Балдар менен болгон адеп

Алла Таала ата-эненин жүрөгүнө балдарына болгон ырайымдуулук, мээримдүүлүк жана аёо сезимдерин жараткан. Ал сезимдер бала тарбиялоодо, аларды келечекке даярдоодо, калыптануусуна жана келечекте жакшы натыйжаларды берүүдө эң чоң роль ойнойт.

Мына ошондуктан Ислам шарияты жүрөктөргө мээримдүүлүктү бекемдеп, ата-энелерди ал сыпат менен калыптанууга кызыктырат.

Мусулман адам өз балдарына карата төмөнкү адептерге көңүл бурганы жакшы:

1.  Балдарына мээрим төгүп, ырайымдуу болуу.

قَالَ أَبُو هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ:«قَبَّلَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ الْحَسَنَ بْنَ عَلِيٍّ وَعِنْدَهُ الْأَقْرَعُ بْنُ حَابِسٍ التَّمِيمِيُّ جَالِسًا فَقَالَ الْأَقْرَعُ إِنَّ لِي عَشَرَةً مِنْ الْوَلَدِ مَا قَبَّلْتُ مِنْهُمْ أَحَدًا فَنَظَرَ إِلَيْهِ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ ثُمَّ قَالَ مَنْ لَا يَرْحَمُ لَا يُرْحَمُ » {رواه البخاري: 5997 ومسلم: 2318}

Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) айтты: «Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун)  Хасан ин Алини өпкөндө анын алдында (жанында) ал – Акръа бин Хабис ат-Тамимий отурган. ал – Акръа: менде он балам бар. Алардын бирөөсүн да өпкөн жокмун —  дегенде. Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) ага карады да, андан кийин мындай деди: «Мээрим төкпөгөн, мээрмимдүүлүк көрбөйт»            (Бухарий: 5997. Муслим: 2318)

2.  Ата-эне балдарына жаман ат койгондон сактанып, жакшысын тандып коюу. Аттардын жакшысы: Абдулла жана Абдуррахман.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إِنَّ أَحَبَّ أَسْمَائِكُمْ إِلَى اللَّهِ عَبْدُ اللَّهِ وَعَبْدُ الرَّحْمَنِ» {رواه مسلم: 2132}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Алла Таалага эң жакшы көрүлгөн аттар: Абдулла жана Абдуррахман»  (Муслим: 2132)

قالت عَائِشَةُ رضي الله عنها: «أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ يُغَيِّرُ الِاسْمَ الْقَبِيحَ» {رواه الترمذي: 2839}

Айша (Алла андан ыраазы болсун) айтты: «Пайгамбар (ага Алланын салават-саламдары болсун) жаман атты өзгөртчү»                                          (Тирмизий: 2839)

3. Эркек бала төрөлсө, эки кой, кыз бала төрөлсө, бир кой союп акыйка кылуу (сүннөт).

قال رسولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «عَنْ الْغُلَامِ شَاتَانِ مُكَافِئَتَانِ وَعَنْ الْجَارِيَةِ شَاةٌ » {رواه أبو داود: 2831}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Эркек бала үчүн эки бирдей-окшош кой, кыз бала үчүн бир кой союлат»                    (Абу Давуд: 2831)

4. Балдардын жаман сапаттардан алыс болуп, жакшы сапаттар менен калыптануусуна жана ислам тарбиясында өстүрүүгө (тарбиялоого) көңүл буруу.

قال رسولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مُرُوا أَوْلَادَكُمْ بِالصَّلَاةِ وَهُمْ أَبْنَاءُ سَبْعِ سِنِينَ وَاضْرِبُوهُمْ عَلَيْهَا وَهُمْ أَبْنَاءُ عَشْرٍ وَفَرِّقُوا بَيْنَهُمْ فِي الْمَضَاجِعِ»     {رواه أبو داود: 495 -496}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Балаңар жети жашка толгондо (чыкканда), намазга буйургула! Он жашында намаз (окубагандыгы) үчүн ургула! Жана (кыз менен балдарды) бөлүп өзүнчө жаткыргыла!!!»                                                                                      (Абу Давуд: 495-496) 

5. Куран жана шарият илимдерин үйрөтүү. Салих (жакшы) балдардан болуп чоңойуп, өтүп кеткен ата-энелеринин акыларына дуба кылуу үчүн такыбалыка-динди бекем кармоого тарбиялоо (үндөө).

قال تعالى: ﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا قُوا أَنْفُسَكُمْ وَأَهْلِيكُمْ نَارًا وَقُودُهَا النَّاسُ وَالْحِجَارَةُ عَلَيْهَا مَلَائِكَةٌ غِلَاظٌ شِدَادٌ لَا يَعْصُونَ اللَّهَ مَا أَمَرَهُمْ وَيَفْعَلُونَ مَا يُؤْمَرُونَ﴾ (التحريم: 6)

Алла Таала айтты: «Оо, ыйман келтирген пенделер! Силер өзүңөрдү жана үй-бүлөөңөрдү отуну адамдар жана таштар болгон тозоктон сактагыла, ал (тозок) үстүндө катуу дил жана катуу кол, Алла өздөрүнө буюурган нерсеге баш ийбестик кылбай турган, жалаң гана өздөрүнө буюрулган нерсени кыла турган периштелер турат»                                                                          (Тахрим: 6)

6. Тамеки тартуу, наркотикалык заттарды колдонуу, алдоо ж.б.у.с. жаман адаттардан алыс болуу үчүн көрсөтмө берип үлгү болуу.

7. Балдардын ортосунда адилеттүү болуу. Бирин экинчисинен артык көрбөө (белек бергенде да).

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «اتَّقُوا اللَّهَ وَاعْدِلُوا فِي أَوْلَادِكُمْ » {رواه مسلم: 1623}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Алладан корккула! Балдарыңардын ортосунда адилеттүү болгула!»                     (Муслим: 1623)

Бул жакты да көргүлө

Алла Тааланын динине чакыруу (даават кылуу) адеби

Алла Тааланын динине даават кылуучу (чакыруучу) адам Алла тарабынан түшкөн акыйкатты кайдыгерге (бейкапарга) эскертүү, билбегенге …