Кураны Карим Алла Тааланын өз пайгамбары Мухаммадка (ага Алланын салават-саламдары болсун) түшүргөн Сөзү. Ал кыямат Күнүнө чейин түбөлүктүү муъжиза (керемет). Аны окуп Алла Таалага кулчулук кылабыз. Кураны Карим мусулмандын этикат, шарият өкүмдөрү жана кулк-мүнөзүн ала турган бирден-бир булагы болуп эсептелет. Ошондой эле ал мусулмандын эки дүйнө бактылуулугун жана урматтуулугун өз ичине камтып алган ыйык Китеп.
Ошондуктан ар бир мусулман адам андагы адалды адал деп, арамды арам деп билүүсүнө кошумча Кураны Каримди окуп жаткан учурда төмөнкү адептерге көңүл буруусу зарыл:
1. Ыйык Куранды же анын аяттары жазылган баракчаларды аяр сактап, ылайыктуу-таза жерге коюу. Алла Тааланын Сөзүнүн улуулугу үчүн аны урматтап, мончо, ажаткана ж.б.у.с. ыплас жерлерге алып кирбөө.
قال تعالى: ﴿ذَلِكَ وَمَنْ يُعَظِّمْ شَعَائِرَ اللَّهِ فَإِنَّهَا مِنْ تَقْوَى الْقُلُوبِ﴾ (الحج: 32)
Алла Таала айтты: «(Иш) Ушул. Эми ким Алланын (дининин сырткы) белгилерин[1] (курмандык үчүн белек иретинде алынган айбандарды) улуктаса[2] – бул жүрөктөрдүн такыбалыгынан». (Хаж : 32)
2. Ыйык Куранды даарат менен кыбыланы карап, урматтап адеп менен окуу.
قال تعالى: ﴿إِنَّهُ لَقُرْآَنٌ كَرِيمٌ فِي كِتَابٍ مَكْنُونٍ لَا يَمَسُّهُ إِلَّا الْمُطَهَّرُونَ﴾ (الحج: 77-79)
Алла Таала айтты: «Албетте, ал (Куран сыйкыр же, ойлоп чыгарылган нерсе эмес,, балким), сакталган Китептеги (Лавхул-Махфуздагы) Улуу Куран! Аны жалгыз даараттуу-таза кишилер гана кармашат»). (Ваакиа: 77-79)
3. Ыйык Куранды окуур алдында Алланын рахматынан куулган шайтандын жамандыгынан сактанып, «Ауузу биллаахи минаш-шайтаа нир-ражиим»- деп айтуу. قال تعالى: ﴿فَإِذَا قَرَأْتَ الْقُرْآَنَ فَاسْتَعِذْ بِاللَّهِ مِنَ الشَّيْطَانِ الرَّجِيمِ﴾ (النحل: 98)
Алла Таала айтты: «Качан Куран окууну кааласаң, анда (Алланын ырайымынан) кубаланган шайтан (азгырыгынан) Алла Тааланын коргоосун сурагын»! (Нахл: 98)
4. Ыйык Куранды окуган кезде кичи-пейилдүүлүк, терең ой-жүгүртүү, чын жүрөктөн берилип, маанилерин жана сырларын түшүнүп окуу.
قال تعالى: ﴿أَفَلَا يَتَدَبَّرُونَ الْقُرْآَنَ أَمْ عَلَى قُلُوبٍ أَقْفَالُهَا﴾ (محمد: 24)
Алла Таала айтты: «(Эмне болгон аларга) Куран тууралуу ой жүгүртүшпөйбү?! Же алардын жүрөктөрүндө кулпулары барбы»?! (Мухаммад: 24)
5. Ыйык Куранды окуган кезде шашпастан, мазмун-маанисине көңүл буруп, тажвид эрежеси менен окуу.
قال الله تعالى: ﴿وَرَتِّلِ الْقُرْآَنَ تَرْتِيلًا﴾ (المزمل: 4)
Алла Таала айтты: «Куранды кыраатын келтирип (шашпастан тамгаларды даана-даана чыгарып) окугун»! (Муззаммил: 4)
قال تعالى: ﴿لَا تُحَرِّكْ بِهِ لِسَانَكَ لِتَعْجَلَ بِهِ إِنَّ عَلَيْنَا جَمْعَهُ وَقُرْآَنَهُ﴾ (القيامة: 16-17)
Алла Таала айтты: «(Эй, Мухаммад, Куранды) тезирээк (жаттап) алуу үчүн тилиңди аны менен кыймылдатпай-шыбырабай эле койгун. Анткени аны (сенин дилиңде) жыйноо да, (тилиңде) окутуу да Биздин мойнубузда». (Кыямат: 16-17)
6. Ыйык Куранды окууну ар дайым улантуу жана аны жатка сактоо (унутпоо).
قَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «تَعَاهَدُوا الْقُرْآنَ فَوَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ لَهُوَ أَشَدُّ تَفَلُّتًا مِنْ الْإِبِلِ مِنْ عُقُلِهَا» {رواه البخاري: 5033 ومسلم: 791}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Куранды (унутуп калбоо үчүн) көп окугула! Менин жаным Анын колунда болгон Затка касам. Анын качып кетүүсү (унутулуп калуусу) төөнүн тушоосунан бошонуп качып кетүүсүнөн да катуу» (Бухарий: 5033. Муслим: 791)
7. Ыйык Куранды окуган кезде жакшы үн менен окууга аракет кылуу.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِصَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَا أَذِنَ اللَّهُ لِشَيْءٍ مَا أَذِنَ لِنَبِيٍّ حَسَنِ الصَّوْتِ يَتَغَنَّى بِالْقُرْآنِ يَجْهَرُ بِهِ» {رواه البخاري: 7544 ومسلم: 792}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Алла Таала, үнү жакшы пайгамбардын Куранды жакшы үн менен жарыя окуганын уккандай эч нерсени уккан жок». (Бухарий: 7544. Муслим: 792)
8. Ыйык Куран окулган кезде, тынч отуруп, сүйлөшпөстөн угуу.
قال الله تعالى: ﴿وَإِذَا قُرِئَ الْقُرْآَنُ فَاسْتَمِعُوا لَهُ وَأَنْصِتُوا لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ﴾ (الأعراف: 204)
Алла Таала айтты: «(Оо, адамдар!) Качан Куран окулганда, ага кулак салгыла жана (сүйлөшпөстөн) тынч тургула! Балким, (Алла Тааланын) ырайымына бөлөнөөрсүңөр». (Аърааф: 204)
9. Эгер кимде-ким илиминин аздыгы себептүү ыйык Куранды тажвид эрежеси менен окууга алы жетпесе, мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче так окууга аракет кылуусу дурус.
10. Сежде аяттары окулган кезде сежде кылуу. Тозок оту эстетилген орундарда, андан Алла Тааланын коргоосун суроо. Бейиш жана анын эли (ээлери) жөнүндө эстетилген орундарда, Алла Тааладан бейишти сурап дуба кылуу.
11. Аятты окубастан, жалаң маанисин айтпоо. Эгерде аятты же сүрөөнү билбесе, анда кармансын маанисин айтпасын. Ошондой эле аятты күмөн менен окубоо. Анткени, ыйык Куранга анда жок нерсени кошуп коюу же кемитип коюу (бир тамга болсо да) коркунучу туулат.
12. Куран окуган киши илиминин аздыгы себептүү ыйык Куранды тажвид эрежеси менен окууга алы жетпесе, мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче так окууга аракет кылуусу дурус. Себеби, андай адамдар үчүн эки сооп берилет.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «الْمَاهِرُ بِالْقُرْآنِ مَعَ السَّفَرَةِ الْكِرَامِ الْبَرَرَةِ وَالَّذِي يَقْرَأُ الْقُرْآنَ وَيَتَتَعْتَعُ فِيهِ وَهُوَ عَلَيْهِ شَاقٌّ لَهُ أَجْرَانِ» {رواه البخاري: 4937 ومسلم: 798}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Куранды (жаттан) чеберчилик менен окуган (адам) ардактуу, дайыма баш ийүүдө болгон элчи периштелер менен бирдей (даражада) болот. Ал эми, ким (зеенинин төмөндүүлүгүнөн окуу, жаттоо) оор болгондугуна карабастан окуса, ага эки сооп берилет». (Бухарий: 4937. Муслим: 798)
13. Куранды үйрөнүү үчүн жыйналууга (топтолууга) умтулуу.
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَا اجْتَمَعَ قَوْمٌ فِي بَيْتٍ مِنْ بُيُوتِ اللَّهِ تَعَالَى يَتْلُونَ كِتَابَ اللَّهِ وَيَتَدَارَسُونَهُ بَيْنَهُمْ إِلَّا نَزَلَتْ عَلَيْهِمْ السَّكِينَةُ وَغَشِيَتْهُمْ الرَّحْمَةُ وَحَفَّتْهُمْ الْمَلَائِكَةُ وَذَكَرَهُمْ اللَّهُ فِيمَنْ عِنْدَهُ» {رواه مسلم: 2699}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Алла Тааланын үйлөрүнөн болгон бир үйгө (мечитке) чогулуп, Алланын китебин (Куран) окуп, бири-бирине окуткан коомго (жүрөктөрүнө) бейпилчилик түшөт. (Алла Тааланын) рахматы ороп, периштелер курчап алат жана Алла Таала өзүнүн алдындагылардын (периштелердин) алдында эскерет». (Муслим: 2699)
[1] Диндин сырткы белгилери – бул мусулманды башка дин өкүлдөрүнөн айырмалап турган шарияттагы бардык амалдар. Мисалы: мечит куруу, азан айтуу, мурутту кыскартуу, сакалды өстүрүү ж.б.у.с. Ошондой эле, Ажы жөрөлгөлөрү дагы мына ошол белгилерден болуп эсептелет.
[2] Жакшы жана семизин тандап алып барса.