Жубайлар ортосундагы адеп

Алла Таала пенделерин жубу мене жараткан. Ошондуктан Ислам дини да жуптукта өмүр сүрүүгө кызыктырат.

قال تعال: ﴿وَاللَّهُ جَعَلَ لَكُمْ مِنْ أَنْفُسِكُمْ أَزْوَاجًا وَجَعَلَ لَكُمْ مِنْ أَزْوَاجِكُمْ بَنِينَ وَحَفَدَةً وَرَزَقَكُمْ مِنَ الطَّيِّبَاتِ أَفَبِالْبَاطِلِ يُؤْمِنُونَ وَبِنِعْمَةِ اللَّهِ هُمْ يَكْفُرُونَ﴾    {النحل: 72}

Алла Таала айтты: «Алла силер үчүн өзүңөрдөн жуптарды жаратып, жуптарыңардан силер үчүн балдарды, неберелерди жаратты жана силерди адал — таза ырыскылар менен азыктандырды. Анан алар жалганга (будтарга сыйынууга) ыйман келтиришип, Алла Тааланын жакшылыктарына каапыр болушабы»?!                                                                                                               (Нахл: 72)

قال الله تعالى: ﴿وَمِنْ آَيَاتِهِ أَنْ خَلَقَ لَكُمْ مِنْ أَنْفُسِكُمْ أَزْوَاجًا لِتَسْكُنُوا إِلَيْهَا وَجَعَلَ بَيْنَكُمْ مَوَدَّةً وَرَحْمَةً إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآَيَاتٍ لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ﴾ {الروم:21}

Алла Таала айтты: «Анын аят — белгилеринин (дагы бири) — Ал силер бирге турушуңар үчүн өзүңөрдөн жуптарды жаратышы жана ортоңордо сүйүү жана мээрим пайда кылышы. Албетте мында пикир кыла турган коом үчүн аят — үлгүлөр бар».                                                                                                     (Рум: 21)

Жуптук напсини кармоого жана туяк калтырууга (урукту сактап калууга) себепчи болгондуктан, Ислам дининде эри — катындын ар биринин укуктары, милдеттери жана ар биринин ортосунда боло турган адептер бар.

قال الله تعالى: ﴿وَلَهُنَّ مِثْلُ الَّذِي عَلَيْهِنَّ بِالْمَعْرُوفِ﴾ {البقرة: 228}

Алла Таала айтты: «Жакшы иштерде алар (аялдар) үчүн эрлеринин алдында милдеттери бар сыяктуу эле укуктары да бар».                                     (Бакара: 228)

Биринчи: Эркектин (күйөөнүн) милдеттери:

1. Махр  берүү.

قال الله تعالى: ﴿وَآَتُوا النِّسَاءَ صَدُقَاتِهِنَّ نِحْلَةً﴾ {النساء: 4}

Алла Таала айтты: «Аялдарыңарга махрларын (алар никеңерге өтүү менен өздөрүн силерге тапшыргандарынын акысын) сөзсүз (чын көңүлдөн ыраазылык менен) бергиле»!                                                                         (Ниса: 4)

2. Абалына жараша аялын жана балдарын тамактандырып, кийиндирип жана турак — жай менен камсыз кылуусу.

قال تعالى: ﴿لِيُنْفِقْ ذُو سَعَةٍ مِنْ سَعَتِهِ وَمَنْ قُدِرَ عَلَيْهِ رِزْقُهُ فَلْيُنْفِقْ مِمَّا آَتَاهُ اللَّهُ﴾ ( الطلاق: 7)

Алла Таала айтты: «Бай — дөөлөттүү киши өз байлыгынан (т.а. байлыгына жараша) каржыласын. Кимдин ырыскысы кысылган (кембагал) болсо, ал убакта Алла өзүнө тартуу кылган нерседен (т.а. өз абалына жараша) каржыласын»!                                                                                              (Талак: 7)

قال تعالى: ﴿وَعَلَى الْمَوْلُودِ لَهُ رِزْقُهُنَّ وَكِسْوَتُهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ﴾ {البقرة: 233}

Алла Таала айтты: «Аларды (энелерди) абалына жараша кийиндирип — ичиндирүү — атанын милдети».                                                                (Бакара: 233)

قال تعالى: ﴿أَسْكِنُوهُنَّ مِنْ حَيْثُ سَكَنْتُمْ مِنْ وُجْدِكُمْ﴾ {الطلاق: 6}.

Алла Таала айтты: «Аларга өзүңөрдүн турак — жайыңардан кудуретиңер жеткен жайдан турак бергиле»!                                                                     (Талак: 6)

3. Аялына диндин зарылдыктарын (эгер билбесе) үйрөтүүсү. Аны (аялын) намаз окууга ж.б. ибаадаттарга буйуруусу. Шариятта жабууга буюрулган денесин ачуудан, эркектерге аралашуудан ж.б. Ислам дининде тыюу салынган нерселерден кайтаруусу.

قال تعالى: ﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا قُوا أَنْفُسَكُمْ وَأَهْلِيكُمْ نَارًا وَقُودُهَا النَّاسُ وَالْحِجَارَةُ﴾ {التحريم: 6}

Алла Таала айтты: «Оо, ыйман келтирген пенделер! силер өзүңөрдү жана үй — бүлөөңөңдү отуну адамдар жана таштар болгон тозоктон сактагыла»!      

(Тахрим: 6)

4. Көп аялдуу болсо, алардын ортосунда каржылоо, багуу жана түнөө ж.б.у.с. нерселерде адилеттүү болуу.

قال تعالى: ﴿فَإِنْ خِفْتُمْ أَلَّا تَعْدِلُوا فَوَاحِدَةً﴾ {النســـاء: 3}

Алла Таала айтты: «Эми эгер (алардын арасында) адилеттүүлүк кыла албастыктан корксоңор, анда бир аялга (үйлөнгүлө)»!                       (Ниса: 3)

5. Аялына жакшы мамиледе болуу.

قال تعالى: ﴿وَعَاشِرُوهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ﴾ {النساء: 19}

Алла Таала айтты: «Алар (аялдар) менен жакшы, ынтымактуу жашагыла»!                                                                                                                             (Ниса: 19)

6. Аялынын төшөгүнө төрт айдан ашык убак жатпай койбоо. Кошулган учурда, шарыятта көрсөтүлгөн жолдо кошулуу керек. Артына жана хайз (этек кир) мезгилинде кошулуу шарыятта арам кылынган.

قال تعالى: ﴿وَيَسْأَلُونَكَ عَنِ الْمَحِيضِ قُلْ هُوَ أَذًى فَاعْتَزِلُوا النِّسَاءَ فِي الْمَحِيضِ وَلَا تَقْرَبُوهُنَّ حَتَّى يَطْهُرْنَ فَإِذَا تَطَهَّرْنَ فَأْتُوهُنَّ مِنْ حَيْثُ أَمَرَكُمُ اللَّهُ﴾ {البقرة: 222}

Алла Таала айтты: «(Оо, Мухаммад,) сенден ошондой эле айыз (этек кири) жөнүндө сурашат. Айткын: «Ал жийиркеничтүү (зыяндуу) нерсе. Демек айыз маалында аялдарыңардан оолак болгула жана тээ тазарганга чейин жакындашпагыла! Таза бологондон кийин гана аларга Алла буюрган тараптан келгиле»!                                                                             (Бакара: 222)

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَلْعُونٌ مَنْ أَتَى امْرَأَتَهُ فِي دُبُرِهَا» {رواه أبو داود: 2162}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Аялынын артына кошулган киши, каргышталган»                                             (Абу Давуд: 2162)

7. Бири — биринин сырын ачпоо жана айыптарын башкаларга айтпоо.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِنَّ مِنْ أَشَرِّ النَّاسِ عِنْدَ اللَّهِ مَنْزِلَةً يَوْمَ الْقِيَامَةِ الرَّجُلَ يُفْضِي إِلَى امْرَأَتِهِ وَتُفْضِي إِلَيْهِ ثُمَّ يَنْشُرُ سِرَّهَا»            {رواه مسلم: 1437}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кыямат күнүндө Алланын астында адамдардын эң төмөн даражасы, ал бири-бирине кошулуп, анан  а(ялы)нын сырын жайылткан киши».                              (Муслим: 1437)

8. Балдарды (Ислам тарбиясында) тарбиялоо ал экөөнүн милдети.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «كُلُّكُمْ رَاعٍ وَكُلُّكُمْ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ وَالْمَرْأَةُ رَاعِيَةٌ فِي بَيْتِ زَوْجِهَا وَمَسْئُولَةٌ عَنْ رَعِيَّتِهَا» {رواه البخاري: 893}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Ар бириңер кароочусуңар, ар бириң кол астыңдагыларга жоопкерсиңер. Аял күйөөсүнүн үйүндө (бала — чака жана мал — мүлкүнө) кароочу, жана ага жоопкер».                                                                                                                         (Бухарий: 893)

Экинчи: Аялдын милдеттери:

1. Алла тыйбаган жолдо күйөөсүнө баш ийүү. Барында да жогунда да анын абийрин сактоо. Күйөөсүнүн мал — мүлкүнө жана балдарына көз салып сактоо.

قال تعالى: ﴿ الرِّجَالُ قَوَّامُونَ عَلَى النِّسَاءِ بِمَا فَضَّلَ اللَّهُ بَعْضَهُمْ عَلَى بَعْضٍ وَبِمَا أَنْفَقُوا مِنْ أَمْوَالِهِمْ فَالصَّالِحَاتُ قَانِتَاتٌ حَافِظَاتٌ لِلْغَيْبِ بِمَا حَفِظَ اللَّهُ﴾ {النساء: 34}

Алла Таала айтты: «Эркекетер өз аялдары үстүндө жетекчи. Буга себеп Алла алардын бирөөлөрүн — бирөөлөрүнөн (эркектерди аялдардан) даражасын бийик кылганы жана эркектер (аялдары жана үй — бүлөөлөрү үчүн) өз мал — мүлктөрүнөн  сарп — каражат кылгандыктары. Демек Алла Таалага кулчулук кылып, Ага жана эрлерине баш ийип, алар жокто Алланын сактоосу (жана жардамы) менен (эрлеринин мал — мүлктөрүн жана өз абийирлерин) сактоочу аялдар — жакшы аялдар».                                                                                (Ниса: 34)

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: « وَالْمَرْأَةُ رَاعِيَةٌ فِي بَيْتِ زَوْجِهَا وَمَسْئُولَةٌ عَنْ رَعِيَّتِهَا» {رواه البخاري: 893}

Алланын элчиси (ага Алланын салават — саламдары болсун) айтты: «Аял күйөөсүнүн үйүндө (бала — чака жана мал — мүлкүнө) кароочу, жана ага жоопкер».                                                                                                            (Бухарий: 893)

2. Күйөөсүнүн үйүнөн анын уруксаты жана ыраазылыгысыз чыкпайт. Башка эркектерди карабайт. Эркектер арасында үнүн бийик көтөрбөйт. Жамандыктан колун тартат. Тилин жаман сөздөн сактайт. Күйөөсүнүн жакындары менен жакшы мамиледе болот.

قال تعالى: ﴿وَقُلْ لِلْمُؤْمِنَاتِ يَغْضُضْنَ مِنْ أَبْصَارِهِنَّ وَيَحْفَظْنَ فُرُوجَهُنَّ وَلَا يُبْدِينَ زِينَتَهُنَّ إِلَّا مَا ظَهَرَ مِنْهَا﴾ {النور:31}

Алла Таала айтты: «Момун аялдарга да айткын, көздөрүн (чоочун эркектерге кароодон) тосушсун жана абийирдүү жерлерин (арамдан) сакташсын. Ошондой эле көрүнүп тургандан башка кооздук — жасалгаларын (т.а. үстүлөрүндөгү кийимдеринен башка кооздук — жасалгаларын  чоочун бирөөлөргө) көрсөтүшпөсүн»!                                                                                                (Нур: 31)

3. Күйөөсүнө жакшы мамиледе болуу. Сөзүндө, кыймыл — аракетинде ж.б. нерселерде жумшак болуу.

قال الله تعالى: ﴿وَلَهُنَّ مِثْلُ الَّذِي عَلَيْهِنَّ بِالْمَعْرُوفِ وَلِلرِّجَالِ عَلَيْهِنَّ دَرَجَةٌ﴾ {البقرة: 228}

Алла Таала айтты: «Жакшы иштерде алар (аялдар) үчүн эрлеринин алдында милдеттери бар сыяктуу эле укуктары да бар. Дагы эркектер үчүн (аялдар) үстүндө бир даража (артыкчылык) бар».                                           (Бакара: 228)

4. Күйөөсү кошулууну кааласа, андан себепсиз тыйылбоо.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِذَا دَعَا الرَّجُلُ امْرَأَتَهُ إِلَى فِرَاشِهِ فَلَمْ تَأْتِهِ فَبَاتَ غَضْبَانَ عَلَيْهَا لَعَنَتْهَا الْمَلَائِكَةُ حَتَّى تُصْبِحَ»                   {رواه البخاري:3237 ومسلم: 1436 وأبو داود: 2141}

Алланын элчиси (ага Алланын салават — саламдары болсун) айтты: «Күйөөсү аялын төшөкө чакырса, аялы келбесе, аялына ачууланган абалда түнөсө, периштелер ал аялга таң атканча каргыш айтат».

      (Бухарий: 3237. Муслим: 1436. Абу Давуд: 2141)

Бул жакты да көргүлө

Алла Тааланын динине чакыруу (даават кылуу) адеби

Алла Тааланын динине даават кылуучу (чакыруучу) адам Алла тарабынан түшкөн акыйкатты кайдыгерге (бейкапарга) эскертүү, билбегенге …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!