КОРГОНУУ ДУБАЛАРЫ

Бул коргонуу дуаларды, ар дайым күнүгө эрте менен күн чыгаарда (жакшыраак) жэ ойгонооруңар менен жана кечинде күн батаарда же күн баткандан кийин эстээриңер менен окуп жүрүш керек, сөзсүз!!!


Бекем ишеним менен, Аллах Таъаалага гана таянуу жана чын ыхлас менен төмөнкү сүрөлөрдү жана дуаларды айтуу керек:

¤ Ар бир ишти «Бисмиллаахи» деп баштоо керек.

¤ Музыкаларды укпаш керек (харам).

¤ Бакара сүрөөсүн күнүгө угуп туруу керек
¤ 1) «Ихлас», 2) «Фальак», 3) «Нас» сүрөөлөрүн күнүгө эртең менен жана кечинде 3-жолудан окуп туруу керек.
1)«Ихлас» Кул хуа Аллооху ахад, Аллоохуссомад, лям йалид уа лям йуулад, уа лям йакуллахуу куфуван ахад.
Айт (оо, Мухаммад:) Ал – Аллаh жалгыз! Аллаh – Сомад (Беймуктаж) Ал туубаган жана да туулбаган! Жана эч ким Ага тең эмес!

2)«Фалак» Кул а’ъуузу бироббил фалак, минн шарри маа холак, уа минн шарри гоосикин изаа уа коб, уа мин шарриннаффаасаати фил ъукод, уа минн шарри хаасидин изаа хасад.
Айт (о, Мухаммад): «Таңдын Раббисинен коргоо тилеймин: (Өзү) жараткан (зыяндуу) нерселердин жамандыгынан.., Каптап кирген учурдагы (караңгы) түндүн жамандыгынан..,Түйүндөргө дем салган сайкырчылардын жамандыгынан.., Сугун арткан учурда, көрө албаган кишинин жамандыгынан.
3)«Нас» Кул а’ъуузу бироббиннаас, маликиннаас, илаахиннаас, минн шаррил уас уаасил хоннаас аллазии йуасвису фии судууриннаас, мин ал жиннати уаннаас.
Айткын (о, Мухаммад) «Мен инсандардын Раббисинен; Инсандардын падышасынан;Инсандардын (сыйынууга татыктуу болгон) Кудайынан коргоо тилеймин – (Анын ысымы айтылганда) жашынып калуучу шайтандын жамандыгынан. Ал (шайтан) адамдардын көкүрөгүнө азгырык салат. Алар (азгыруучу шайтандар) жиндерден жана адамдардан болот.
¤ Аят Аль Курсийди: (3 жолу)-эртең менен, кечинде жана жатаардын алдында окуп туруу керек. «Аллооху лаа илааха иллаа хува-ль-Хаййу-ль-Коййуум. Лаа та’хузуху синатув ва лаа навм. Лаху маа фис-самааваати ва маа филь-ард. Ман зал-лазии йашфаъу ъиндаху иллаа би-изних. Йаъламу маа байна айдиихим ва маа хольфахум. Ва лаа йухиитууна би шай’им-мин ъильмихи иллаа би маа шаааа‘а. Васиъа курсиййуху-с-самааваати валь-ард. Ва лаа йа‘уудуху хифзухумаа. Ва хува-ль-Ъалиййу-ль-Ъазыым». Аллах – андан башка сыйынууга татыктуу эч бир зат жок, Ал – түбөлүк Тирүү, Жашоо Берүүчү! Аны үргүлөө да, уйку да кармабайт. Асмандардагы жана жердегинин баары Аныкы. Анын алдында Өзүнүн уруксатысыз ким шапаат-колдоочулук кыла алат?! Ал алардын (макулуктардын)  келечегиндеги жана өтмүшүндөгү бардык нерселерди билет. Ал эми алар болсо Ал Өзү каалагандан башка эч нерсе билишпейт. Анын Курсийи асмандар жана Жерден да кенен. Ал экөөнү (асмандар менен жерди) сактап туруу Аны такыр чарчатпайт. Ал – эң Жогорку жана эң Улук!
¤ Күнүгө эртең менен күн чыкканга чейин 10-жолу, күндүзү кечке чейин 100 жолу жана аср намаздан кийин күн батаарга жакын 10-жолу айтуу керек.
Лаа илааха илла Ллоох, вахдаху лаа шарика лах, лахул-мулку ва лахул хамд, ва хува ъалаа кулли шайинн кодиир.- Жалгыз Аллаhтын өзүнөн башка кудай жок! Аллаhтын шериги да жок! Бардык мүлк жана мактоолор Аллаhка! Ал бардык нерсеге кудуреттүү!
¤ Күнүгө күндүзү кечке чейин 100 жолу айтуу керек.
«Астагфирул-лааhа ва атуубу илайh».- Мен Аллаhтан кечирим сураймын жана Өзүнө тообо кыламын
¤ күнүгө эртең менен жана кечинде 3-жолудан айтып туруу керек:
А’ъуузу би-калимаати Ллаахи-т-аммати мин шарри маа холак— Аллаhтын толук сөздөрү менен Анын жараткан бардык макулуктарынын жамандыгынан Өзүнөн коргоо тилеймин.
¤ күнүгө эртең менен жана кечинде 3-жолудан айтып туруу керек:
Бисми Ллаахи ллаазии лаа йадурру мъа а-смихи шай’ун фил-арды уа лаа фи-с-самааъи, ва Хува с-Самиу ъл- ‘Алим -Аллаhтын ысымы менен баштайм. Аллаh ушундай: Анын ысымы менен (жүрсөк бизге) жер-асмандагы эч нерсе зыян жеткире албайт! Алла — Угуучу жана Билүүчү!
¤ күнүгө эртең менен жана кечинде 7-жолудан айтып туруу керек:
Хасбийа Ллаху лаа илааха илла хува ъаляйхи тауаккалту ва хува Раббу-л-ъарши-л- ъазыйм. : “Мага жалгыз Аллаhтын Өзү жетиштүү! Жалгыз Анын Өзүнөн бөлөк кудай жок! Өзүнө тобокел кылдым! Ал – улуу Арштын Раббиси” (“Тауба”, 129-аят).

Балдарды коргоо – күнүгө аср намаздан кийин балдарга окуш керек:
Уъизу ауляди би калимати Лляхи таммати мин кулли шайтанин, уа хамматин, уа мин кулли ъайнин лямматин (Ар бир жаман көздөн, ар бир коркунучтуу шайтандан жана ар түрдүү зыянкечтерден жана Аллахтын толук ысымдары менен коргоо тилеймин)
Аллах таъаалага шерик кошпостон чын ыхластан ибаадат кылуу керек! Аллахтын шериги жок, Ал жалгыз гана сыйынууга татыктуу Зат!!!
шейх ХАЛИД АЛЬ ХИБШИНИН рукиясын кулакка наушник менен күнүгө 2-3 маал 2-3 ай угуу керек.

▫️▪️▫️▪️▫️▪️▫️▪️
СҮННӨТ ЖОЛУ

🔹youtube.com/c/SUNNAKG/
🔹t.me/sunnakgcom
🔸instagram.com/sunnakgcom

Бул жакты да көргүлө

Сыйкырды жандыруу дубасы

Бул Рукъяны наушник менен күнүгө 2-3 маал угуш керек, 2-3 айга чейин! Аллах таала гана …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!