❌ УШУНДАЙ КАБАРЛАРДЫ ТАРКАТУУГА КАТУУ ТЫЙУУ САЛЫНАТ

Жыл сайын караңгы мусулмадар төмөндөгүдөй кабарларды интернетте таркатып башташат:
“Быйыл Рамадан баланчанчы күнү башталып баланчанчы күнгө чейин болот. Мухаммад пайгамбар ﷺ айткан: “Ким башкаларга Рамадандын башталышын жеткирсе, ал адам үчүн Тозок харам болот”.
МЫНДАЙ НЕРСЕЛЕРДИ ТАРТКАТУУГА ТЫЙУУ САЛЫНАТ!
❓ЭМНЕ СЕБЕПТЕН?
▪1. Мухаммад пайгамбар ﷺ айткан: “Ким башкаларга Рамадандын башталышын жеткирсе Аллах ал үчүн Тозокту харам кылат” – бул хадис эмес, бул ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН АТЫНА ОЙЛОП ТАБЫЛГАН ЖАЛГАН СӨЗ. Башкача айтканда пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) БУЛ СӨЗДӨРДҮ АЙТКАН ЭМЕС!
Ошондуктан бул кабарды таркатып жаткандар чоң күнөөгө батып жатышат, анткени пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай деген: “Кимде ким атайылап менин атыман жалган айтса сөзсүз Тозоктон ордун алат” (Бухари 110).
▪2. Муну таркаткан адамдар өздөрү түшүнбөстөн пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) каапырчылык сөздөрдү айткан дешүүдө! Анткени бир гана Улук Аллах Рамадандын качан башталаарын билет, андай болсо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) кантип бизди Аллахка гана белгилүү болгон кайыпты таркаткыла деп айтсын?! Улук Аллах айтат: “Айт: «Асмандардагы жана жердеги эч ким кайыпты билбейт. Бир гана Аллаh билет! Качан кайрадан тирилишин сезишпейт” (Намл:65).
▪3. ЭМИ БИР АЗ ООРУРААК МАСЕЛЕ
Исламда календарь күн менен эмес, ай менен саналаарын түшүнүңүздөр, ошондуктан эч ким майрам кайсы күнү болоорун алдын ала айта албайт. Ай календарындагы санак боюнча 29 же 30 күндөн жаңырат. Бир айда 28 же 31 күн болушу мүмкүн эмес. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айткан: “Айды көрүп ооз бекиткиле жана айды көрүп ооз ачкыла, ал эми асман булуттуу болуп ай көрүнбөсө анда алдыңкы айды (шаабан) 30 күн кылып бүтүргүлө” (аль-Бухари 1909, Муслим 1081).
Ошентип бүгүн ШААБАН айынын , б.а. Рамадандын алдыңкы айынын 29-күнү дейли, пайгамбарыбыздын айтканына жараша мусулмандар бул күнү айды карашы керек. Эгерде ай көрүнсө – демек Рамадан айы кирди жана таңында орозонун биринчи күнү деп ооз бекилет. Ал эми кандайдыр бир себептер менен (күн бүркөк ж.б.) ай көрүнбөсө анда Шаабан 30 күн деп саналып, Рамадан ошондон кийин 100% башталат, анткени ай календары боюнча бир айда 30 күн гана болот.
Ошондуктан Рамадан кайсы күнү башталаарын жана качан бүтөөрүн алдын ала айтууга болбойт! Мындай нерселерди астрономиялык жол менен эсептөөгө тыйуу салынат! Бирок пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) көзүбүз менен айды көргөндө ооз бекитүүбүздү буйруган. Бирок азыркы күндө көптөгөн мусулмандар пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бул сөздөрүн көңүл сыртында калтырып, ар кандай астрономиялык эсептөөлөргө таянуу менен орозонун башталышын жана аягын адамдарга кабарлай беришүүдө.
🔹 Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) сахабалары да, биринчи муундагы солихиндер да мындай кылышкан эмес. Рамадандын башталышын мындай жол менен эсептеп чыгуу, үммөттүн имамдарынын Рамадандагы орозонун башталышы жана акыры айды көз менен көрүү аркылуу эсептелиш керек деген бирдей пикирине карама-каршы келген жаңылык болуп саналат (“Бидаятуль-муджтахид” 1/423, “Хашияту Ибн ‘Абидин” 2/393, “Фатхуль-Бари” 4/159).
🔹Хафиз Ибн Хаджар айткан: “Ибн аль-Мунзир орозону бекитүүдө астрономиялык эсептөөлөргө таянууга болбойт деген бирдиктүү пикирди кабарлаган” (“Фатхуль-Бари” 4/147).
🔹Шейхуль-Ислам айткан: “Сүннөт жана сахабалардын бирдиктүү пикирине ылайык астрономиялык эсептөөлөргө таянууга болбой тургандыгында шек жок! Ал эми айдын башталышы боюнча астрономиялык эсептөөлөргө таянса ал шариатта адашкан, диндеги бидаатты ээрчүүчү жана акыл-эс менен өз эсептөөсүндө жаңылган адам болуп саналат!” (“Маджму’уль-фатауа” 25/207)
Чынында эле, жыл бою биз ошол адамдардын алдын ала Рамаданды эсептеп койгондугу үчүн кыйналабыз, а иш жүзүндө ай көрүнбөй калат! Ошонун себебинен акыры чоң фитна келип чыгат: көптөрү ошол жалган кабарга таянып орозону бир күн эрте кармашып, ошону менен оозун бир күн эрте ачып алышкан учурлар көп болот! Башкача айтканда Рамадандын бир күндүк орозосун эрте бүтүрүп салышат! Ошондуктан орозону астрономиялыык жол менен эсептөөгө таянуу, ал гана эмес ушундай жалган кабарларды таркатуу болбойт!

▪️▫️▪️▫️▪️▫️▪️
✔️ SUNNAKCOM
Сайт: ➞sunnakg.com
Ютуб: ➞ www.youtube.com/c/SUNNAKGCOM
Facebook: ➞facebook.com/groups/sunnakg/
Одноклассники: ➞ ok.ru/sunnakg
Telegram: ➞ t.me/sunnakgcom
Instagram: ➞ www.instagram.com/sunnakgcom/

Бул жакты да көргүлө

Аллах гана пайда берип же зыян жеткире алат, жакшылык берет жана мээримден алыстатат

“Эгер Аллаh сени бир зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. А, …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!