Мечиттер менен болгон адеп

Мечиттер Алла Тааланын үйлөрү болуп саналат. Демек мечиттердиабат кылуу[1] жана анда ар дайым парз намаздарын окуу биз үчүн ваажип (милдет).

قال تعالى: ﴿إِنَّمَا يَعْمُرُ مَسَاجِدَ اللَّهِ مَنْ آَمَنَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآَخِرِ وَأَقَامَ الصَّلَاةَ وَآَتَى الزَّكَاةَ وَلَمْ يَخْشَ إِلَّا اللَّهَ فَعَسَى أُولَئِكَ أَنْ يَكُونُوا مِنَ الْمُهْتَدِينَ﴾  (التوبة: 18)

Алла Таала айтты: «Алланын мечиттерин жалаң Аллага жана Акырет Күнүнө ыйман келтирген, намазды толук аткарган, зекетти (тийиштүүлөргө) берген жана Алладан башка эч кимден коркпой тургандар гана (курушат жана) абат кылышат. Дал ошолор Туура жол табуучулар болушса – ажеп эмес».                                                                                                                                              (Тооба:18)

Мечиттеги негизги аткарыла турган милдет бул, жалгыз Алла Таалага гана ибадат кылуу.

Мына ошондуктан мусулман адам мечиттер менен төмөнкүдөй адепте болуусу зарыл:

1.  Мечитке кирээр алдында толук тазалыкта (чоң жана кичине дааратсыздыктан таза) болуу.

2.  Таза жана авратты (уяттуу жерлерди) жабуучу кийимдерди кийүү.

قال تعالى: ﴿يَا بَنِي آَدَمَ خُذُوا زِينَتَكُمْ عِنْدَ كُلِّ مَسْجِدٍ﴾  (الأعراف: 31)

Алла Таала айтты: «Оо, адам балдары ар бир ибадат убагында[2] (уяттуу жерлерди жаап) кооздонгула»!                                                                          (Аъараф: 31)

3. Мисвак жыгачын колдонуу.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَوْلَا أَنْ أَشُقَّ عَلَى أُمَّتِي لَأَمَرْتُهُمْ بِالسِّوَاكِ عِنْدَ كُلِّ صَلَاةٍ» {رواه البخاري: 887 ومسلم: 564}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Эгерде менин үммөттөрүмө оор болбогондо, ар бир намаз алдында мисвак колдонууну буйураар элем».                                                     (Бухарий: 887. Муслим: 564)

4. Эгерде сарымсак же пияз жеген болсо, мечитке кирбөө. Анткени, пияз менен сарымсактан пайда болгон жагымсыз жыт намаз окуучуларды жана периштелерди иренжитет.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَنْ أَكَلَ ثُومًا أَوْ بَصَلًا فَلْيَعْتَزِلْنَا أَوْ قَالَ فَلْيَعْتَزِلْ مَسْجِدَنَا وَلْيَقْعُدْ فِي بَيْتِهِ» {رواه البخاري: 887 ومسلم: 252}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимде-ким сарымсак же пияз жеген болсо, бизден (намаз окуучулардан) алыс болсун» айтты: «Биздин мечиттерден алыс болуп, үйүндө отурсун» (Бухарий: 887.Муслим: 252)

5. Мечиттин тазалыгына көңүл буруп, анын ичинде какырып-түкүрбөө.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «الْبُزَاقُ فِي الْمَسْجِدِ خَطِيئَةٌ وَكَفَّارَتُهَا دَفْنُهَا» {رواه البخاري: 415 ومسلم: 552 وأبو داود: 474}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Мечиттин ичине түкүрүү – (кичине) күнөө. Анын кафараты, көмүп коюу».

            (Бухарий: 415. Муслим:  552. Абу Давуд: 474) 

6. Эгерде мечитте кимдир – бирөөлөр намаз окуп жаткан болсо, аларга тоскоол болбоо үчүн Куранды ичинен окуу.

7. Мечитке кирээрде кирүү дубасын айтып, оң бут менен кирүү.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِذَا دَخَلَ أَحَدُكُمْ الْمَسْجِدَ فَلْيُسَلِّمْ عَلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ ثُمَّ لِيَقُلْ اللَّهُمَّ افْتَحْ لِي أَبْوَابَ رَحْمَتِكَ»    {رواه أبو داود: 461}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун)  айтты: «Эгерде силердин бирөөңөр мечитке кирүүнү кааласа, Пайгамбарга (ага Алланын салават-саламдары болсун) салам айтсын. Андан кийин (бул дубаны) айтсын: «Оо, Аллахым! Мага ырайым эшиктериңди ач»!                        (Абу Давуд: 461)

8. (Эки рекет) Мечит менен саламдашуу намазын окуу.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِذَا دَخَلَ أَحَدُكُمْ الْمَسْجِدَ فلَا يَجْلِسْ حَتَّى يُصَلِّيَ رَكْعَتَيْنِ» {رواه البخاري: 1163ومسلم: 714}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Силердин бирөөңөр мечитке кирип калса, эки рекет намаз окумайынча отурбасын»!                                                                                                       (Бухарий: 1163. Муслим: 714) 

9. Мечиттен чыгаарда дубасын айтып, сол бут менен чыгуу.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ مِنْ فَضْلِكَ» {رواه مسلم: 713 وأبو داود: 461 والنسائي: 729}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Оо, Аллахым! Албетте мен Сенин пазилетиңден сураймын»                           

(Муслим: 713. Абу Давуд: 461. Насаий: 729)

10.  Намаз окуп жаткандардын мойнуларынан аттап өтпөө. Саптагы бош орунду толуктап отуруу.

11.  Намаз окуп жаткан адамдардын алдынан кесип өтпөө. Намазына тоскоол болбоо. Анткени, бул нерседен пайгамбар (ага Алланын салават-саламдары болсун) кайтарган.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَوْ يَعْلَمُ الْمَارُّ بَيْنَ يَدَيْ الْمُصَلِّي مَاذَا عَلَيْهِ لَكَانَ أَنْ يَقِفَ أَرْبَعِينَ خَيْرٌ لَهُ مِنْ أَنْ يَمُرَّ بَيْنَ يَدَيْهِ»              {رواه البخاري: 510 ومسلم: 507 وأبو داود: 701 والترمذي: 336}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Намаз окуп жаткан адамдын алдынан кесип өтүп бараткан адам ага канчалык күнөө боло тургандыгын билгенде, анын алдынан өтүүсүнө караганда кырк (жыл,ай, күн) күтүп турганы жакшыраак болмок» (Бухарий: 510. Муслим: 507. Абу Давуд: 701.Тирмизий:336) 

12.  Мечиттин ичинде жоголгон малына же буюмуна издөө салбоо (жарыялабоо). Анткени, мечиттер алла Тааланын үйлөрү болгондуктан (Ага ибадат кылуу үчүн курулгандыктан), анда дүйнө иштерин аткаруу туура эмес.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَنْ سَمِعَ رَجُلًا يَنْشُدُ ضَالَّةً فِي الْمَسْجِدِ فَلْيَقُلْ لَا رَدَّهَا اللَّهُ عَلَيْكَ فَإِنَّ الْمَسَاجِدَ لَمْ تُبْنَ لِهَذَا»       {رواه مسلم: 568 وأبو داود: 473 والترمذي: 1321}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Ким жоголгон буюму жөнүндө мечитте жарялап жаткан адамды укса, ага айтсын: Алла аны сага кайтарып бербесин, анткени мечиттер ушул нерсе үчүн курулган эмес».                                           (Муслим: 568. Абу Давуд: 473. Тирмизий: 1321)

13.  Мечиттин ичинде талашып-тартышуудан жана үндөрдү бийик чыгаруудан сактануу.

قَالَ السَّائِبِ بْنِ يَزِيدَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ: كُنْتُ قَائِمًا فِي الْمَسْجِدِ فَحَصَبَنِي رَجُلٌ فَنَظَرْتُ فَإِذَا عُمَرُ بْنُ الْخَطَّابِ فَقَالَ اذْهَبْ فَأْتِنِي بِهَذَيْنِ فَجِئْتُهُ بِهِمَا قَالَ مَنْ أَنْتُمَا أَوْ مِنْ أَيْنَ أَنْتُمَا قَالَا مِنْ أَهْلِ الطَّائِفِ قَالَ لَوْ كُنْتُمَا مِنْ أَهْلِ الْبَلَدِ لَأَوْجَعْتُكُمَا تَرْفَعَانِ أَصْوَاتَكُمَا فِي مَسْجِدِ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ» {رواه البخاري: 470}

Саип бин Язид (Алла андан ыраазы болсун) айтты: «Мечитте тургам, бир киши майда таш менен урганынан карай салсам, ал Умар бин Хаттаб экен. Дароо мага : “барып  тиги экөөнү алып кел” – деди. Ал экөөнү алып келдим. “Кимсиңер же кайдан болосуңар” – деди. Айтышты: “Тааиф элинен болобуз”. Айтты: “Жергиликтүү элден болгонуңарда Алланын элчисинин (ага Алланын салават-саламдары болсун)  мечитинде үңүңөрдү бийик көтөгөнүңөр үчүн оорутканча балак (камчы) менен сабатмакмын».                               (Бухарий: 470)


[1] Мечит куруу, аны тазалоо, кайтаруу жана анда ибадат кылуу.

[2] Намаз окуганда жана тооп кылганда

Бул жакты да көргүлө

Алла Тааланын динине чакыруу (даават кылуу) адеби

Алла Тааланын динине даават кылуучу (чакыруучу) адам Алла тарабынан түшкөн акыйкатты кайдыгерге (бейкапарга) эскертүү, билбегенге …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!