Инсандын жаралуу максатын жана шарият милдеттерин билүү үчүн ислам дини илим издөөгө көңүл бурат. Илим издөө амал кылуудан мурда турат.
قال تعالى: ﴿فَاعْلَمْ أَنَّهُ لَا إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ وَاسْتَغْفِرْ لِذَنْبِكَ وَلِلْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ﴾ (محمد: 19)
Алла Таала айтты: «Ошондуктан (Эй, Мухаммад), андан башка сыйынууга татыктуу Зат жок экендигин билгин! Жана өз күнөөң үчүн, анан дагы момун-эркек жана момун-аялдардын (күнөөлөрү) үчүн кечирим сурагын»! (Мухаммад: 19)
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) илим издөөгө кызыктырып өз хадисинде мындай деген:
قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «وَمَنْ سَلَكَ طَرِيقًا يَلْتَمِسُ فِيهِ عِلْمًا سَهَّلَ اللَّهُ لَهُ بِهِ طَرِيقًا إِلَى الْجَنَّةِ وَمَا اجْتَمَعَ قَوْمٌ فِي بَيْتٍ مِنْ بُيُوتِ اللَّهِ يَتْلُونَ كِتَابَ اللَّهِ وَيَتَدَارَسُونَهُ بَيْنَهُمْ إِلَّا نَزَلَتْ عَلَيْهِمْ السَّكِينَةُ وَغَشِيَتْهُمْ الرَّحْمَةُ وَحَفَّتْهُمْ الْمَلَائِكَةُ وَذَكَرَهُمْ اللَّهُ فِيمَنْ عِنْدَهُ» {رواه مسلم: 2699}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимде-ким (шарият) илимин издеп жолго чыкса, Алла Таала ал адамга анын себеби менен бейиш жолун жеңил кылат. Алла Тааланын үйлөрүнөн болгон бир үйгө (мечитке) чогулуп, Алланын китебин (Куран) окуп, бир-бирине окуткан коомго (жүрөктөрүнө) бейпилчилик түшөт. Алланын рахматы ороп, периштелер курчап алат жана Алла Таала Өзүнүн алдындагылардын (периштелердин) алдында эскерет» (Муслим: 2699)
Илим издөөчүнүн көңүл буруусу зарыл болгон бир канча адептер бар. Алардын кээ бирлери төмөнкүлөр:
1. Шарият илимин Алла Тааланын ыраазылыгына жетүү үчүн алуу.
قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَنْ تَعَلَّمَ عِلْمًا مِمَّا يُبْتَغَى بِهِ وَجْهُ اللَّهِ لَا يَتَعَلَّمُهُ إِلَّا لِيُصِيبَ بِهِ عَرَضًا مِنْ الدُّنْيَا لَمْ يَجِدْ عَرْفَ الْجَنَّةِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ» {رواه ابن ماجه: 252}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимде-ким, Алланын ыраазылыгы үчүн алына турган (шарият) илимин бул дүйнө максатына жетүү үчүн алса, Кыямат күнү бейиштин жытын да жыттабайт» (Ибну Маажа: 252)
2. Шариятта арам болуп эсептелген жана Алла Тааланы эскерүүдөн алаксытуучу пайдасыз илимдерди үйрөнүүдөн сактануу (алыс болуу). Мисалы: сыйкыр, төлгө ачуу, арак жасоо, музыка ж.б.у.с.
قال تعالى: ﴿وَاتَّبَعُوا مَا تَتْلُو الشَّيَاطِينُ عَلَى مُلْكِ سُلَيْمَانَ وَمَا كَفَرَ سُلَيْمَانُ وَلَكِنَّ الشَّيَاطِينَ كَفَرُوا يُعَلِّمُونَ النَّاسَ السِّحْرَ﴾ (البقرة: 102)
Алла Таала айтты: «Жана алар Сулайман доорундагы шайтандар (жиндер) окуганды ээрчишти. Сулайман каапыр болгон эмес эле, тескерисинче, адамдарга сыйкыр үйрөткөн шайтандар каапыр болушкан». (Бакара: 102)
قال رسول الله صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنْ عِلْمٍ لَا يَنْفَعُ وَمِنْ قَلْبٍ لَا يَخْشَعُ وَمِنْ نَفْسٍ لَا تَشْبَعُ وَمِنْ دَعْوَةٍ لَا يُسْتَجَابُ لَهَا » (رواه مسلم: 2722)
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Оо, Аллахым! Мен Сенин жардамың менен пайдасыз илимден, коркпогон жүрөктөн, тойбогон нафстан жана кабыл болбогон дубадан сактанам»
(Муслим: 2722)
3. Алла Таалага такыбалык кылып, Ага күнөөкөр болгондон сактануу.
قال تعالى: ﴿وَاتَّقُوا اللَّهَ وَيُعَلِّمُكُمُ اللَّهُ وَاللَّهُ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ﴾ (البقرة: 282)
Алла Таала айтты: «Алладан корккула! Ошондо Алла Таала силерге (эки дуйнө пайда бере турган нерселерди) үйрөтөт. Алла бардык нерсени Билүүчү». (Бакара: 282)
4. Мугалимди урматтоо. Илим орун(жыйын)дарында адептүүлүктү жана оор басырыктуулукту сактоо.
قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: « تعلموا العلم وتعلموا السكينة والوقار وتواضوا لمن تتعلمون منه ولا تكونوا جبابرة العلماء » {رواه البخاري في الأدب المفرد: 1789 ضعيف جدا}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Илим үйрөнгүлө, олуттулукту жана оор басырыктуулукту үйрөнгүлө! Үйрөнүп жаткан адам (устатыңар) га жөнөкөй болгула (өзүңөрдү төмөн алгылы)! Аалымдардын текеберинен болбогула»! (Бухарий: (Адаб ал-муфрад) 1789)
5. Алган илимин жашырбастан, башкаларга жеткирүү (үйрөтүү).
قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «نَضَّرَ اللَّهُ امْرَأً سَمِعَ مَقَالَتِي فَوَعَاهَا فَأَدَّاهَا كَمَا سَمِعَهاَ» (رواه أحمد: 16859)
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Менин сөзүмдү угуп-түшүнүп укканындай (эч нерсе кошпостон) жеткирген адамды Алла Таала нурдантсын» (Ахмад: 16859)
قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَنْ سُئِلَ عَنْ عِلْمٍ عَلِمَهُ ثُمَّ كَتَمَهُ أُلْجِمَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ بِلِجَامٍ مِنْ نَارٍ» (رواه وأبو داود: 3658 والترمذي: 2649 وابن ماجه: 266)
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимде-ким, билген (шарият) илими жөнүндө суралып, андан кийин аны жашырса, Кыямат күнүндө оттон болгон жүгөн (ооздук) менен жүгөндөлөт»
(Абу Давуд: 3658. Тирмизий: 2649. Ибну Мажа: 266)
6. Илимсиз чечим чыгаруудан сактануу.
قَالَ عَبْدُ اللَّهِ بْنِ مَسْعُودٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ: «يَا أَيُّهَا النَّاسُ مَنْ عَلِمَ شَيْئًا فَلْيَقُلْ بِهِ وَمَنْ لَمْ يَعْلَمْ فَلْيَقُلْ اللَّهُ أَعْلَمُ فَإِنَّ مِنْ الْعِلْمِ أَنْ يَقُولَ لِمَا لَا يَعْلَمُ اللَّهُ أَعْلَمُ» (رواه مسلم: 2798)
Ибн Масъуд (Алла андан ыраазы болсун) айтты: «Оо, адамдар! Кимдир бирөө бир нерсе билсе, айтсын. Билбесе, Алла Таала билет – деп айтсын. Анткени, билбегенин Алла Таала билет – деп айтуунун өзү илимдүүлүк (илимдүү адам)» (Муслим: 2798)