Туугандар менен болгон адеп

Жакындар менен туугандык байланышта болуу бул дүйнөдө ырыскынын кең, өмүрдүн узун болуусуна ал эми, Акыретте болсо, Алла Тааланын ыраазылыгына жана соопторуна жеткирүүчү себептерден болуп эсептелет.  

قَالَ رَسُول َصَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «قَالَ مَنْ أَحَبَّ أَنْ يُبْسَطَ لَهُ فِي رِزْقِهِ وَيُنْسَأَ لَهُ فِي أَثَرِهِ فَلْيَصِلْ رَحِمَهُ»

{رواه البحاري: 5986 ومسلم: 2557}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимде-ким, ырыскысынын кең, өмүрүнүн узун болуусун кааласа, жакындары менен туугандык байланышта болсун»!                                      (Бухарий: 5986. Муслим: 2557)

Жакын туугандар алар: ата-тектеги жана кайын-журт себептүү болгон туугандар.

Мусулман адамдын жакын туугандарына карата болгон милдеттери:

1. Алар менен жакшы мамиледе болуп, мээримин төгүү.

2. Алардын алсыздарына (жардам берип) жакшылык кылуу.

3. Кедейлерине (колунда жокторуна) материалдык жардам көрсөтүп, байларына белек берүү.

4. Орууларынан кабар алып, оруу эместеринин абалдарын сурап туруу.

5. Алар менен болгон мамилени үзүүдөн сактануу (эгерде алар үзүшсө деле). Анткени ал, пенденин бейишке кирбей калуусуна себепчи болот.

أَنَّ جُبَيْرَ بْنَ مُطْعِمٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ سَمِعَ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ: «لَا يَدْخُلُ الْجَنَّةَ قَاطِعٌ»

{رواه البخاري: 5984 ومسلم: 2556}

Албетте, Жубейр бин Мутъим (Алла андан ыраазы болсун) пайгамбардын (ага Алланын салават-саламдары болсун) минтип айтып жатканын уккан: «(Туугандар менен) мамилени үзүүчү (адам) бейишке кирбейт»

    (Бухарий: 5984. Муслим: 2556)

6. Эгерде кошуна болсо, эки укукка ээ: туугандык жана кошуналык укукка. 

قال تعالى: ﴿وَاعْبُدُوا اللَّهَ وَلَا تُشْرِكُوا بِهِ شَيْئًا وَبِالْوَالِدَيْنِ إِحْسَانًا وَبِذِي الْقُرْبَى وَالْيَتَامَى وَالْمَسَاكِينِ وَالْجَارِ ذِي الْقُرْبَى وَالْجَارِ الْجُنُبِ وَالصَّاحِبِ بِالْجَنْبِ وَابْنِ السَّبِيلِ وَمَا مَلَكَتْ أَيْمَانُكُمْ إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ مَنْ كَانَ مُخْتَالًا فَخُورًا﴾  (النساء: 36)

Алла Таала айтты: «Алла Таалага кулчулук (ибадат) кылгыла жана Ага эч нерсени тең (шерик) кылбагыла! Ата — энеңерге, тууган — урука, жетимдерге, бей — бечараларга, тууган кошунага, бөтөн кошунага, жаныңардагы жолдошуңарга, жолоочу мусаапырга жана кол астыңардагы кулдарыңарга жакшылык кылгыла»!                                                                                           (Ниса: 36)

Мына ошондуктан башкаларга караганда жакын туугандарга садака кылуу (берүү) алдың турат.

قال تعالى: ﴿يَسْأَلُونَكَ مَاذَا يُنْفِقُونَ قُلْ مَا أَنْفَقْتُمْ مِنْ خَيْرٍ فَلِلْوَالِدَيْنِ وَالْأَقْرَبِينَ وَالْيَتَامَى وَالْمَسَاكِينِ وَابْنِ السَّبِيلِ﴾ (البقرة:215)

Алла Таала айтты: «(Оо, Мухаммад) сенден эмнени (жана кимдерге) кайрымдуулук кылууну сурашат. “Кандай жакшылык кылсаңар (анын баарын) ата-энеге, тууган-урукка, жетимдер менен бей-бечараларга жана жолоочу-мусаапырларга кылгыла. Кандай жакшылык кылсаңар, Алла Таала баарын көрүп,билип турат».                                                                                (Бакара: 215)

7. Ислам дини жакын туугандар менен (алар мусулман болушпаса деле) тыгыз байланышта болууну буюрат.

قَالَ عَمْرُو بْنِ العاصِ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ سَمِعْتُ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ جِهَارًا غَيْرَ سِرٍّ يَقُول: «إِنَّ آلَ أَبِي (فلان) لَيْسُوا بِأَوْلِيَائِي إِنَّمَا وَلِيِّيَ اللَّهُ وَصَالِحُ الْمُؤْمِنِينَ وَلَكِنْ لَهُمْ رَحِمٌ أَبُلُّهَا بِبَلَاهَا يَعْنِي أَصِلُهَا بِصِلَتِهَا» {رواه البخاري: 5990 ومسلم: 215}

Амр бин ал-Аас (Алла андан ыраазы болсун) айтты: пайгамбардын (ага Алланын салават-саламдары болсун) жашырбастан жарыя минтип айтып жатканын уктум: «Абу (Паланчанын) үй-бүлөсү менин жакындарым эмес. Менин жакындарым – Алла Таала жана муъминдердин салихтери (жакшылыры). Бирок, алар үчүн туугандык бар. Алар менен туугандык байланышта болом».  

(Бухарий: 5990. Муслим: 215)

Бул жакты да көргүлө

Алла Тааланын динине чакыруу (даават кылуу) адеби

Алла Тааланын динине даават кылуучу (чакыруучу) адам Алла тарабынан түшкөн акыйкатты кайдыгерге (бейкапарга) эскертүү, билбегенге …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!