Ажатканага кирүүдөн мурун боло турган адеп

Ажат өтөө адеби

Ал үч бөлүктөн турат:

I – бөлүк:  Ажатканага кирүүдөн мурун боло турган адеп.

1.  Ажатканага баруучу адам эгерде ээн жерде болсо, адамдардын көзүнөн алыс, далдаа болгон жерди издөө керек.

قال جَابِرِ بْنِ عَبْدِ اللَّهِ رضي الله عنهما: «أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ إِذَا أَرَادَ الْبَرَازَ انْطَلَقَ حَتَّى لَا يَرَاهُ أَحَدٌ»  {رواه أبو داود: 2 وابن ماجه: 335}

Жабир бир Абдилла (Алла ал экөөнөн тең ыраазы болсун) айтты: «Албетте, Пайгамбар (ага Алланын салават-саламдары болсун) «Ажат өтөөнү кааласа, эч ким көрбөгөн жерге барчу».                                               (Абу Давуд: 2. Ибну Мажа: 335)

2.  Ажатканага киргенде өзү менен кошо Алланын аты жазылган китепче жана баракчаларды алып кирбөө керек.

أن النبي صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لبس خاتما نقشه محمد رسول الله، وكان إذا دخل الخلاء وضعه»  {رواه البيهقي ، السنن الكبرى  1/95}

Пайгамбар (ага Алланын салават — саламдары болсун) «Мухаммад Алланын элчиси» – деп чегилип жазылган шакек тагынган. Дааратканага кирээрде анысын чечип койчу».                                                         (Байхакий, Ас-сунан  Ал- кубра: 1/95)                                       

3. Дааратканага кирээрде сол бут менен кирип, бул дубаны айтуу керек.

قَالَ أَنَسُ بْنِ مَالِكٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ: «كَانَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِذَا دَخَلَ الْخَلَاءَ قَالَ اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنْ الْخُبُثِ وَالْخَبَائِثِ»                 {رواه البخاري: 142 ومسلم: 375}

Анас бин Малик (Алла андан ыраазы болсун) айтты: «Пайгамбар (ага Алланын салават — саламдары болсун) дааратканага кирээрде (минтип) айтаар эле: Оо, Аллахым! Чындыгында мен сенден эркек жана ургаачы жынсындагы жинден коргоону сурайм».                                                                                          (Бухарий: 142. Муслим: 375)

4. Шариятта авратты жабуу буюрулган. Ошондуктан жерге жакындаганда  гана кийимди  көтөрүү керек.

5. Ажат өтөп жатканда Кыбланы карап же артын салып отурбоо керек. Анткени Пайгамбар (ага Алланын салават — саламдары болсун)андан кайтарган.

قال صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَا تَسْتَقْبِلُوا الْقِبْلَةَ وَلَا تَسْتَدْبِرُوهَا بِبَوْلٍ وَلَا غَائِطٍ» {رواه مسلم: 264 وأبو داود: 9 والترمذي: 8}

Алланын элчиси(ага Алланын салават — саламдары болсун) айтты: «Чоң же кичине ажатыңарды бүтүрүүдө, Кыблага жүздөнбөгүлө жана артыңарды да салбагыла»!                                                                              (Муслим: 264. Абу Давуд: 9. Тирмизий: 8)

6. Адамдар жүрө турган жолдорго, мөмө берүүчү дарактардын түбүнө, дарыя ж.б. суулардын жээктерине ажат өтөө туура эмес.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «اتَّقُوا الْمَلَاعِنَ الثَّلَاثَةَ الْبَرَازَ فِي الْمَوَارِدِ وَقَارِعَةِ الطَّرِيقِ وَالظِّلِّ» {رواه أبو داود: 26 وابن ماجه: 328}

Айтты Пайгамбар «ага Алланын салават — саламдары болсун»: «Үч каргыш айтыла турган жерлерден сактангыла: суу ала турган, жолдун ортосуна, элдер көлөкөлөй турган жерлерге ажат өтөөдөн». (Абу Давуд: 26. Ибну Мажа: 328)

7. Ажат өтөө учурунда сүйлөшпөө керек.

قال رسولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إذَا تَغَوَّطَ الرَّجُلانِ فَيَتَوَارَ كُلُّ وَاحِدٍ مِنْهُمَا عَنْ صَاحِبِهِ ، وَلا يَتَحَدَّثَا فَإِنَّ اللَّهَ يَمْقُتُ عَلَى ذَلِكَ »             {رواه أبو داود: 15 وابن ماجه: 342 والبيهقي: 1/99-100}

Алланын элчиси (ага Алланын салават — саламдары болсун) айтты: «Эгер эки адам ажат өтөгөнү барышса, бирин – бири көрбөсүн жана сүйлөшпөсүн! Анткени Алла Таала ага ачууланат (жаман көрөт)»     

 (Абу Давуд: 15. Ибну Мажа: 342. Байхакий: 1/99-100)

Бул жакты да көргүлө

Алла Тааланын динине чакыруу (даават кылуу) адеби

Алла Тааланын динине даават кылуучу (чакыруучу) адам Алла тарабынан түшкөн акыйкатты кайдыгерге (бейкапарга) эскертүү, билбегенге …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!