Кошуна менен болгон адеп

Ислам дини мусулман адамды жанында жашаган кошунасы, бирге иштеген кесиптеши, жана бирге жүргөн сапарлашы менен эң жакшы мамиледе болууну үйрөтөт.

قال تعالى: ﴿وَاعْبُدُوا اللَّهَ وَلَا تُشْرِكُوا بِهِ شَيْئًا وَبِالْوَالِدَيْنِ إِحْسَانًا وَبِذِي الْقُرْبَى وَالْيَتَامَى وَالْمَسَاكِينِ وَالْجَارِ ذِي الْقُرْبَى وَالْجَارِ الْجُنُبِ وَالصَّاحِبِ بِالْجَنْبِ وَابْنِ السَّبِيلِ وَمَا مَلَكَتْ أَيْمَانُكُمْ﴾ (النساء:  36)

Алла Таала айтты: «Алла Таалага кулчулук (ибадат) кылгыла жана Ага эч нерсени тең (шерик) кылбагыла! Ата — энеңерге, тууган — урука, жетимдерге, бей — бечараларга, тууган кошунага, бөтөн кошунага, жаныңардагы жолдошуңарга, жолоочу мусаапырга жана кол астыңардагы кулдарыңарга жакшылык кылгыла»!                                                                        (Ниса: 36)

Кошунанын исламдагы орду өтө чоң. Бул жөнүндө пайгамбарыбыз (ага Алланын салават-саламдары болсун) өз хадисинде мындай деген:

قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَا زَالَ جِبْرِيلُ يُوصِينِي بِالْجَارِ حَتَّى ظَنَنْتُ أَنَّهُ سَيُوَرِّثُهُ» (رواه البخاري: 6014 ومسلم: 2624 وأبو داود: 5151)

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Жибриил (ага Алланын саламы болсун) кошунага жакшылык кылууну ушунчалык көп осуят кылгандыктан, аны мураскор кылып коёт ко деп ойлоп калдым».      

   (Бухарий: 6014. Муслим: 2624. Абу Давуд: 5151)  

Мусулман адам кошуна менен болгон төмөнкү адептерге көңүл буруусу керек:

1.  Кошунага зыян жеткирүүдөн сактануу. Мисалга, аялы менен зина кылуу (ойноштук кылуу), уурулук кылуу, сөгүп — тилдөө, таштандыларды ыргытуу, тынчын алуу ж.б.у.с. бардык кошуна ызаа боло турган нерселерден сактануу.

قَالَ رَسُولُ اللهِ  صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَنْ كَانَ يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ فَلَا يُؤْذِ جَارَهُ» (رواه البخاري: 6475 ومسلم: 48)

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимде — ким, Алла Таалага жана Акырет Күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасына зыян бербесин»!                                                                                (Бухарий: 6475. Муслим: 48)

2.  Кошунасын урматтап, жакшылык кылуу.

قَالَ رَسُولُ اللهِ  صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَنْ كَانَ يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ فَلْيُحْسِنْ إِلَى جَارِهِ» (رواه مسلم: 47)

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимде — ким, Алла Таалага жана Акырет Күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасына жакшылык кылсын»!                                                                                     (Муслим: 47)

3.  Ал — абалын сурап, эгер муктаж болсо, тамак- аш жана кийим —  кечеден каралашуу (жардам берүү).

قَالَ رَسُولُ اللهِ  صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «يَا أَبَا ذَرٍّ إِذَا طَبَخْتَ مَرَقَةً فَأَكْثِرْ مَاءَهَا وَتَعَاهَدْ جِيرَانَكَ»

(رواه مسلم: 2625)

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Эй, Аба Зар! Эгер шорпо бышырсаң, суусун көбүрөөк куюп, кошунаңдан кабар ал»!                                                                                                            (Муслим: 2625)

Бул жакты да көргүлө

Алла Тааланын динине чакыруу (даават кылуу) адеби

Алла Тааланын динине даават кылуучу (чакыруучу) адам Алла тарабынан түшкөн акыйкатты кайдыгерге (бейкапарга) эскертүү, билбегенге …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!