Куръан биринчи жолу Рамадан айында Кадыр түнү түшкөн.

Куръан биринчи жолу Рамадан айында Кадыр түнү түшкөн.
Аллах Субхана уа Тааля айтты: «Чынында, Биз Кураанды Кадыр Түнүндө түшүрдүк» (аль-Къадр, аят 1). Дагы айтты: «Анык баяндоочу Китепке ант! Биз аны (Кураанды) Ыйык (Кадыр) түнүндө түшүрдүк. Жана Биз (аны менен элдерди) эскертүүчүбүз» (ад-Духан, аяты 2-3). Ошондой эле: «(Силер орозо кармай турган санактуу күндөр – бул) Рамазан айы. Бул айда адамдарга хидаят – туура жол болуп, хидаят жана фуркандан турган анык далилдер катары Кураан түшүрүлдү» (аль-Бакара, аят 185). Куръан биринчи түшүрүлгөндө илим ээлеринин көпчүлүгүнүн пикири боюнча пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кырк жашта эле. Бул пикирди ибн Аббас (Аллах андан жана анын атасынан ыраазы болсун), ‘Ата (ибн Аби Рабаха), Са‘ида ибн аль-Мусеййиба ж.б. алып келет. Бул куракта адам баласы акыл-ой, түшүнүк жактан эң сонун жетилип калган болот. Жебирейил периште пайгамбарга (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Эң Жогорку Аллахтан Куръан менен келди. Жебирейил – бул Аллахка жакын, ардактуу периштелердин бири. Аллах Субхана уа Тааля Куръанда айтат: «Ал (Кураан) Ааламдардын Раббиси тарабынан түшкөн. Аны ишенимдүү Рух (Жебирейил периште) алып келди, сенин жүрөгүңө, эскертүүчүлөрдөн (пайгамбарлардан) бири болушуң үчүн. (Ал) анык араб тилинде (түшкөн)» » (аш-Шу‘ара: 192-195). Жебирейил алейхи салам макталган жана улуу сыфааттар менен сүрөттөлгөн. Алардын ичинде: кең пейилдик, айкөлдүк, күч-кубат, Аллах Субхана уа Тааляга жакындык, Аллахка берилгендик, эң сонун келбет жана ар кандай жетишпегендиктерден тазалык. Ал периштелердин арасында бийик орду бар жана ардактуу. Ушул сыфаттары аркылуу Жебирейил периште Аллахтын элчилерине өкүл катары барууга татыктуу болгон. Аллах Субхана уа Тааля айтты: «Чынында, ал (Кураан) Улуу Элчинин Сөзү! Арш Ээсинин алдында (Жебрейилдин) туруктуу урматы бар (жана ал) өтө күч – кубаттуу. Ал жерде (жогорку жамаат арасында) сөзү өтүмдүү (жана) ишенимдүү» ». (ат-Такуир: 19-21). Дагы айтты: «Ага (ал кабарды) өтө күч-кубаттуу (Жебирейил периште) үйрөткөн. Көрктүү, кудуреттүү (Жебирейил периште) көтөрүлдү жана жогорку асман мейкиндигинде (асыл кыяпаты менен көрүндү)» (ан-Наджм: 5-7). Ошондой эле: «Ал аятты Ыйык Рух (Жебирейил периште) Раббиң тарабынан ыймандууларды (Өз жолуна) бекемдеш үчүн, Туура Жол жана мусулмандарга Жакшы Кабар болушу үчүн акыйкат менен түшүргөн» (ан-Нахль, аят 102). Бул аяттарда Эң Жогорку Аллах бизге Жебирейил периштенин сыфаттарын сүрөттөйт. Жебирейил периште Куръан менен Жогорку Аллах тарабынан келген. Бул Куръандын улуктугунан кабар берет, анткени ким улук болсо, аны бир улук нерсе менен жөнөтөт.
Куръандан биринчи түшүрүлгөн аят
Эң биринчи болуп «аль-‘Алякъ» сүрөсүнүн биринчи беш аяты түшүрүлгөн. Аллах Субхана уа Тааля айтты: «Оку, Жараткан Раббиңдин ысымы менен! Ал инсанды уюган кандан жаратты. Оку, сенин Раббиң эң улук Зат! Ал инсанга калем менен (жазууну) үйрөттү. Инсанга билбегенин (Кураанды жана башка илимдерди) билгизди» (Сура аль-‘Алякъ: 1-5). Бул окуядан кийин вахий бир аз убакытка чейин токтоп, андан соң «аль-Муддасир» сүрөсүнүн биринчи беш аяты түшүрүлгөн. Анда Аллах айтат: «О, чүмкөнүп (жатып) алган адам! Туруп (элдерге Акыретти) эскерт! Жана Раббиңдин улуулугун даңазала! Жана кийимиңди тазала! Жана ыпластыктан ыраак бол!» (аль-Муддасир: 1-5).
Момундардын энеси Аиша (Аллах андан ыраазы болсун) узун хадисте мындай деп кабарлаганы айтылат: «… бул окуя ал Хира тоосундагы үңкүрдө жатканда ага акыйкат вахий болгонго чейин уланган. Ага периште келип буйруду: «Оку!» деп. Ал: «Мен окуганды билбейм» деп жооп берди» аль-Бухари, 3; Муслим, 160. Ошондо аль-Алякъ сүрөсүнүн биринчи беш аяты вахий болду. Ошондой эле Жабир ибн ‘Абдуллахтан пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мындай дегени кабарланат: «Бир жолу мен жолдо бара жатып асмандан үн уктум. Мен башымды көтөрүп өйдө карадым да, мен Хира тоосундагы үңкүрдө жатканда келген периштени көрдүм, ал асман менен жердин ортосунда тактыда отурган эле.
Мен андан коркуп кетип үйгө кайттым да айттым: «Мени жаап койгулачы, мени жаап койгулачы», ушудан соң Аллах «О, чүмкөнүп (жатып) алган адам! Туруп (элдерге Акыретти) эскерт! Жана Раббиңдин улуулугун даңазала! Жана кийимиңди тазала! Жана ыпластыктан ыраак бол!» деген аяттарды түшүрдү». аль-Бухари, 4; Муслим, 161.
Дагы бир хадистен келет, Абу Саляма ибн ‘Абду-р-Рахман Жабирден мындай деп сурады: «Биринчи болуп Куръандан эмне түшүрүлдү эле?». Жабир жооп берди: «Ал «О, чүмкөнүп (жатып) алган адам!…” деген аяттар эле”. Ошондо Абу аляма айтты: “Бирок мага биринчи болуп «Оку, Жараткан Раббиңдин ысымы менен!” деген аяттар биринчи болуп түшкөн деп айтышкан. Жабир жооп берди: “Мен сага Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтканды айттым. Ал айтты: “Мен бир аз убак Хира тоосундагы үңкүрдө жатып, андан соң ылдый түшө баштадым…”. Хадистин аягында Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мындай дегени кабарланат: “Мен Хадижага: “Мени чүмкөп, үстүмөн муздак суу куйгула!” деп айттым. Ошондо мага «О, чүмкөнүп (жатып) алган адам! Туруп (элдерге Акыретти) эскерт! Жана Раббиңдин улуулугун даңазала! Жана кийимиңди тазала! Жана ыпластыктан ыраак бол!» деген аяттар түшүрүлдү». аль-Бухари, 4924; Муслим, 161.
Жабир биринчилерден болуп «аль-Муддасир» сүрөсүнүн аяттары түшүрүлгөнүн айтканда, ал аяттар биринчи вахийден соң келген бир аз тыныгуудан соң түшүрүлгөн биринчи аятар экендигин айткан, же пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Аллахтын элчиси болгондон кийинки түшүрүлгөн биринчи аяттар экендигин айткан. Анткени «аль-‘Алякъ» сүрөсүнүн биринчи беш аяты түшүрүлгөндөн кийин Мухаммад (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) пайгамбар болгон, ал эми «аль-Муддасир» сүрөсүнүн биринчи беш аяты түшүрүлгөндөн кийин ал элчи болгон. Ошондуктан аалымдар айтышат: «Аллах аны «Оку!» деген аятты түшүрүп пайгамбар кылды жана «О, чүмкөнүп (жатып) алган адам!” деген аятты түшүрүп элчи кылды”.