Ислам динин таануу, ага чакыруу (даават) жана сабырдуулук

Ислам динин таануу
“Ислам” деген сөздүн тилдик мааниси — “салам” тынчтык. Ал эми терминдик мааниси — “истислам” Аллахка гана моюн сунуу дегенди түшүндүрөт. Кээ бир илимпоздор “Ислам дини бул жаш дин, анткени ал он төрт кылым мурда эле пайда болгон, буга чейин байыркы грек-рим дини, буддизм, иудейизм жана христиан диндерин адамдар тутунуп келишкен” деп калайык калкка туура эмес маалымат берип жатышат. Чынында Ислам дини эң биринчи жана акыркы дин жана ал эки мааниде каралат: жалпы жана негизги.
Исламдын жалпы мааниси: Бул Аллах Таала мыйзамын, элчилерин жибергенинен баштап кыямат күнгө чейин чектеп койгон. Аллах бул жөнүндө көптөгөн аяттарында маалымдайт. Мисалы, Адам (Ага салам болсун!) атаны Аллах Таала жараткан, анан аны жубайы менен кошо жерге түшүргөн. Ошентип, ал жерде эң биринчи пайгамбар болгон. Эми ким аны буддист, иудей же христиан деп айта алат? Ошондой эле, Ибрахим (Ага салам болсун!) пайгамбарды жөөттөр аны иудей деп, христиандар болсо аны христиан деп илимсиздиги менен айтып жатканда Аллах аны мусулман деп ачыктап койгон. Аллах айтат: «Оо китеп ээлери! Эмне үчүн Ибрахим жөнүндө (бириңер “иудей болгон” десеңер, экинчиңер “Жок, христиан болгон” деп) талашасыңар?! Тоорат менен Инжил андан кийин түшпөдүбү! Акылыңарды иштетпейсиңерби?! ОО силер (жөөттөр менен христиандар) билген нерсеңер жөнүндө талашып бүттүңөр. Дагы эмне үчүн билбеген нерсеңер жөнүндө да талашып жатасыңар?! (Ибрахим кайсыл динде болгонун) Аллах гана билет, силер билбейсиңер. Ибрахим иудей (жөөт) да христиан да болгон эмес. Бирок Аллахтын бирдигин тутунган мусулман (Аллахка моюн сунган) болгон. Ошондой эле, ал мушриктердин (Аллахка ибадат кылууда шериктерди кошуучулардын) катарында болбогон» Ал-Имран:67
Аллах айтат (Ибрахим пайгамбардын дубасы) (Оо Эгебиз! Бизди өзүңө баш ийүүчүлөрдөн (мусулмандардан) кыл жана биздин урпактарыбыздан да өзүңө баш ийүүчүлөрдөн кыла көр) Бакара:128.
Исламдын негизги мааниси — бул Мухаммад (Аллах ага дубай саламдарын жолдосун!) пайгамбар болуп жиберилгенинен баштап эсептелинет.
Анын келиши менен ага чейинки баардык диндер өчүрүлөт. Ошентип, ким ага эргешкен болсо ал мусулман, ал эми ким ага каршы чыккан болсо, анда ал мусулман эмес. Мухаммадга (Аллах ага дубай саламдарын жолдосун!) чейин келген пайгамбарлар жана аларга эргешкендердин баардыгы мусулман. Мусанын (Ага салам болсун!) убагындагы жөөттөр мусулман, Исанын (Ага салам болсун!) убагындагы христиандар дагы мусулман эле, бирок алар Мухаммад (Аллах ага дубай саламдарын жолдосун!) жиберилгенде ага ишенишпеген. Ошондуктан алар мусулман эмес. Анткени Аллах Таала Ислам динден башка динди кабыл кылбайт.
Аллах айтат: (Чындыгында Аллахтын алдында кабыл болуучу дин бул – Ислам). Ал-Имран:19
Аллах айтат: (Кимде ким башканы дин катары тутунса анын дини кабыл кылынбайт жана ал акыретте зыянга учуроочулардан болот) Ал-Имран:85
Аллах айтат: (Бүгүн силерге диниңерди толук кылдым жана силерге нээматымды акырына чейин жеткирип, ислам динин силерге ыраа көрдүм) Маида:3.
Андыктан, Ислам акылмандуулукка, мээримдүүлүккө жана калктын оңолуусу үчүн амал кылына турган, жоопкерчилик моюнга жүктөлө турган жана аны ар кандай бузукулуктан коргой турган дин. Бул динсиз калк эч качан оңолбойт. Ошондуктан, ага чыныгы дин деген аныктама берилип жатат. Бирок, Исламга бүгүнкү күндөгү мусулмандар менен баа берилбейт. Анткени алар диндеги көп нерселерге маани бербегендиктен, улуу коркунучтуу күнөөлөргө кабылган. Жада калса кээ бир Ислам мамлекеттериндеги мусулмандардын арасында жашаган адамга Ислам эмес башка чөйрөдө жашагандай сезилет.
Чынында Ислам дини(Аллах Таалага мактоолор болсун) өткөн диндердеги берилген баардык жакшылыктарды өзүнө камтыйт жана баардык заман менен мекенге жана үммөткө жараштуу болгону менен алардан өзгөчөлөнөт. Ал эми баардык заман менен мекенге жана үммөткө жараштуу деген сүйлөмдүн мааниси — адам кайсы заманда, кайсы жерде жана кайсы коомдо жашабасын Ислам динин бекем карманса, анын кызыкчылыгына карама-каршы келбейт. Демек, Ислам дин жакшы амал кылууга буйруп, жамандыкка тыйуу салат жана эң жакшы кулк-мүнөзгө үндөп, жаман сыпаттарды кайтарат.
Ислам динине чакыруу
Бул Мухаммад Пайгамбарыбыздын алып келген шариатына(мыйзамына) чакыруу жана ал чакыруу үч же төрт тартиптен турат.
Аллах айтат « Адамдарды Раббиңдин жолуна акылмандык жана жакшы сабак аркылуу чакыр. Алар менен эң жакшы ыкмада талаш » Нахл:125.
«Алардын заалымдарынан башка китеп ээлери менен жакшы абалда талашып-тартышкыла» Анкабут:47.
1. Акылмандык (даанышмандык)
2. Жакшы сабак (таасирлүү сабак)
3. Эң жакшы абалда талашуу
4. Китеп ээлери менен талашуу

Бул даават илим менен негизделиши үчүн Аллахтын шариатын билүүсү өтө зарыл. Аллах айтат:
«Айткын бул менин жолум. Аллахка билим (басыйра) аркылуу чакырамын, мен жана мага эргешкендер (бул жолдо). Аллах ыйык жана мен шерик кылуучулардын арасынан эмесмин» Юсуф:108.
«Басыйра» — бул шариаттык өкүмдү, дааваттын ыкмасын, жана чакырылып жаткан адамдын акыбалын билүү.
Даават кылына турган тармактар өтө көп: жума хутбасы, түрлүү сабактар, макалалар, ар кандай ийримдерди уюштуруу жана адабий китептерди жазып, аларды коомго таанытуу.
Эгер инсан бир жерде олтуруп сабак өтсө, анда бул дагы дааваттын тармактарына кирет. Бирок, ал сабактар кызыктуу өтүлүп, угуучуларга оордук келтирбей, аларды тажатпоосу зарыл. Бул адам өзүнүн илимий текстерин түшүндүргөн соң, өтүлгөн темага суроо- жооп менен камтылган маселе курушу керек. Ошондо гана сабак өзүнүн максатына жетет.
Бул тартипте өтүлгөн сабак Аллахтын элчисине түшүргөнүн түшүнүүдө негизги ролду ойнойт жана ал жума күндөгү хутба менен радиодон айтылган лекциялардан дагы таасирлүү.
Аллахка чакыруу бул элчилердин милдети (аларга Аллахтын саламы болсун!) жана аларга чын жүрөгү менен эргешкендердин жолу. Эгерде инсан кудайын, элчисин, динин таанып билген болсо бул Аллахтан болгон жакшылык. Ошондуктан, ал адам алган илими менен мусулмандарды динге чакырып, аларды тозоктон куткарып, бейиш менен сүйүнчүлөөсү керек.
Анткени пайгамбар Мухаммад ( ага Аллахтын саламы болсун!) айтты:
«Ким акыйкатка үндөгөн болсо, эргешкендин сообун кошо алат жана анын сообунан эч нерсе кемибейт. Ал эми ким адашканга үндөгөн болсо, эргешкендин күнөөсүн кошо алат жана анын күнөөсүнөн эч нерсе кемибейт» Муслим:(2647).
«Ким жакшылыкка үндөсө, ага (жакшылык) амал кылган адамдын сообун кошо алат».
Хайбар деген жерде Пайгамбар (Аллах ага дубай саламдарын жолдогон) Али ибн Аби Талибке мындай деген: “ Алардын ишенимине кириш үчүн аз- аздан амал кыл, андан соң аларды ислам динине чакыр, андан кийин алардын Аллах Тааланын алдында болгон милдеттери жөнүндө кабар бер, Аллахка ант! Аллах сен аркылуу бир адамды туура жолго сала турган болсо, бул сага берилген сансыз байлыктан дагы артык”. Аль- Бухари: (3701), Муслим: (2406).
Ал эми Ислам дини үч негизги мартабаларга бөлүнөт. Муслимдин хадисинде Умар ибн Хаттабтан (Аллах андан ыраазы болсун!) рибаят, ал айтат: «Күндөрдүн биринде биз Аллахтын элчисинин (Аллах Ага дубай саламдарын жолдосун!) алдында олтурган элек, бир кезде аппак кийинген, чачынын түсү капкара бейтаныш адам кирип келди, ал мусаапыр адамга окшобойт жана эч кимибиз аны тааныбайт экенбиз. Ошентип, ал пайгамбардын (Аллах Ага дубай саламдарын жодосун!) жанына олтуруп, тизесин анын тизесине тийгизип, колун анын тизесине койуп туруп мындай деди: Мухаммад Ислам жөнүндө мага кабар берчи? Аллахтын элчиси (Аллах Ага дубай саламдарын жолдосун!) айтты: Ислам бул Аллахтан башка кудай жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси деп күбө берип, намазыңды тургузуп, зекетиңди берип, рамазан айында орозоңду кармап жана Аллахтын үйүнө ажылык кылууга жол табып кеткенге кудуретиң жетсе, анда ажылык кылып кел. Ал айтты: Сен чындыкты айттың. Умар айтты: Ал андан сурап туруп кайра анын чын айткандыгын тастыктап жатканына биз таң калдык. Ал кайра айтты: Ыйман жөнүндө мага кабар берчи? Айтты: Аллахка, периштелерине, китептерине, элчилерине, акырет күнүнө жана тагдырдын жакшылыгы менен жамандыгына ишенгениң. Ал айтты: “Сен чындыкты айттың”. Ал дагы сурады: “Ихсан жөнүндө мага кабар берчи?” Айтты: Аллахка аны көрүп тургандай ибадат кылганың, эгер сен аны көрбөсөң, анда ал сени көрүп турат”. Айтты: “Кыямат кайым качан болорун кабар берчи?” Айтты: “Суралып жаткан сурап жаткандан да ашык билбейт”. Айтты: “Анда мага анын алааматтарын айтып берчи?” Айтты: “Кыямат күн жакындайт качан аял өзүнө башчы төрөп алганда жана сен бир адамдарды көрөсүң, алар буга чейин жыңайлак, кийми жок, кой кайтарган чабандар эле, ошентип алар тез аранын ичинде бийик-бийик курулуштарды салышат”. Бул жоопту уккан соң сурап жаткан киши кетип калат, ал эми мен ошол кезде бир топко чейин түшүнбөй олтурдум. Анан кийин пайгамбар айтты мага: “Умар! сурап жаткан ким экенин билесиңби?” Айттым: “Аллах жана анын элчиси билет”. Айтты: “Ал болсо Жибрийл (периште) силердин диниңерди үйрөтүш үчүн келген» Ошентип пайгамбар (Аллах ага дубай саламдарын жолдосун!) бул үч мартабаны дин деп баса белгилеп жатат жана ошондой эле бул мартабалар динди толугу менен өзүнө камтыгандыгынын белгиси.

Сабырдуулук
Сабыр — бул Аллахка моюн сунууда напсысын кармоо, Андан баш тартуудан өзүн өзү тыюу, Аллах Тааланын жазган тагдырына ачулануудан кармануу жана ар кандай кыжаалат, көңүлсүз абалга тоскоолдук берүү.
Коомунун кысым көргөзгөнүнө карабастан, Аллахтын динине бекем туруп, ага чакыруусун күчөтүп, чын дили менен мээнеттенүү. Анткени Аллах Таала өзүнүн элчисине мындай дейт:
«Албетте, сенден мурун да элчилерди жалганчы дешкен. Алар жалааларга жана кысымдарга Биздин жардамыбыз келгенге чейин сабыр кылышкан »Ал-Анам:34.
Канчалык азап күчөсө, ошончолук жардам жакындайт, жардам инсандын жашоосунда гана келиши шарт эмес, балким бул жардам анын өлүмүнөн кийин да келүүсү ыктымал. Эгерде Аллах Таала өзүнүн макулуктарынын жүрөктөрүнө анын дааваттарын кабыл кылдырып жана анын үгүтүн элдер бекем тутунса, мына бул да жардам болуп эсептелинет. Андыктан, бул дааватты улантыш үчүн сабырдуу болуусу күтүлөт жана ар кандай тоскоолдуктарга чыдап, аларды Аллах Тааланын дини үчүн көтөрүүсү керек. Бул тоскоолдуктарга элчилер да кабылган (Аларга Аллахтын дубай саламдары болсун!), ошентип алар да өз элинен сөз жана кол аркылуу азап тартышкан.
Аллах айтат: “Алардан мурунку өткөндөргө (коомдорго) да пайгамбар келсе аны: «Сыйкырчы» же «Жинди» дешкен” Заарийат:52
Дагы айтты: “Ар бир пайгамбарга Биз кылмышкерлерди душман кылдып койдук” Фуркан:31

Кимде ким динге чакыра турган болсо, албетте ага сыноо келет, жана бул сыноолорго сабыр кылуусу зарыл. Анткени, пайгамбар Мухаммадды (Аллах Ага дубай саламдарын жолдосун!) коому сабаганда ал бетиндеги канды аарчып Аллахка мындай деп дуба кылган:
«Аллах Таала элимдин кылган ишин Сен кечир, алар акыйкатты билбей жатышат». Аль-Бухари, Муслим (газват Ухут бөлүгү).
Ал эми сабырдын үч түрү бар:
1. Аллахка баш ийүүдө сабыр кылуу
2. Арамга жакындоодон сабыр кылуу
3. Аллахтын берген тагдырына сабыр кылуу

Аллах Таала айтат: “Асырга ант! Албетте, инсан жапа чегүүчү, бирок ыйман келтиргендер, жакшы амал жасагандар, чындык менен насаат кылгандар, сабырдуулук менен насаат кылгандар алар жапа чегишпейт” Асыр:1-3.
Асыр убактысы менен Аллах Таала ант ичип жатат, анткени ал убакыт жакшылык менен жамандыкты өзүнө камтыйт. Аллах Таала инсандарга ант ичип мындай деп жатат: “Баардык инсан аттуу адамдар жапа чегүүчү, бирок кимде төрт сыпаттын баардыгы болсо, анда ал зыянга учурабайт.
Булар: ыйман, жакшы амал, чындык менен бири бирине даават кылып эстеткендер, сабырдуулук менен бири бирине даават кылгандар.
1. Ыйман — бул туура ыктыкат (ишеним) жана пайдалуу илим.
2. Жакшы амал (салих амал) — бул Аллах Таала үчүн болгон баардык сөздөр менен амалдар, жана ал сөздөр менен амалдар пайгамбар Мухаммадды (Аллах Ага дубай саламдарын жолдосун!) ээрчү менен чектелет.
3. Чындык менен бири бирине насыйкат айтуу- бул жакшылык кылууну үндөө жана ага кызыктыруу.
4. Сабырдуулук менен бири бирине насыйкат айтуу – бул Аллахтын буйругун аткаруу жана анын тыйган арам иштерине жакындабоо, жаман тагдырларын көтөрүүдө сабыр кылууну бири бирине осуят кылуу.

Чындык менен бири бирине насыйкат айтуу менен сабырдуулук менен бири бирине насыйкат айтуу — бул өз ичинде жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарууну камтыйт. Ошол себептен Аллах Таала бул аятты түшүргөн:
«Силер эң жакшы үммөт болдуңар, жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарасыңар жана өзүңөр Аллах Таалага ыйман келтиресиңер» Ал-Имран:110.
Ошентип, Асыр сүрөсү жөнүндө имам Шафий мындай деген: «Эгер Аллах Таала элге кескин далил болсун деп бул сүрөнү түшүргөндө, анда ал гана жетиштүү болмок».
Бул имамдын (Аллах ага мээримин төксүн!) сөзүнүн мааниси: ыйман, туура амал, чындык менен Аллахка чакыруу, жана Аллах үчүн сабырдуулукту белгилеп жатат. Бирок, бул Асыр сүрөсү жалпы шариатты камтыбайт. Акыл-эстүү адам эгер бул сүрөнү укса же аны окуган болсо, дароо коромжудан (зыянга учуроодон) өзүн куткарууга аракет кылып, төрт сыпатты жашоосуна киргизүүгө умтулмак.
1. Ыйман
2. Жакшы амал
3. Чындык менен бири бирине насыйкат айтуу
4. Сабырдуулук менен бири бирине насыйкат айтуу.

Арсен Ибрахим БАЙЗАКОВ.

Бул жакты да көргүлө

ИСЛАМ ДИНИНИН ЭКИ ШАРТЫ

“Ислам динин шарттары кандай?” Ислам динин эки шарты бар Биринчи шарт – Аллахка карата болгон …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!