Тазалануунун важибтиги Куран жана Сүннөттө бекемделип айтылган.
قال اللهُ تعالى: ﴿وَإِنْ كُنْتُمْ جُنُبًا فَاطَّهَّرُوا﴾ (المائدة: 6)
Алла Таала айтты: «Эгер жунуп (таза эмес) болсоңор, гусул алгыла[1]»! (Маида: 6)
قال اللهُ تعالى: ﴿وَثِيَابَكَ فَطَهِّرْ﴾ (المدثر: 4)
Алла Таала айтты: «Кийимдериңди таза туткун»! (Муддассир: 4)
قال الله تعالى: ﴿إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ التَّوَّابِينَ وَيُحِبُّ الْمُتَطَهِّرِينَ﴾ (البقرة: 222)
Алла Таала айтты: «Албетте, Алла тообо кылуучуларды жана тазалануу — чуларды сүйөт». (Бакара: 222)
قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «الطُّهُورُ شَطْرُ الْإِيمَانِ» {رواه مسلم: 223}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «(Ширктен) тазалануу ыймандын жарымы» (Муслим: 223)
Тазалык ички жана сырткы болуп экиге бөлүнөт:
Сырткы тазалык: денени жана кийимдерди ж.б. нерселерди кир — ыплас (нажас) нерселерден жууштук же тазалоонун башка ыкмалары менен тазалоо.
Ал эми ички тазалык болсо, Алла Таалага шерик кошуудан, Алла Таалага болгон ишениминде шектенүүдөн, көрөалбастык, кызгануу, алдоо, текеберленүү, менменсинүү, ибадат-жакшылыктарын адамдар көрүп мактап — урматтоосу үчүн кылуудан ж.б.у.с. нерселерден жүрөктү тазалап, бардык кылып жаткан иштерин калыс Алла ыраазычылыгы үчүн гана кылуу менен болот.
Мусулман адамдын денеси, кийими, тамак — ашы, турак — жайы жана отурган орду таза болуп, жыпар — жыттуу атырларды колдонуп, мүмкүн болушунча чачын тарап жүрүүгө аракет кылуусу зарыл. Өзгөчө жума күнү, айт майрамдарында жана эл чогулган жерлерде бул нерселерге өтө катуу көңүл буруу керек.
قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِنَّ اللَّهَ جَمِيلٌ يُحِبُّ الْجَمَالَ» {رواه مسلم: 91}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Албетте, Алла Таала сулуу жана сулуулукту жакшы көрөт». (Муслим: 91)
Ошондой эле көчөлөрдүн жана коомдук жайлардын тазалыгына көңүл буруп, ыплас таштандыларды ыргытып, адамдарга зыян берүүдөн сактанат.
قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «تُمِيطُ الْأَذَى عَنْ الطَّرِيقِ صَدَقَةٌ» {رواه مسلم: 1009}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «(Инсанга) зыян берүүчү нерсени жолдон алып салууң — садака». (Муслим: 1009)
قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «الْإِيمَانُ بِضْعٌ وَسَبْعُونَ أَوْ بِضْعٌ وَسِتُّونَ شُعْبَةً فَأَفْضَلُهَا قَوْلُ لَا إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ وَأَدْنَاهَا إِمَاطَةُ الْأَذَى عَنْ الطَّرِيقِ» {رواه البخاري: 9 ومسلم : 35 وأبو داود: 4676 والترمذي: 2614}
Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Ыйман жетимиштен ашык же алтымыштан ашык бөлүктөн турат. (Анын) эң жогорусу Лаа илааха иллаллааху сөзү, эң төмөнү жолдон (инсанга) зыян берүүчү нерсени алып салуу». (Бухарий:9. Муслим: 35. Абу Давуд: 4676)
[1] Бүткүл денеге суу жеткирип жуунгула! (Бой даарат)