Мусулман адам, Алланын элчисинин (ага Алланын салават-саламдары болсун) үй-бүлөсүн жана анын сахабаларын (алардан Алла ыраазы болсун) жакшы көрүү важип экендигине жана алардын башка момун-мусулмандарга караганда абзел (артык) экендиктерине ошондой эле алардын артыкчылыкта жана даражаларынын жогору болуусунда Исламга кирүүлөрүнө жараша ар түрдүү даражада экендиктерине ыйман келтирет.
Сахабалар менен болгон адеп – аларга ыраазылык айтуу[1], шарият өкүмдөрүндө алардын сөзүн алуу жана аларды тилдебөө (сөкпөө) менен болот.
Мына ошондуктан мусулман адам Алланын элчисинин сахабалары (алардан Алла ыраазы болсун) менен төмөнкүчө адепте болуусу зарыл:
1. Аларды жакшы көрүү. Анткени, аларды Алла Таала жана анын элчиси жакшы көргөн.
2. Алардын башка момун-мусулмандарга караганда абзел (артык) экендиктерине жана бул үммөттүн ичинен Мухаммад (ага Алланын салават-саламдары болсун) дан кийинки эле даражада экендиктерине ыйман келтирүү. Чынында Алла Таала аларды мактап, Өз Сөзүндө мындай деген:
قال تعالى: ﴿وَالسَّابِقُونَ الْأَوَّلُونَ مِنَ الْمُهَاجِرِينَ وَالْأَنْصَارِ وَالَّذِينَ اتَّبَعُوهُمْ بِإِحْسَانٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمْ وَرَضُوا عَنْهُ وَأَعَدَّ لَهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي تَحْتَهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا ذَلِكَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ﴾ (التوبة: 100)
Алла Таала айтты: «Мухажир[2] жана Ансарлардын[3] алдыңкылары[4] жана аларды жакшы иштерде ээрчигендерден Алла Таала ыраазы болду жана алар Андан ыраазы болушту. Дагы (Алла) алар үчүн ичинде түбөлүккө кала турган, алдыларынан дарыялар агып туруучу бейиштерди даярдап койгон. Мына ушул[5] — улуу жеңиш». (Тообо: 100)
قَالَ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «خَيْرُ النَّاسِ قَرْنِي ثُمَّ الَّذِينَ يَلُونَهُمْ ثُمَّ الَّذِينَ يَلُونَهُمْ« {رواه البخاري: 3652 ومسلم: 533)
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Адамдардын жакшысы менин дооруумда жашагандар андан кийин андан кийинкилер андан кийин андан кийинкилер» (Бухарий: 3652. Муслим: 533)
3. Аларды тилдебөө жана алар жөнүндө жаман сөз айтпоо, анткени, андан Пайгамбарыбыз (ага Алланын салават-саламдары болсун) өзү кайтарган.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَا تَسُبُّوا أَصْحَابِي لَا تَسُبُّوا أَصْحَابِي فَوَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ لَوْ أَنَّ أَحَدَكُمْ أَنْفَقَ مِثْلَ أُحُدٍ ذَهَبًا مَا أَدْرَكَ مُدَّ أَحَدِهِمْ وَلَا نَصِيفَهُ» {رواه البخاري: 3637 ومسلم: 540}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Менин сахабаларымды сөкпөгүлө! Менин сахабаларымды сөкпөгүлө! Менин жаным Анын колунда болгон Затка касам эгерде, силердин бирөөңөр Ухуд тоосундай алтынды (Алла жолунда жумшаса) садака кылса да, алардын бир кочуш жадагалса бир ууч садакасына да жетпейсиңер» (Бухарий: 3637. Муслим: 540)
4. Абу Бакрды (Алла андан ыраазы болсун) башка сахабалардан артык – абзел деп билүү. Абу Бакрдан (Алла андан ыраазы болсун) кийин абзелдикте Умар (Алла андан ыраазы болсун) андан кийин Усман (Алла андан ыраазы болсун) андан кийин Али (Алла андан ыраазы болсун) андан кийин тирүүсүндө эле бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он сахаба (Алла алардын баарынан ыраазы болсун) экендигине ыйман келтирүү.
قال رسول الله صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَوْ كُنْتُ مُتَّخِذًا خَلِيلًا لَاتَّخَذْتُ أَبَا بَكْرٍ خَلِيلًا وَلَكِنَّهُ أَخِي وَصَاحِبِي وَقَدْ اتَّخَذَ اللَّهُ عَزَّ وَجَلَّ صَاحِبَكُمْ خَلِيلًا» {رواه البخاري: 466 ومسلم: 2383}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Өзүмө эң жакын дос кылып алганымда, анда Абу Бакрды эң жакын дос кылып алмакмын. Бирок, ал (диндеги) бир туунганым жана досум. Чынында Алла Таала жолдошуңарды[6] Өзүнө эң жакын дос кылып алды» (Бухарий: 466. Муслим: 2383)
قال علي رضي الله عنه : «أَلَا أُخْبِرُكُمْ بِخَيْرِ هَذِهِ الْأُمَّةِ بَعْدَ نَبِيِّهَا أَبُو بَكْرٍ ثُمَّ قَالَ أَلَا أُخْبِرُكُمْ بِخَيْرِ هَذِهِ الْأُمَّةِ بَعْدَ أَبِي بَكْرٍ عُمَرُ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ» {رواه أحمد، مسند علي: 833}
Али (Алла андан ыраазы болсун) айтты: «Бул үммөттүн ичинен пайгамбарынан кийинки эле эң жакшысы ким экендигин айтайынбы? “Абу Бакр”- деди. Андан кийин айтты: Бул үммөттүн ичинен Абу Бакрдан кийинки эле эң жакшысы ким экендигин айтайынбы? “Умар” (Алла андан ыраазы болсун) деди». (Ахмад, муснаду Али: 833)
5. Пайгамбарыбыздын (ага Алланын салават-саламдары болсун) аялдарын урматтоо жана аларга ыраазылык айтуу. Алар момун-мусулмандардын энелери жана таза экендиктерине ыйман келтирүү.
قال تعالى: ﴿النَّبِيُّ أَوْلَى بِالْمُؤْمِنِينَ مِنْ أَنْفُسِهِمْ وَأَزْوَاجُهُ أُمَّهَاتُهُمْ﴾ (الأحزاب: 6)
Алла Таала айтты: «Пайгамбар, момундарга өздөрүнөн да акылуураак[7], анын аялдары болсо, алардын энелери». (Ахзаб: 6)
[1] алардан Алла ыраазы болсун – деп айтуу.
[2] Мухажирлер – Меккеден Мединага ислам дини үчүн көчкөн алгачкы мусулмандар
[3] Мухажирлерди сый менен тосуп алган алгачкы Мединалык мусулмандар
[4] Ыйманда, жер которууда жана Алланын динине жардам берүүдө.
[5] Бейишке кирүүгө татыктуу болуу
[6] Бул хадисте пайгамбар (ага Алланын салават-саламдары болсун) жолдошуңар деп өзүн айтып жатат.
[7] Дин жана дүйнө иштеринин баарында