Сапарга чыгуу адеби

Сапар бул – адам баласынын түрдүү муктаждыктарын аткаруу үчүн бир орундан экинчи орунга которулуусу.

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) сапар машакатын (кыйынчылыгын) жеңилдетүү үчүн кээ бир адептерди үйрөтүп кеткен.

Алар төмөнкүлөр: 

1. Сапарга үч же андан көп жолдош менен чыгуу.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «الرَّاكِبُ شَيْطَانٌ وَالرَّاكِبَانِ شَيْطَانَانِ وَالثَّلَاثَةُ رَكْبٌ» {رواه أبو داود: 2607 والترمذي: 1674}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «(Сапардагы) бир атчан, бир шайтан, Эки атчан эки шайтан. Үч атчан, атчандар жамааты»                                                         (Абу Давуд: 2607. Тирмизий: 1674) 

2. Сапарга чыгуу алдында истихара жасоо.

3. Сапар жамааты өздөрүнүн ичинен бирөөнү амир (башчы) шайлоосу. Ал, алар менен кеңешип сапардагы башчылык милдетин аткарат.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِذَا كَانَ ثَلَاثَةٌ فِي سَفَرٍ فَلْيُؤَمِّرُوا أَحَدَهُمْ» {رواه أبو داود: 2608}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Эгерде үч адам сапарга чыкса, өздөрүнүн ичинен бирөөнү амир шайласын»                                                                                                                                   (Абу Давуд: 2608)

4. Унаасына (ар түрдүү унааларга) мингенден кийин сапар дубасын окуу.

قَالَ ابْنُ عُمَرَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا: «أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ إِذَا اسْتَوَى عَلَى بَعِيرِهِ خَارِجًا إِلَى سَفَرٍ كَبَّرَ ثَلَاثًا ثُمَّ قَالَ ﴿سُبْحَانَ الَّذِي سَخَّرَ لَنَا هَذَا وَمَا كُنَّا لَهُ مُقْرِنِينَ وَإِنَّا إِلَى رَبِّنَا لَمُنْقَلِبُونَ﴾ اللَّهُمَّ إِنَّا نَسْأَلُكَ فِي سَفَرِنَا هَذَا الْبِرَّ وَالتَّقْوَى وَمِنْ الْعَمَلِ مَا تَرْضَى اللَّهُمَّ هَوِّنْ عَلَيْنَا سَفَرَنَا هَذَا وَاطْوِ عَنَّا بُعْدَهُ اللَّهُمَّ أَنْتَ الصَّاحِبُ فِي السَّفَرِ وَالْخَلِيفَةُ فِي الْأَهْلِ وَالمَالِ اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنْ وَعْثَاءِ السَّفَرِ وَكَآبَةِ الْمَنْظَرِ وَسُوءِ الْمُنْقَلَبِ فِي الْمَالِ وَالْأَهْلِ وَإِذَا رَجَعَ قَالَهُنَّ وَزَادَ فِيهِنَّ آيِبُونَ تَائِبُونَ عَابِدُونَ لِرَبِّنَا حَامِدُونَ» {رواه مسلم: 1342}

Абдулла бин Умар (Алла ал экөөнөн ыраазы болсун) айтты: «Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) сапарга чыгып баратып, төөсүнүн үстүнө отурганда, үч жолу Алланы улуктап[1] андан кийин минтип айтаар эле: «Бизге ушул унааны моюн сундуруп койгон Алла Таала бардык кемчилик жана айыптардан таза Аруу Зат! (Эгер Ал моюн сундурбаганда) биз буга жакындаша албайт элек. Бардыгыбыз Раббыбызга кайтуучубуз».

Оо, Аллахым! Биз ушул сапарыбызда Сенден жакшылык менен такыбылыкты жана Өзүң ыраазы болгон амалды сурайбыз. Оо, Аллахым! Бул сапарыбызды бизге жеңил кыл! Анын алыстыгын бизге жакын кыл! Оо, Аллахым! Сапардагы жолдошум, малымдын жана үй-бүлөмдүн Орун басары Өзүңсүн! Оо, Аллахым! Мен Сенинин жардамың менен сапардын машакаттарынан, жаман көрүнүштөрүнөн, ошондой эле малыма, үй-бүлөмө жаман акыбылда кайтуудан сактанам». Үйүнө кайтканда ушул эле дубаны окуп, акырына төмөндөгүлөрдү кошумча кылат: «Биз тооба кылып, ибадат кылып жана Раббыбызга шүгүр кылып (жакшылык менен)  кайтып келе жатабыз»!                                                                                                           (Муслим: 1342)

5. Төрт рекеттүү намаздарды кыскартып эки рекет окуусу.

قال تعالى: ﴿وَإِذَا ضَرَبْتُمْ فِي الْأَرْضِ فَلَيْسَ عَلَيْكُمْ جُنَاحٌ أَنْ تَقْصُرُوا مِنَ الصَّلَاةِ إِنْ خِفْتُمْ أَنْ يَفْتِنَكُمُ الَّذِينَ كَفَرُوا إِنَّ الْكَافِرِينَ كَانُوا لَكُمْ عَدُوًّا مُبِينًا﴾ (النساء: 101)

Алла Таала айтты: «(Оо, момундар!) эгер жер жүзүндө сапар кылсаңар, (жана) силерге душмандын зыян жеткирүүсүнөн корксоңор, намазыңардан (бир бөлүгүн) кыскартып окушуңарда силерге күнөө жок. Албетте каапырлар силерге анык душман»                                                                                  (Ниса: 101)

6. Аял заты махрамы менен гана сапарга чыгуусу. Ал — Шариятта турмуш куруусу түбөлүккө арам болгон жакын тууганы. Алар төмөнкүлөр:

а) Ата-тектеги махрамдар: Атасы, чоң атасы, ага-иниси, баласы, атасынын ага-инилери, тайкеси ж.б.у.с.

            б) Үйлөнүү жолу менен болгон махрамдар: Күйөөсү, кайнатасы жана энесинин (башка) күйөөсү.

            в) Эмчектеш махрамдар: Эмчектеш ага-иниси, сүт энесинин күйөөсү ж.б.у.с. сүт эмүү жолу менен болгон туугандары.

قال رسولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: « لَا يَحِلُّ لِامْرَأَةٍ تُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ أَنْ تُسَافِرَ مَسِيرَةَ يَوْمٍ إلَّا مَعَ ذِي مَحْرَمٍ عَلَيْهَا» {رواه مسلم: 1339}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Алла Таалага жана Акырет Күнүнө ыйман келтирген аялдын бир күн (бир түн) аралыктагы сапарга чыгуусу бир гана махрамы менен адал болот» (Муслим: 1339) 

7.  Сапардан келгенде үйнө баруудан мурда мечитке барып, намаз окуу сүннөт.

قَالَ كَعْبُ بْنُ مَالِكٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ: «أنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ إِذَا قَدِمَ مِنْ سَفَرٍ بَدَأَ بِالْمَسْجِدِ فَيَرْكَعُ فِيهِ رَكْعَتَيْنِ» {رواه البخاري: 4418}

Каъб бин Малик (Алла андан ыраазы болсун) айтты: «Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) сапардан келгенде мечиттен баштап, анда эки рекет намаз окуур эле»                                                                (Бухарий: 4418) 


[1] Аллаху Акбар деп айтуу.

Бул жакты да көргүлө

Алла Тааланын динине чакыруу (даават кылуу) адеби

Алла Тааланын динине даават кылуучу (чакыруучу) адам Алла тарабынан түшкөн акыйкатты кайдыгерге (бейкапарга) эскертүү, билбегенге …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!