Диндеги (мусулман) бир туугандарды жакшы көрүү жана алардын укуктарын коргоо чыныгы мусулмандын көрүнүктүү (эң негизги) сапаттарынан болуп эсептелет. Анкени улутунун, өңү-түсүнүн жана тилинин башка экендигине карабастан аны диндеги бир тууганы менен бириктирип бекем байланыштырган нерсе ал – Алла Таалага ыйман келтирүү биримдиги (байланышы).
قَالَ اللهُ تَعَالَى: ﴿إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ إِخْوَةٌ﴾ (الحجرات: 10)
Алла Таала айтты: «Чындыгында, ыймандуулар — бир тууган» (Хужурат: 10)
Мусулман адам диндеги бир тууганынын укуктарын жана ага карата өз милдеттерин аткарууда аны ибадат (Алла Тааага сыйынуу) жана аны мененАлла Таалага жакындаймын деген ишенимде аткарат. Мына ошол акы (укук) жана милдеттердин кээ бирлерин айта кетсек, алар төмөнкүлөр:
1. Мусулман адамга жолуккан кезде сөз баштаардан мурда Ас-салааму алайкум ва рахматул-лаахи ва бара-каатух (Силерге (сага) Алла Тааланын тынчтыгы, рахматы жана берекеси болсун) – деп салам берүү.
قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «وَتَقْرَأُ السَّلَامَ عَلَى مَنْ عَرَفْتَ وَمَنْ لَمْ تَعْرِفْ» {رواه البخاري: 6236 ومسلم: 39 وأبو داود: 5194}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Тааныган да тааныбаган да адамыңа салам берүүң» (Бухарий: 6236. Муслим: 39. Абу Давуд: 5194)
Алла Тааланын буйругун аткарып, анын саламына Ва алайкум – ус –салааму ва рахматул – лаахи ва баракаатух (Силерге (сага) да Алла Тааланын тынчтыгы, рахматы жана берекеси болсун) – деп алик алуу.
قال تعالى: ﴿وَإِذَا حُيِّيتُمْ بِتَحِيَّةٍ فَحَيُّوا بِأَحْسَنَ مِنْهَا أَوْ رُدُّوهَا إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ حَسِيبًا﴾ (النساء: 86)
Алла Таала айтты: «Качан силерге салам берилсе, силер андан жакшыраак кылып алик алгыла. Же (эч болбосо) ошол саламдын өзүн кайтаргыла!» (Ниса: 86)
Мүмкүн болсо кол алышып көрүшүү.
قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: ﴿مَا مِنْ مُسْلِمَيْنِ يَلْتَقِيَانِ فَيَتَصَافَحَانِ إِلَّا غُفِرَ لَهُمَا قَبْلَ أَنْ يَفْتَرِقَا﴾
{رواه أبو داود: 5201 والترمذي: 2727 وابن ماجه: 3703}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Эки мусулман жолугушуп, кол алышып көрүшсө, бири-биринен ажырап кетпестен мурун (кичине) күнөөлөрү кечирилет» (Абу Давуд: 5201.Тирмизий: 2727. Ибн Маажа: 3703)
2. Ооруп калса кабар алып, аларга Алла Тааланын шыпаа берүүсүн тилеп дуба кылуу.
قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: « إِنَّ اللَّهَ عَزَّ وَجَلَّ يَقُولُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ يَا ابْنَ آدَمَ مَرِضْتُ فَلَمْ تَعُدْنِي قَالَ يَا رَبِّ كَيْفَ أَعُودُكَ وَأَنْتَ رَبُّ الْعَالَمِينَ قَالَ أَمَا عَلِمْتَ أَنَّ عَبْدِي فُلَانًا مَرِضَ فَلَمْ تَعُدْهُ أَمَا عَلِمْتَ أَنَّكَ لَوْ عُدْتَهُ لَوَجَدْتَنِي عِنْدَهُ » {رواه مسلم: 2569}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кыямат күнү Алла Таала айтат: Эй, адам баласы! Мен ооруп калдым, а сен кабар алган жоксун. Ошондо пенде айтат: Оо, Жараткан! Кантип мен Сенден кабар алам, Сен ааламдардын Раббысың. Алла Таала айтат: Баланча пендемдин ооруганын билип туруп, андан кабар албадың. Эгерде андан кабар алганыңда анын жанынан Мени табаар элең» (Муслим: 2569)
قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِنَّ الْمُسْلِمَ إِذَا عَادَ أَخَاهُ الْمُسْلِمَ لَمْ يَزَلْ فِي خُرْفَةِ الْجَنَّةِ حَتَّى يَرْجِعَ » {رواه مسلم: 2568}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Мусулман адам башка бир (оруп калган) мусулман бир тууганынын абалын сурап кабар алса, үйүнө кайтып келгенче бейиштин жолунда болот» (Муслим: 2568)
3. Эгерде, чүчкүргөндөн кийин “Ал-хамду Лилла” – (Алла Таалага мактоолор-шүгүрлөр болсун) десе, Ярхамукалла (Алла Таала сени Өз ырайымына алсын) – деп дуба кылуу. Чүчкүргөн адам ага минтип жооп кайтарат: Яхдиикумуллаа (Алла Таала силерди туура жолго баштасын).
قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِذَا عَطَسَ أَحَدُكُمْ ، فَلْيَقُلِ : الْحَمْدُ لِلَّهِ ، وَلْيَقُلْ لَهُ أَخُوهُ: يَرْحَمُكَ اللَّهُ ، فَإِذَا قَالَ لَهُ : يَرْحَمُكَ اللَّهُ ، فَلْيَقُلْ له : يَهْدِيكُمُ اللَّهُ ، وَيُصْلِحُ بَالَكُمْ» (البحاري: 6224)
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Качан силердин бирөөңөр чүчкүрсө, ал-хамду Лилла – деп айтсын! Анын (диндеги) бир тууганы Ярхамукалла – деп айтсын! Эгерде ага Ярхамукалла – деп айтса, анда ал Яхдиикумуллааху ва Юслиху Баалакум — деп айтсын!» (Бухарий: 6224)
4. Мусулман адам (диндеги) бир тууганынын кубанычын тең бөлүшүп, чакырган чакырыгына жооп берет (тоюна барат).
قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «شَرُّ الطَّعَامِ طَعَامُ الْوَلِيمَةِ يُمْنَعُهَا مَنْ يَأْتِيهَا وَيُدْعَى إِلَيْهَا مَنْ يَأْبَاهَا وَمَنْ لَمْ يُجِبْ الدَّعْوَةَ فَقَدْ عَصَى اللَّهَ وَرَسُولَهُ» {رواه مسلم: 1432}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Тамактын (тойдун) эң жаманы – келе тургандар (кедейлер) чакырылбай, андан баш тарткандар (келбей тургандар) чакырылган тойдун тамагы. Кимде-ким, чакырылган жерге барбай койсо, анда ал Алла Таалага жана анын элчисине күнөөкөр болуптур (каршы чыгыптыр)». (Муслим: 1432)
5. Эгерде, мусулмандардын бирөөсү каза болуп калса, анын жаназасына катышып, намаз окуу. Күнөөлөрүнүн кечирилүүсүн жана сурак учурунда бекем болуусун Алла Тааладан сурап дуба кылуу.
قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «حَقُّ الْمُسْلِمِ عَلَى الْمُسْلِمِ خَمْسٌ رَدُّ السَّلَامِ وَعِيَادَةُ الْمَرِيضِ وَاتِّبَاعُ الْجَنَائِزِ وَإِجَابَةُ الدَّعْوَةِ وَتَشْمِيتُ الْعَاطِسِ» {رواه البخاري: 1240}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Мусулмандын экинчи бир мусулмандагы акысы бешөө: саламга алик алуу, оруулардын абалын сурап — кабар алуу, жаназага катышуу, чакырыгына жооп берүү жана чүчкүргөндөн кийин, ал-хамду Лилла – деп айтса, Ярхамукалла – деп айтуу» (Бухарий: 1240)
قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَنْ صَلَّى عَلَى جِنَازَةٍ فَلَهُ قِيرَاطٌ وَمَنْ شَهِدَ دَفْنَهَا فَلَهُ قِيرَاطَانِ » {رواه أحمد: 9197 وابن ماجه: 1539}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимде-ким жаназа намазына катышса, ага бир кыйрат (Ухуд тоосундай сооп), ал эми, өлүктү көмүүгө (чейин) катышса, (анда) ага эки кыйрат»
(Ахмад: 9197. Ибну Мажа: 1539)
6. Эгерде, кеңеш сураса (же анын кеңешке муктаж экендигин билип калса), анын ишиндеги жакшылык менен жамандыкты баяндап кеңешин берүү.
قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِذَا اسْتَنْصَحَ أَحَدُكُمْ أَخَاهُ فَلْيَنْصَحْ لَهُ » {رواه البخاري: 2157}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Эгерде силердин бирөөңөр (диндеги) бир тууганынан кеңеш сураса, кеңешин берсин»!
(Бухарий: 2157)
7. Өзүнө жакшы көргөн нерсени башкага ( диндеги бир тууганына) да жакшы көрүү. Өзүнө жаман көргөн нерсени башкага да жаман көрүү.
قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَا يُؤْمِنُ أَحَدُكُمْ حَتَّى يُحِبَّ لِأَخِيهِ مَا يُحِبُّ لِنَفْسِهِ» {رواه البحاري: 13}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Силердин эч кимиңер өзүнө каалаган (жакшы) нерсени башка (мусулман) бир тууганына кааламайынча (толук) ыймандуу боло албайт» (Бухарий: 13)
8. Эки мусулман урушуп кетишсе, үч күндөн ашырбастан жарашуу.
قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَا يَحِلُّ لِمُسْلِمٍ أَنْ يَهْجُرَ أَخَاهُ فَوْقَ ثَلَاثَةِ أَيَّامٍ يَلْتَقِيَانِ فَيُعْرِضُ هَذَا وَيُعْرِضُ هَذَا وَخَيْرُهُمَا الَّذِي يَبْدَأُ بِالسَّلَامِ » {رواه البخاري: 2559}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Мусулман адамдын (диндеги) бир тууганын үч күндөн ашык таштоосу адал болбойт (арам).Бири-бирине жолугуп мунусу андан анысы мындан жүз бурат. Алардын жакшысы саламды биринчи баштаганы» (Бухарий: 2559)
9. Мусулмандын малына, жанына жана абийрине жамандык (зыян) жеткирбөө.
قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «كُلُّ الْمُسْلِمِ عَلَى الْمُسْلِمِ حَرَامٌ دَمُهُ وَمَالُهُ وَعِرْضُهُ» {رواه مسلم: 2564}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Мусулманга бардык мусулмандын каны, малы жана абийри (ар-намысы) арам» (Муслим: 2564)