Адам баласынын өзү менен болгон адеп

Мусулман пенденин эки дүйнөдө бактылуу болуусу, өз нафсисин тазалоого байланыштуу болот.

قال تعالى: ﴿قَدْ أَفْلَحَ مَنْ زَكَّاهَا وَقَدْ خَابَ مَنْ دَسَّاهَا﴾  (الشمس: 9-10)

Алла Таала айтты: «Чындыгында, аны (т.а. өз жанын ыйман жана салих амалдар менен) тазалаган киши кутулду. Жана аны (жанды каапырлык жана күнөө иштердин арасына) катып койгондор зыянга учурады[1]»          (Шамс: 9-10)             

Ал эми, нафсини тазалоо болсо, төмөнкү нерселер менен гана толук болот:

1. Алла Таалага ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасоо.

قال تعالى: ﴿وَالْعَصْرِ إِنَّ الْإِنْسَانَ لَفِي خُسْرٍ إِلَّا الَّذِينَ آَمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ وَتَوَاصَوْا بِالْحَقِّ وَتَوَاصَوْا بِالصَّبْرِ﴾  (سورة العصر)

Алла Таала айтты: «Асрга[2] ант! Албетте, (ар бир) инсан – зыян тартуучу. Бир гана ыйман келтирген, салих (жакшы) амалдарды жасаган жана бир-бирине Акыйкат менен сабырдуулукка осуят кылгандар (зыян тартышпайт)».                                                                                              (Аср сүрөөсү)

قَالَ رَسُولُ اللَّهِصَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «كُلُّ النَّاسِ يَغْدُو فَبَايِعٌ نَفْسَهُ فَمُعْتِقُهَا أَوْ مُوبِقُهَا» {رواه مسلم: 223}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Ар бир адам (күн сайын) эртелеп (жумушуна) барып, (кылган амалына жараша) өз жанын (шайтандын жана каалоонун кулдугунан) куткарат же өлүмгө учуратат»                                                                                                                   (Муслим: 223)

Пенде жакшы амалдарды канчалык көп аткарган сайын, нафсиси тазарып, Алла Таалага жакындайт.

2. Күнөөлөрдөн сактануу. Анткени, күнөөлөр жүрөктү карартып, нафсини (пейилди) бузат.

قال تعالى: ﴿كَلَّا بَلْ رَانَ عَلَى قُلُوبِهِمْ مَا كَانُوا يَكْسِبُونَ﴾  (المطففين: 14)

Алла Таала айтты: «Жок, тескерисинче, жасаган (күнөө) иштери жүрөктөрүн каптап калган»

Түшүндүрмө: Тактап айтканда, алардын жүрөктөрүн өздөрүнүн дайымкы кесиптери болгон күнөө жана кылымыш даттары басып калганы себептүү, алар акыйкатты жомоктон ажырата алаышпайт.                              (Мутаффифиин: 14)

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِنَّ الْعَبْدَ إِذَا أَخْطَأَ خَطِيئَةً نُكِتَتْ فِي قَلْبِهِ نُكْتَةٌ سَوْدَاءُ فَإِذَا هُوَ نَزَعَ وَاسْتَغْفَرَ وَتَابَ سُقِلَ قَلْبُهُ وَإِنْ عَادَ زِيدَ فِيهَا حَتَّى تَعْلُوَ قَلْبَهُ وَهُوَ الرَّانُ الَّذِي ذَكَرَ اللَّهُ ﴿كَلَّا بَلْ رَانَ عَلَى قُلُوبِهِمْ مَا كَانُوا يَكْسِبُونَ﴾ {رواه الترمذي: 3334}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «(Муъмин) пенде бир күнөө иш кылса, жүрөгүндө кара так пайда болот. Качан ал (өзүн күнөөдөн) токтотуп истигфар айтса (Алла Тааладан күнөөлөрүн кечирүүсүн сураса) жана тообо кылса, жүрөгү тазаланат. Эгер (күнөө ишке) кайтса, кара так көбөйүп жүрөгүн каптап калат. Ал Алла Таала (Куранда) айткан дат. «Жок, тескерисинче, жасаган (күнөө) иштери жүрөктөрүн каптап калган»                                                                                                                          (Тирмизий: 3334)

Эгерде момун адам күнөө иш жасап койсо, кылган күнөөсүнө тообо кылат жана анын артынан жакшы иш (амал) жасап өз нафсин тазалайт.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «اتَّقِ اللَّهِ حَيْثُمَا كُنْتَ وَأَتْبِعْ السَّيِّئَةَ الْحَسَنَةَ تَمْحُهَا وَخَالِقِ النَّاسَ بِخُلُقٍ حَسَنٍ» {رواه الترمذي: 1987}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кайсыл жерде болбогун, Алладан корк!  Жамандыктын артынан жакшы иш жаса,  (жамандыкты) өчүрүп кетет. Жана адамдар менен жакшы мамиледе бол»!                                                                                                                                (Тирмизий: 1987)

3. Өз нафсин тазалоо үчүн Алла Тааладан суранып дуба кылуу.

أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ يَقُولُ فِي دُعَائِهِ «اللَّهُمَّ آتِ نَفْسِي تَقْوَاهَا وَزَكِّهَا أَنْتَ خَيْرُ مَنْ زَكَّاهَا أَنْتَ وَلِيُّهَا وَمَوْلَاهَا» {رواه مسلم: 2722}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) дубасында мындай дээр эле: «Оо, Аллахым! Нафсима такыбалык бер, жана аны Өзүң тазала. (Анткени), аны Сенден башка эч ким тазалай албайт. Сен анын Ээси жана Кожойунусуң»                                                                                                          (Муслим: 2722)

4. Алла Тааланы көп эстөө (зикир кылуу).

قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَا يَزَالُ لِسَانُكَ رَطْبًا مِنْ ذِكْرِ اللَّهِ»  {رواه ابن ماجه: 3793}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Ар дайым тилиң Алла Тааланы эстеген себептүү нымдалып турсун»!        (Ибну Мажа: 3793)


[1] Напсини бузбай, таза кармап жүрүүнүн жападан-жалгыз жолу Пайгамбар көргөзгөндөй жашоо жана амал кылуу. Ал эми, Пайгамбардын таалимин тоотпой, өз башынча жашаган же болбосо ага каяша айткан элдер ар кайсы доордо Алла Тааланын каарына жолуккан жана жолуга бермекчи. Ошондой коомдордун бири Самуд коому.

[2] «Аср» деген сөз «заман (кылым)», «доор (убакыт, мезгил)» дегенди билдирет. Дагы бир мааниси — «күндүн экинчи жарымы», «дигер маалы».

Бул жакты да көргүлө

Алла Тааланын динине чакыруу (даават кылуу) адеби

Алла Тааланын динине даават кылуучу (чакыруучу) адам Алла тарабынан түшкөн акыйкатты кайдыгерге (бейкапарга) эскертүү, билбегенге …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!