Аллах Таала менен болгон адеп.

Алла Таала бүткүл ааламдын жана андагы бардык макулуктардын жалгыз, теңдеши жок Раббысы. Алла Таала жалгыз. Ал эч кимге жана эч нерсеге муктаж эмес, Тескерисинче, жаралгандын баары Ага муктаж. Ал өзү төрөлгөн эмес. Ал төрөгөн да төрөткөн да эмес. Ага эч ким теңдеш боло албайт. Демек, Алла Таала менен Анын пенделеринин ортосунда ылайыктуу адеп болууга тийиш.

Ошондуктан биз — пенделерден төмөнкү адептер талап кылынат:

1. Мусулман пенденин Алла Таалага чын дилинен берилип ибадат кылуусу.

قال تعالى: ﴿وَمَا أُمِرُوا إِلَّا لِيَعْبُدُوا اللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ حُنَفَاءَ وَيُقِيمُوا الصَّلَاةَ وَيُؤْتُوا الزَّكَاةَ وَذَلِكَ دِينُ الْقَيِّمَةِ﴾  (البينة: 5)

 Алла Таала айтты: «Алар жалгыз Аллага чын ыкластан (жүрөктөн) берилип, туура  динде болгон (Исламдан  кыйшайбаган) абалда ибаадат кылууга, намазды толук аткарууга жана зекетти берүүгө буюрулушкан эле. Мына ушул гана Туура Дин».                                                                           (Баййина : 5)

2. Мусулман пенденин Алла Тааланын буйруктарын аткарып, кайтарган нерселеринен тыйылуусу.

قال الله تعالى واصفاً عباده المؤمنين: ﴿وَقَالُوا سَمِعْنَا وَأَطَعْنَا غُفْرَانَكَ رَبَّنَا وَإِلَيْكَ الْمَصِيرُ﴾  (البقرة: 285)

Алла Таала ыймандуу пенделерин сыпаттап мындай деген: «Уктук да моюн сундук. Оо, биздин Раббыбыз! Күнөөлөрүбүздү кечиришиңди сурайбыз жана Өзүңө гана кайтабыз» — деп айтышты».                                               (Бакара: 285)

3. Пенденин Алладан коркуп, өзүн төмөн алып, баш ийүүсү. Өзгөчө намаз учурунда. Анткени, ал Алла Таала менен пенденин ортосундагы байланыш.

قال تعالى: ﴿قَدْ أَفْلَحَ الْمُؤْمِنُونَ الَّذِينَ هُمْ فِي صَلَاتِهِمْ خَاشِعُونَ﴾  (المؤمنون: 1-2)

Алла Таала айтты: «Чынында эле, ыймандуулар ийгиликке жетишти[1]. Алар намаздарында  коркуу (жана үмүт менен) турушат».             (Момундар:1-2)    

4.  Алла Тааланын берген неъматтарына (жакшылыктарына) шүгүр кылуу.

Мусулман пенде Алла Тааланын берген сан — жеткис жакшылыктарына тил менен мактап, денеси менен ибадат кылып Ага шүгүр кылат.

قال تعالى: ﴿وَمَا بِكُمْ مِنْ نِعْمَةٍ فَمِنَ اللَّهِ ثُمَّ إِذَا مَسَّكُمُ الضُّرُّ فَإِلَيْهِ تَجْأَرُونَ﴾  (النحل:53)

Алла Таала айтты: «Силерде болгон (көрүнгөн жана көрүнбөгөн) нээматтардын (жакшылыктардын) бардыгы Жалгыз Алла Taaладан. Ошондой эле, качан силерге (бирээр) балээ келсе да, жалгыз Ага гана үнүңөрдү бийик көтөрүп жалбарасыңар».                                                (Нахл : 53)

5. Бардык нерселер Алла Тааланын алдын — ала белгилөөсү жана тагдыры боюнча болооруна моюн сунуп, ага ыраазы болуу. Анткени, адам баласы жана ал ээ болгон нерселердин бардыгы Алла Тааланын мүлкү болгондуктан аларды каалаганындай жумшайт.

Мына ошондуктан мусулман адам берилген жакшылыктарга шүгүр кылып, кыйынчылыктарга сабыр кылат.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «عَجَبًا لِأَمْرِ الْمُؤْمِنِ إِنَّ أَمْرَهُ كُلَّهُ خَيْرٌ وَلَيْسَ ذَاكَ لِأَحَدٍ إِلَّا لِلْمُؤْمِنِ إِنْ أَصَابَتْهُ سَرَّاءُ شَكَرَ فَكَانَ خَيْرًا لَهُ وَإِنْ أَصَابَتْهُ ضَرَّاءُ صَبَرَ فَكَانَ خَيْرًا لَهُ» {مسلم: 2999}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Муъминдин иш(тер)и таң калыштуу, чындыгында анын бардык абалы жакшы бул бир гана муъминге. Эгер ага кубаныч жетсе, шүгүр кылат бул ал үчүн жакшы, а эгер ага зыян жетсе, сабыр кылат ага бул да жакшы».              (Муслим: 2999)

6.  Алла Тааладан уялуу.

Пенде менен Алла Тааланын ортосундагы уялуу төмөнкүчө болот:  Алла Таала пенденин Ага (Аллага) каршы болуусун жана Ага күнөөкөр болуусун көрүү коркунучу астында пенде Алла Тааладан уялат.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ ذَاتَ يَوْمٍ: «اسْتَحْيُوا مِنْ اللَّهِ عَزَّ وَجَلَّ حَقَّ الْحَيَاءِ قَالَ قُلْنَا يَا رَسُولَ اللَّهِ إِنَّا نَسْتَحِي وَالْحَمْدُ لِلَّهِ قَالَ لَيْسَ ذَلِكَ وَلَكِنْ مَنْ اسْتَحَى مِنْ اللَّهِ حَقَّ الْحَيَاءِ فَلْيَحْفَظْ الرَّأْسَ وَمَا حَوَى وَلْيَحْفَظْ الْبَطْنَ وَمَا وَعَى وَلْيَذْكُرْ الْمَوْتَ وَالْبِلَى وَمَنْ أَرَادَ الْآخِرَةَ تَرَكَ زِينَةَ الدُّنْيَا فَمَنْ فَعَلَ ذَلِكَ فَقَدْ اسْتَحْيَا مِنْ اللَّهِ عَزَّ وَجَلَّ حَقَّ الْحَيَاءِ» {رواه الترميذي: 2548}

Күндөрдүн биринде Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Алла Тааладан чыныгы уялуу менен уялгыла»! Айтышты: Оо, Алланын пайгамбары Аллага шүгүрлөр болсун! Албетте, биз уялабыз. Айтты: «Чыныгы уялуу башты жана анда жайгашкан мүчөлөрдү (тил, көз, кулак ж.б.у.с. нерселерди) арамдан сактоо, курсакты (арам жегенден) жана анын айланасындагы мүчөлөрдү (күнөө ишке иштетүүдөн) сактоо, өлүмдү жана кабырда (мүрзөдө) чирип калган сөөкө айланууну эстөө. Кимде — ким, Акыретти кааласа, анда ал бул дүйнө кооздугун таштайт (берилбейт). Кимде — ким, мына ушулардын баарын аткарса, анда ал Алла Тааладан чыныгы уялуу менен уялыптыр».                                                             (Тирмизий: 2548)

7.  Алла Тааланын ырайымынан үмүт үзбөө.

Мусулман киши канчалык чоң күнөө кылбасын Алла Тааланын ырайымынан үмүт үзбөстөн, Анын ырайымын жана кечирүүсүн үмүт кылып Алла Таалага тообо кылып кайтат.

قال تعالى: ﴿قُلْ يَا عِبَادِيَ الَّذِينَ أَسْرَفُوا عَلَى أَنْفُسِهِمْ لَا تَقْنَطُوا مِنْ رَحْمَةِ اللَّهِ إِنَّ اللَّهَ يَغْفِرُ الذُّنُوبَ جَمِيعًا إِنَّهُ هُوَ الْغَفُورُ الرَّحِيمُ﴾  (الزمر:53)

Алла Таала айтты: «(Оо,Мухаммад) Менин (түрдүү күнөө — бузукулук кылуу менен) өз жандарына зулумдук кылган пенделериме айткын: «Алланын ырайымынан үмүтсүз болбогула! Албетте, Алла (тообо кылгандардын[2]) бардык күнөөлөрүн кечирет. Албетте, Ал — Кечиримдүү, Ырайымдуу».(Зумар: 53)


[1] Тозоктон кутулуп, Бейишке кирүүгө татыктуу болушту.

[2] Эгер пенде чын жүрөктөн тооба кылса Алла Таала анын бардык күнөөлөрүн, ал канчалык чоң жана көп болгондугуна карабастан, кечирүүгө убада берген.

Бул жакты да көргүлө

Алла Тааланын динине чакыруу (даават кылуу) адеби

Алла Тааланын динине даават кылуучу (чакыруучу) адам Алла тарабынан түшкөн акыйкатты кайдыгерге (бейкапарга) эскертүү, билбегенге …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!