти (эмне дейсиз)? Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Абу Жахм, ал таягын жонунан түшүрбөйт. Ал эми, Муавия болсо, анын мал-мүлкү жок кедей». (Бухарий Муслим)
[1] Ислам боюнча кыйбат кылуу өз бир тууганынын этин жеген менен барабар!
[2] Аъамаш – көбүнчө көзүнөн жашы келип, начар көргөн адам. Аъараж – аксак, төкөр; бутсуз деген маанилерди билдирет. Бул экөө тең белгилүү Ислам аалымдарынан болушкан.
[3] Дүлөй
[4] Көр, сокур