ИСЛАМ ДИНИНИН ЭКИ ШАРТЫ

“Ислам динин шарттары кандай?”
Ислам динин эки шарты бар
Биринчи шарт – Аллахка карата болгон чыныгы ыкластуулук. Башкача айтканда сенин Ислам динин карманууңдун, Аллахтын динине кирүүңдүн жана баардык жакшы, сооптуу амалдарды аткарууңдун максаты бул Аллахтын ыраазылыгына умтулуп, Анын Жүзүн көрүү үчүн аткарылышы. Бул баардык мусулмандардан талап кылынган нерсе. Анткени сен аткарган баардык сооптуу амалдар, ал намаз, орозо, зекет ж.б. болсун Аллахтын Жүзү үчүн болбосо кабыл кылынбайт жана эч кандай пайда алып келбейт. Керек болсо эки күбөлүктү эл көрсүн же эки жүздүүлүк үчүн айтылса кабыл болбойт жана ал адам эки жүздүүлөрдүн катарында болот. Сенин “Мен Аллахтан башка ибадатка татыктуу чыныгы илах жок деп күбөлүк берем жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берем” деп күбөлүк айтканың чынчылдык менен чын жүрөктөн айтылган болушу зарыл. Башкача айтканда сен Жалгыз гана Аллахка ыйман келтирип, Аллах гана ибадатка жана илахтыкка татыктуу Зат экенине ишенишиң керек. Ошондой эле сен Мухаммад (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) Аллахтын элчиси чынчыл адам болгонуна жана ал чынында Аллахтын баардык адамзат жана жиндерге жиберилген элчиси болгонуна ишенишиң керек. Ушунун баары сенден чынчылдык жана чын ыкластык менен чыккан болсо гана сага пайда алып келет. Дал ушундай эле ыкластуулук жана чынчылдык сенин жалгыз Аллахка гана ибадат кылган намазыңда да болушу керек. Бул шарт сенин курмандыгыңа да, орозоңо да, ажылыгыңа, Куран окуганыңа да тиешелүү – алардын баары бир гана жалгыз Аллах үчүн болуусу шарт.
Исламдын экинчи шарты – бул амалдардын Аллахтын шариатына ылайык болуусу. Исламдын айныгыс, милдеттүү шарты бул сенин аткарган амалдарыңдын, ибадаттарыңдын баары сырткы көрүнүшү менен Аллахтын шариатына ылайык болушу. Мындай амалдар сенин жеке пикириң жана ой жүгүртүүңөн келип чыкпашы керек. Тескерисинче, сен амаладарың шариат боюнча кандай болушу керектигин изилдеп, такташың шарт. Ошондуктан сен намазды, орозону, ажылыкты, зекетти ж.б. амалдарды Аллахтын шариатында Ал бекиткендей аткарышың керек. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айткан: “Кимде ким биз буйрубаган амалды аткарса ал амалы жокко чыгарылат”. Ошондой эле Улук Аллах Куранда айтат: “Же болбосо алардын (Аллаhка) шерик кошкон «кудайлары» барбы (жана алар) Аллаh уруксат бербеген динди аларга Шарият кылып беришеби?!” (АШ-ШУРА: 21). Аллах мушриктерди мындай амалдары үчүн айыптайт. Улук Аллах айтат: “Кийин Биз сени Динден болгон жолдун – Шарияттын үстүндө (жүрүүчү) кылдык. Эми ошону гана ээрчигин. Билбеген адамдардын каалоолорун ээрчибегин. (Эгер аларды ээрчисең) Аллаhтын эч бир азабын сенден кайтара алышпайт” (Жаасия: 18-19). Ошондуктан сөзсүз Аллах Өз пайгамбары Мухаммад (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) аркылуу бекиткен шариатын ээрчүүгө милдеттүүбүз. Аллахка жакындатуучу кайсы гана ибадаттын түрүн аткарбайлы ал шариаттын чегинен чыгууга болбойт.
Мына Исламдын шарттары ушул экөө: Аллах үчүн болгон ыкластуулук жана амалдардын Анын шариатына ылайык болуусу. Мусулман болсоң ушул нерселер аркылуу сен аткарган ибадаттарыңан пайда-сооп аласың жана Улук жана Кудуреттүү Аллах ал амалдарыңды кабыл алат”
«Нур ‘аля ад-Дарб» 26-27.

Бул жакты да көргүлө

Аллах гана пайда берип же зыян жеткире алат, жакшылык берет жана мээримден алыстатат

“Эгер Аллаh сени бир зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. А, …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!