Аллах гана пайда берип же зыян жеткире алат, жакшылык берет жана мээримден алыстатат

“Эгер Аллаh сени бир зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. А, эгер сага Аллаh бир жакшылыкты кааласа, Анын пазилетине эч ким тоскоол боло албайт. Аллаhтын жакшылыгы пенделеринин арасынан Өзү каалагандарына жетет. Ал – Кечиримдүү, Ырайымдуу” (Юнус 10:107).
Бул аят Аллах гана ибадатка татыктуу экендигине улуу далилдердин бири. Аллах гана пайда берип же зыян жеткире алат, жакшылык берет жана мээримден алыстатат, эгерде пендеге кедейлик, оору же башка зыян жетсе алардан Аллахтан башка эч ким куткара албайт. Чындыгында баардык макулуктар пендеге жардам беребиз деп чогулушса алар Аллах алдын ала тагдыр кылып жазганчалык гана пайда бере алышат. Жана баардык макулуктар пендеге зыян беребиз деп чогулушса Аллахтын каалоосу болмоюнча эч кандай зыян бере алышпайт. Аллах каайсы бир пендесин Өз ырайымына алгысы келсе эч ким аны кайтара албайт. Бул тууралуу Аллах атйтат: “Аллаh адамдар үчүн ачып койгон ырайымды эч ким кармап кала албайт. (Ошондой эле) Аллаh кармап калган нерсени, Андан кийин эч ким жибере албайт. Ал Кудуреттүү, Даанышман” (35:2). Аллах Өзү каалаган пендесине ырайым кылат. Чынында Анын ырайымы чексиз. Анын эң кооз ысымдары – Кечиримдүү жана Мээримдүү. Ал пенделерине күнөөлөрүнүн кечирилишине себеп болчу амалдарды аткарышына жардам берет жана пенделери аларды аткарган себептүү Ал пенделеринин чоң жана кичине күнөөлөрүн кечирет. Анын ырайымы баардык макулуктарга тийет, анткени эч бир макулук ансыз көз ирмемчелик да жашай албайт. Жана пендеге Аллах гана жакшылык берип, жамандыктан сактап, ырыскыландырып, кайгы-кападан арылтаары, бир дагы макулук Аллахтын каалоосу болмойун эч кимге пайда да, зыян да жеткире албастыгы тууралуу айкын далилдер жеткенден кийин Аллах гана ибадатка татыктуу чыныгы илах экендиги жана башка “кудайлар” жалган жана пайдасыз экендиги ал үчүн түшүнүктүү болуш керек.

Бул жакты да көргүлө

ИСЛАМ ДИНИНИН ЭКИ ШАРТЫ

“Ислам динин шарттары кандай?” Ислам динин эки шарты бар Биринчи шарт – Аллахка карата болгон …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!