Чынчылдык

Мактоого татыктуу сапаттар

Алла Таала чынчыл болууга буюруп мындай деген:

قال تعالى: } يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَكُونُوا مَعَ الصَّادِقِينَ {   (التوبة: 119)            

Алла Таала айтты: «Оо, ыйман келтирген пенделер! Алла Тааладан коркуп,  чынчыл( адам)дар менен бирге болгула»!                                                      (Тавба: 119)

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلى اللهُ عليه وسلّم: «عَلَيْكُمْ بِالصِّدْقِ فَإِنَّ الصِّدْقَ يَهْدِي إِلَى الْبِرِّ وَإِنَّ الْبِرَّ يَهْدِي إِلَى الْجَنَّةِ وَمَا يَزَالُ الرَّجُلُ يَصْدُقُ وَيَتَحَرَّى الصِّدْقَ حَتَّى يُكْتَبَ عِنْدَ اللَّهِ صِدِّيقًا وَإِيَّاكُمْ وَالْكَذِبَ فَإِنَّ الْكَذِبَ يَهْدِي إِلَى الْفُجُورِ وَإِنَّ الْفُجُورَ يَهْدِي إِلَى النَّارِ وَمَا يَزَالُ الرَّجُلُ يَكْذِبُ وَيَتَحَرَّى الْكَذِبَ حَتَّى يُكْتَبَ عِنْدَ اللَّهِ كَذَّابًا» {رواه البخاري: 6094 ومسلم: 2607 وأبو داود: 4989}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Ар дайым чынчыл болгула! Анткени, чынчылдык жакшылыкка багыттайт. Жакшылык болсо, бейишке багыттайт. Бир адам ар дайым чындыкты айтып, чындыкты кааласа, Алла Тааланын алдында чынчыл – деп жазылат. Калп айткандан сактангыла (алыс болгула)! Анткени, ал бузукучулукка багыттайт. Бузукучулук болсо, от(тозок)ко багыттайт. Бир адам ар дайым калп айтып, калпты кааласа, Алла Тааланын алдында калпычы – деп жазылат».                                                                 (Бухарий: 6094. Муслим: 2607. Абу Давуд: 4989)

Чынчылдык Ислам дининде буюрулган мактоого татыктуу сапаттардан болуп саналат. Ал бардык иштерде талап кылынат. Өзгөчө төмөнкүлөрдө:

1.  Сөзүндө чынчыл болуу:

 Мусулман адам башкалар менен болгон маегинде чынчыл болот. Анткени, ал мусулман коомчулугунун мүчөлөрүнүн арасында бир – бирине болгон ишенимди пайда кылат (арттырат).

2.  Мамиледе чынчыл болуу:

            а) Алла Таала менен болгон мамиледе чынчыл болуу. Тагыраак айтканда мусулман адам ар бир ибадатын Алла Таалага шерик кошуунун бардык түрүнөн тазалап, аны жалгыз Алла Таалага гана арнайт.

            б) Адамдар менен болгон мамиледе чынчыл болуу. Мусулман адам башкалар менен болгон мамилелердин баарында чынчыл болуусу зарыл. Өзгөчө соода иштеринде.  Соодагер болсо, сатып жаткан буюмундагы (товар) кемчиликти (айыпты) айтуусу зарыл. Суралып калса, чындыкты айтуу керек. Анткени, чынчылдык соодага береке алып келет. Ал эми, калп айтуу болсо, берекесин кетирет.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلى اللهُ عليه وسلّم: «الْبَيِّعَانِ بِالْخِيَارِ مَا لَمْ يَتَفَرَّقَا فَإِنْ صَدَقَا وَبَيَّنَا بُورِكَ لَهُمَا فِي بَيْعِهِمَا وَإِنْ كَذَبَا وَكَتَمَا مُحِقَتْ بَرَكَةُ بَيْعِهِمَا»                          {رواه البخاري: 2079 ومسلم : 1532 وأبو داود: 2459}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Сатуучу жана сатып алуучу бири – биринен ажырап кеткенче ыктыярдуу. Эгерде, (буюмдагы жана акчадагы) айып – кемчиликти ачык баяндап чындыкты айтышса, соодаларына береке берилет. А эгерде жалган айтып жашырышса, соодаларынын берекеси кетет (өчүрүлөт)».  

 (Бухарий: 2079. Муслим: 1532. Абу Давуд: 2459)

Бул жакты да көргүлө

Көрө албастык

Көрө албастык бул башкаларга берилген нээмат (жакшылык) тын кетүүсүн (жок болуусун) каалоо. Ал мусулман адамга …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!