Кийим кийүү адеби

Кийим кийүү кооздук жана авратты (шариятта денени ) жабуу.

قال تعالى: ﴿يَا بَنِي آَدَمَ قَدْ أَنْزَلْنَا عَلَيْكُمْ لِبَاسًا يُوَارِي سَوْآَتِكُمْ وَرِيشًا وَلِبَاسُ التَّقْوَى ذَلِكَ خَيْرٌ﴾ (الأعراف: 26)

Алла Таала айтты: «Оо, Адам балдары! Биз силерге уяттуу жериңерди беките турган жана кооздоно турган (муктаждык) кийимди түшүрдүк. (Бирок), такыбаалык кийими – эң жакшы кийим[1]».                                  (Аъарааф: 26)

Мына ошондуктан мусулман адам кийим кийүүдө төмөнкү адептерге көңүл буруусу зарыл:

1.  Кийим кийүүдө адалды ниет кылуу. Адал жол (кесип) менен гана табылган кийимди кийүү. Ошондой эле Алла Таала колдонууну арам кылган буюмдарды колдонбоо.

«إنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَخَذَ حَرِيرًا فَجَعَلَهُ فِي يَمِينِهِ وَأَخَذَ ذَهَبًا فَجَعَلَهُ فِي شِمَالِهِ ثُمَّ قَالَ إِنَّ هَذَيْنِ حَرَامٌ عَلَى ذُكُورِ أُمَّتِي» {رواه أبو داود: 4057 والنسائي: 5159-5162}

«Чынында Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) жибекти алып оң колуна койду, алтынды алып сол колуна койду да андан кийин мындай деди: «Албетте, бул экөөсү менин үммөтүмдүн эркектерине арам»                                                                                                (Абу Давуд: 4057. Насаий: 5159-5162)

2.  Эркек адам ыштанынын же шымынын багалегин эки томугунан ылдый түшкөнчөлүк өлчөмдө узун кылбоо.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَا يَنْظُرُ اللَّهُ إِلَى مَنْ جَرَّ ثَوْبَهُ خُيَلَاءَ» {رواه البخاري: 3665 ومسلم: 2085 وأبو داود: 4085 والترمذي: 1730 والنسائي: 5327 وابن ماجه: 3569}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Текебердик менен өзүнүн кийимин (шымын) жерге сүйрөлткөн адамды (Кыямат Күнү) Алла Таала карабайт»

(Бухарий: 3665. Муслим: 2085. Абу Давуд: 4085. Тирмизий: 1730. Насаий: 5327)

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: « مَا أَسْفَلَ مِنْ الْكَعْبَيْنِ مِنْ الْإِزَارِ فَفِي النَّارِ» {رواه البخاري: 5787}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Ыштандын (шымдын) эки томуктан ылдый түшүп турган жагы тозокто болот».                                                                                                      (Бухарий: 5787)

3.  Мусулман аял кийимин, эки томугун жапканчалык өлчөмдө узун кылуусу. Жоолугун башына таштап, мойнун жана көкүрөгүн тосуусу.

قال تعالى: ﴿يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ قُلْ لِأَزْوَاجِكَ وَبَنَاتِكَ وَنِسَاءِ الْمُؤْمِنِينَ يُدْنِينَ عَلَيْهِنَّ مِنْ جَلَابِيبِهِنَّ﴾ (الأحزاب: 59)

Алла Таала айтты: «Эй, пайгамбар, жубайларыңа, кыздарыңа жана момундардын аялдарына айткын, үстүлөрүнө жамынчылырын (сырткы кенен кийимдерин)  жамынышсын»!                                                                         (Ахзааб: 59)

4. Эркек адам аялдын, аял эркектин кийимин кийбөөсү.

قَالَ أَبُو هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ: «لَعَنَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ الرَّجُلَ يَلْبَسُ لِبْسَةَ الْمَرْأَةِ وَالْمَرْأَةَ تَلْبَسُ لِبْسَةَ الرَّجُلِ» {رواه أبو داود: 498}

Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) айтты: «Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) аялдын кийимин кийген эркекти жана эркектин кийимин кийген аялды каргыштады»                                (Абу Давуд: 498)

قَالَ عَبْدُ اللهِ بْنِ عَبَّاسٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا: «لَعَنَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ الْمُتَشَبِّهِينَ مِنْ الرِّجَالِ بِالنِّسَاءِ وَالْمُتَشَبِّهَاتِ مِنْ النِّسَاءِ بِالرِّجَالِ»   {رواه البخاري: 5885}

Абдулла бин Аббас (Алла ал экөөнөн тең ыраазы болсун) «Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) аялдарга окшошкон эркектерди жана эркектерге окшошкон аялдарды каргыштады»                                    (Бухарий: 5885)

5. Кийим кийген кезде оң жагынан баштоо.

قَالَتْ عَائِشَةُ رَضِيَ اللهُ عَنْهَا: «كَانَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يُحِبُّ التَّيَمُّنَ مَا اسْتَطَاعَ فِي شَأْنِهِ كُلِّهِ فِي طُهُورِهِ وَتَرَجُّلِهِ وَتَنَعُّلِهِ»                      {رواه البخاري: 426 ومسلم: 268}

Айша (Алла андан ыраазы болсун) айтты: «Пайгамбар (ага Алланын салават-саламдары болсун) бардык абалдарында колунан келишинче оң жак (менен баштаганды) жакшы көрөөр эле, тазаланганда да таранганда да кепичин кийгенде да»                                                                                         (Бухарий: 426. Муслим: 268)

6. Жаңы кийим же селде жана башка түрдүү жаңы кийимдерди кийгенде дубасын айтуу (сүннөт).

قَالَ أَبُو سَعِيدٍ الْخُدْرِيِّ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ:«كَانَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِذَا اسْتَجَدَّ ثَوْبًا سَمَّاهُ بِاسْمِهِ عِمَامَةً أَوْ قَمِيصًا أَوْ رِدَاءً ثُمَّ يَقُولُ اللَّهُمَّ لَكَ الْحَمْدُ أَنْتَ كَسَوْتَنِيهِ أَسْأَلُكَ خَيْرَهُ وَخَيْرَ مَا صُنِعَ لَهُ وَأَعُوذُ بِكَ مِنْ شَرِّهِ وَشَرِّ مَا صُنِعَ لَهُ» {رواه أبو داود: 4020 الترمذي: 1767}

Абу Саид ал-Худрий (Алла андан ыраазы болсун) айтты: «Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) жаңы кийим кийгенде аны өз аты менен атап (мисалы:) селде же көйнөк же рида[2] деп анан айтаар эле: Оо, Аллахым! Сага мактоолор-шүгүрлөр болсун. Анын мага Сен кийгиздиң, мен Сенден анын жакшылыгын жана ал үчүн жасалган жакшылыкты сураймын жана Сенин жардамың менен анын жамандыгынан жана ал ал үчүн жасалган жамандыктан сактанам»                                                                 (Абу Давуд: 4020.Тирмизий: 1767)


[1] Анткени ал эскирбейт. Ар дайым пенде менен бирге болот.

[2] Дененин үстү жагын жапкан кийим.

Бул жакты да көргүлө

Алла Тааланын динине чакыруу (даават кылуу) адеби

Алла Тааланын динине даават кылуучу (чакыруучу) адам Алла тарабынан түшкөн акыйкатты кайдыгерге (бейкапарга) эскертүү, билбегенге …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!