Эмбриологдор 20-кылымдын аягында гана ачышкан

Эмбриологдор 20-кылымдын аягында гана ачышкан түйүлдүктүн эненин курсагында жатканда органдарынын калыптануу кезеги Куран аяттарында айтылганга дал келээри таң калаарлык.
“Ал (Аллаh) силерге кулак, көз жана дил-жүрөк берди. Силер болсо өтө аз шүгүр кылуудасыңар” (Муъминун:78).
“Аллаh силерди апаңардын курсагынан чыгарды. Силер (алкезде) эчнерсе билбейт элеңер. Анан
Силерге кулак, көз жана жүрөктөрдү берди. Кана эми, шүгүр кылсаңар?!” (Нахл:78).
“Чынында, Биз инсанды (энелик менен аталык уруктун) аралашмасынан турган бир тамчы суудан жараттык. (Жана ушул абалын билээр бекен деп) аны сынап, уга турган, көрө турган (аң-сезимдүү) кылдык” (Инсан:2).
Бул аяттарда Улук Аллах Өз ырайымы менен пендеге белек кылган сезим органдары тууралуу айтылат. Көңүл бурган адамга Куранда айтылган бул органдар белгилүү бир кезек менен айтылганын көрө алат: угуу, көрүү, сезүү жана түшүнүү.
Түйүлдүктүн энесинин жатынында өнүгүшүндө сезим органдарынын ичинен ички кулак, андан кийин гана көзү жаралаарын илим далилдеген. Ал эми сезүү жана тушүнүү органы болгон мээ кулак жана көздөн кийин гана калыптанат. Түйүлдүк бойго бүткөндөн 22-күнүндө кулактары калыптанып баштайт. Бойго бүткөндөн 4 ай болгондо түйүлдүктүн кулагы толугу менен калыптанып, угуп баштайт. Ушул убактан кийин бала энесинин ичинде болгон баардык нерсени угат. Ошону менен баланын угуу сезими башка органдарынан алда канча эрте калыптанат.
Башкача айтканда азыркы илим тапкан адамдын органдарынын калыптануу жана өрчүү тартиби толугу менен ачык түрдө Куранда сүрөттөлөт.
Ушул нерсе Курандын акыйкат экендигине далил эмеспи?

Бул жакты да көргүлө

Аллах гана пайда берип же зыян жеткире алат, жакшылык берет жана мээримден алыстатат

“Эгер Аллаh сени бир зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. А, …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!