Ата — эне менен болгон адеп

Ислам дини ата — эненин даражасын башка диндерде жок даражага көтөргөн. Анткени, Алла Таала ата — энеге болгон жакшы мамилени, аларга урмат — сый көрсөтүүнү Алла Таалага ыйман келтирип, сыйынуудан (ибадат кылуудан) кийинки эле орунга койгон.

قال تعالى: ﴿وَاعْبُدُوا اللَّهَ وَلَا تُشْرِكُوا بِهِ شَيْئًا وَبِالْوَالِدَيْنِ إِحْسَانًا﴾ (النساء: 36)

Алла Таала айтты: «Алла Таалага кулчулук (ибадат) кылгыла жана Ага эч нерсени тең (шерик) кылбагыла! Жана ата — энеңерге жакшылык кылгыла!»                                                                                                                   (Ниса: 36)

Ошондой эле ата — энеге жакшылык кылуу жана аларды урматтап — сыйлоо Алла Таала жакшы көргөн иштерден болуп саналат.

«قال عَبْدُ اللَّهِ بن مَسْعُودٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ: سَأَلْتُ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَيُّ الْعَمَلِ أَحَبُّ إِلَى اللَّهِ قَالَ الصَّلَاةُ عَلَى وَقْتِهَا قَالَ ثُمَّ أَيٌّ قَالَ بِرُّ الْوَالِدَيْنِ» {رواه البخاري: 5970. مسلم: 85}

«Абдулла бин Масьудд (Алла андан ыраазы болсун) айтты: мен Пайгамбардан (ага Алланын салават-саламдары болсун), Амалдардын кайсынысы Аллага сүйкүмдүүрөөк (жакшыраак)? — деп сураганымда ал айтты:«Намаздын өз убагында окулганы». Андан кийин кайсы? — деп сураганымда. Ал айтты: «Ата — энеге жакшылык кылуу»  (Бухарий: 5970. Муслим: 85)

Анда эмесе азыр силерге ата — эне менен болгон адептердин кээ бирлерин айтып өтөлү:

1.  Акаарат берип, оройлук кылбоо. Жада калса «оф» деген да сөздү айтпоо. Алардын (Алла Таалага каршы келбеген) буйруктарына моюн сунуу. Аларга мээрим төгүп, жакшы мамиледе болуу ар бирибиздин милдетибиз.

قال تعالى: ﴿وَقَضَى رَبُّكَ أَلَّا تَعْبُدُوا إِلَّا إِيَّاهُ وَبِالْوَالِدَيْنِ إِحْسَانًا إِمَّا يَبْلُغَنَّ عِنْدَكَ الْكِبَرَ أَحَدُهُمَا أَوْ كِلَاهُمَا فَلَا تَقُلْ لَهُمَا أُفٍّ وَلَا تَنْهَرْهُمَا وَقُلْ لَهُمَا قَوْلًا كَرِيمًا﴾ (الإسراء: 23-24)

Алла Таала айтты: «Раббың жалгыз Өзүнө гана сыйынууңарды, ошондой эле ата — энеге жакшылык кылууңарды буюрду. Эгер алардын (ата — эненин) бирөөсү же болбосо экөө тең карылык жашына жетишсе, аларга карап «оф» дебе (үшкүрбө) жана алардын сөздөрүн кайтарба. Аларга ар дайым жакшы сөз айт»!                                                                                                          (Исра: 23 -24)

2.  Аларга (сөздө, амалда, алыш — бериште ж.б. нерселерде) жакшылык кылуу. Аларды, бала — чакасынан, аялынан жана өз жанынан да алдың коюу (артык көрүү). Алардын буйруктарын жана талаптарын алдыңкы орунга коюу. Алла Таала тыйбаган жолдо аларды ыраазы кылуу. (Эгер каапыр болушса да).

قال تعالى: ﴿وَإِنْ جَاهَدَاكَ عَلَى أَنْ تُشْرِكَ بِي مَا لَيْسَ لَكَ بِهِ عِلْمٌ فَلَا تُطِعْهُمَا وَصَاحِبْهُمَا فِي الدُّنْيَا مَعْرُوفًا وَاتَّبِعْ سَبِيلَ مَنْ أَنَابَ إِلَيَّ﴾ (لقمان: 15)

Алла Таала айтты: «Эгер алар (ата — эненер) сени өзүң билбеген нерселерди Мага шерик кылууга зордошсо анда аларга баш ийбе. Аларга (мейли мусулман болушпаса да) дүйнөдө жакшы мамиледе болгун жана өзүң Мага тообо кылган кишилердин жолуна ээрчигин»!                                                                   (Лукман: 15)

3.  Алар муктаж болгон кезде аларды колдон келишинче камсыздандыруу.

4.  Аларды кароо, багуу. Өзгөчө карыган кезде аларга жумшак болуп, ар дайым кубаныч тартуулоо. Алла Таала ата — энеге кайрымдуу болууга буюруп, мындай деген:

قال تعالى: ﴿يَسْأَلُونَكَ مَاذَا يُنْفِقُونَ قُلْ مَا أَنْفَقْتُمْ مِنْ خَيْرٍ فَلِلْوَالِدَيْنِ وَالْأَقْرَبِينَ وَالْيَتَامَى وَالْمَسَاكِينِ وَابْنِ السَّبِيلِ﴾ (البقرة: 215)

Алла Таала айтты: «(Оо, Мухаммад) сенден эмнени (жана кимдерге) кайрымдуулук кылууну сурашат. Кандай жакшылык кылсаңар (анын баарын) ата — энеге, тууган — урукка, жетимдер менен бей — бечараларга жана жолоочу мусулмандарга кылгын!- деп айт».                                       (Бакара: 215)

5.  Сапарга алардын уруксаты менен чыгуу.

6.  Жакшылык кылууда эне үчүн артыкчылыкты белгилөө.

Пайгамбарыбыздан (ага Алланын салават-саламдары болсун) кимге жакшылык кылуум керек деп сурашканда. Ал: үч жолу энеңе, төртүнчүсүндө гана атаңа депжооп берген.

7.  Алар дүйнөдөн кайтыш болгондон кийин аларга дуба кылуу, (Алланын буйруктарына каршы келбеген) осуяттарын  аткаруу жана алардын достору менен жакшы мамиледе болуу.

قال الله تعالى: ﴿وَقُلْ رَبِّ ارْحَمْهُمَا كَمَا رَبَّيَانِي صَغِيرًا﴾ (الإسراء: 24)

Алла Таала алардын акыларына дуба кылууга буюруп, мындай деген: «Оо, Раббым! Мени алар наристе чагымдан тарбиялап өстүрүшкөндөй сен да аларга ырайым кыл (мээримиңе бөлө) — деп акыларына дуба кыл».    (Исра: 24)

عَنْ ابنِ عُمَرَ قالَ: قالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِنَّ مِنْ أَبَرِّ الْبِرِّ صِلَةَ الرَّجُلِ أَهْلَ وُدِّ أَبِيهِ بَعْدَ أَنْ يُوَلِّيَ» {رواه مسلم: 2552}

Ибн Умардан (Алла ал экөөнөн ыраазы болсун) айтты, Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Бир киши, атасы бул дүйнөдөн кайтыш болгондон кийин анын достору менен жакшы мамиледе жана байланышта болуусу эң жакшы иштерден болуп эсетелет».        (Муслим: 2552)

Бул жакты да көргүлө

Алла Тааланын динине чакыруу (даават кылуу) адеби

Алла Тааланын динине даават кылуучу (чакыруучу) адам Алла тарабынан түшкөн акыйкатты кайдыгерге (бейкапарга) эскертүү, билбегенге …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!