Адам табиятынан болгон нерселер

Пайгамбардын (ага Алланын салават — саламдары болсун)хадисинде келгендей табияттан болгон нерселер бешөө:

قال النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «خَمْسٌ مِنْ الْفِطْرَةِ الْخِتَانُ وَالِاسْتِحْدَادُ وَنَتْفُ الْإِبْطِ وَتَقْلِيمُ الْأَظْفَارِ وَقَصُّ الشَّارِبِ» {رواه البخاري: 5889 ومسلم: 257}

Пайгамбар (ага Алланын салават — саламдары болсун) айтты: «Беш нерсе фитраттан: сүннөткө отургузуу, жыныстык мүчөнүн айланасындагы түктөрдү тазалоо, колтуктун астындагы түктөрдү жулуу, тырмактарды алуу жана мурутту кыскартуу».                                           (Бухарий: 5889. Муслим: 257)

Ар бир мусулман адам бул адептерди аткарып жүрүүсү керек.

Ал эми азыр болсо, бул нерселердин ар бирин чечмелеп өтөбүз.

1. Сүннөткө отургузуу.                                                                                   1. الختان:

Ал жыныстык мүчөнүн учун каптап турган терини кесип алып салуу “Хитан” – деп аталат. Баланы, төрөлгөндүн жетинчи күнүндө сүннөткө отургузуу мустахаб болот. Себеби, Пайгамбар (ага Алланын салават — саламдары болсун) өзүнүн неберелери Хасан жана Хусейнди жетинчи күнүндө сүннөткө отургузган.                                                                                                                        (Байхакий: 8/324)

Эгерде, бул убактан өтүп кетсе акыркы убагы бойго жеткенге чейин болгону жакшы.

قَدْ رُوِيَ عَنْهُ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أنَّهُ إذَا أسْلَمَ عَلَى يَدِهِ الرجلُ يَقُولُ لَهُ: «أَلْقِ عَنْكَ شَعْرَ الْكُفْرِ وَاخْتَتِنْ» {رواه أبو داود: 356}

Пайгамбарыбыздын (ага Алланын салават — саламдары болсун) хадисинде риваят кылынгандай эгерде анын себеби менен бир киши исламды кабыл алса, ага: «Куфурлук түктөрүңдөн тазаланып, сүннөткө отур»! – деп айтаар эле.                                                                                                                                      (Абу Давуд: 356)

2. Сакалды өстүрүп, мурутту кыскартуу.                                     2. إعفاء اللحى وقص الشارب:

قَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: « أَحْفُوا الشَّوَارِبَ وَأَعْفُوا اللِّحَى» {رواه البخاري: 5893 ومسلم: 259}

Пайгамбар (ага Алланын салават — саламдары болсун) айтты:«Мурутту кыскартып, сакалды коюп жибергиле»!                                       (Бухарий: 5893. Муслим: 259)

Ошондуктан мусулман киши мурутун кыскартып, сакалын коюп жиберүүсү сүннөткө ылайык болот.

4. Жыныстык мүчөнүн айланасындагы 3. الاستحداد:                                                                                түктөрдү тазалоо:           

Мусулман адам, анын айланасындагы түктөрдү лезьвя колдонуп тазалса болот. 

5. Колтуктун астындагы түктөрдү жулуу:                                           4. نتف الإبط:       

Эгер, ага жулуу оор келсе, лезьвя колдонсо да болот.

6. Тырмактарды алуу:      5. تقليم الأظافر:                                                                                                                                 

Мусулман адам тырмактарын алып туруу керек.

Оң жактан баштоо сүннөт. Себеби  Пайгамбар (ага Алланын салават — саламдары болсун) баардык нерселерде ошондой эле тырмак алууда да оң жактан баштаганды жакшы көргөн.

Ал эми, аны өсүү мөөнөтү кырк күндөн ашпоо керек.

قَالَ أَنَسُ بنُ ملكٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ: «وُقِّتَ لَنَا فِي قَصِّ الشَّارِبِ وَتَقْلِيمِ الْأَظْفَارِ وَنَتْفِ الْإِبِطِ وَحَلْقِ الْعَانَةِ أَنْ لَا نَتْرُكَ أَكْثَرَ مِنْ أَرْبَعِينَ لَيْلَةً»           {رواه مسلم: 258 وأبو داود: 4194 والترمذي: 2759 وابن ماجه: 295}

Анас бин Малик (Алла Таала андан ыраазы болсун) айтты: «Бизге, мурут кыскартуу, тырмак алуу, колтуктун астындагы түктөрдү жулуу жана жыныстык мүчөнүн айланасындагы түктөрдү тазалоодо кырк түндөн ашык калтырбоого убакыт белгиленди»               

           (Муслим: 258. Абу Давуд: 4194. Тирмизий: 2759. Ибну Мажа: 295)

Ар бир мусулман адам өзүнүн ички келбетин да таза алып жүрүүсү үчүн шарият бул нерселерди аткаруууга буюрган. Бул нерселердин баарын мусулман адам   Пайгамбарды (ага Алланын салават — саламдары болсун) ээрчүү жана анын сүннөтүн аткаруу ниетинде кылуу керек. Эгерде мына ошондой ниетте аткарса, ал адам соопко жетишет. Анткени, «Ар бир амал ниетке жараша« эмеспи?

Бул жакты да көргүлө

Алла Тааланын динине чакыруу (даават кылуу) адеби

Алла Тааланын динине даават кылуучу (чакыруучу) адам Алла тарабынан түшкөн акыйкатты кайдыгерге (бейкапарга) эскертүү, билбегенге …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!