Үй-бүлөөлүк бактылуулуктун негизги себеби

“Үй-бүлөөлүк бактылуулуктун жана негизи эле пенденин бактылуу болушунун эң башкы себеби, анын руху жана жашоосунун эң негизги максаты, тынчтык жана коопсуздукка жетүүсүнүн сыры – бул ар бир пенденин ыйманын жакшыртууга жана сооптуу амалдарды ишке аткарууга умтулуусу. Чыныгы бактылуу жашоонун негизи мына ушу! Улук Аллах айтат: “Эркек болобу же аялбы, ыйманга келип, андан кийин жакшы амалдарды жасаса, Биз аны (бул дүйнөдө) таза жашатабыз жана алардын (акыреттик) соопторун жасаган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен кайтарабыз” (Нахл: 97). Бул аятта Ааламдардын Роббусу Өзү бекиткен шарттар камтылган: “жакшы амалдарды жасаса”. Кайсы амал жакшы болуп саналат? Ал ыймандуу адам эки канаттын жардамы менен аны көздөй учкан амал. Ал эки канат Аллах үчүн ыкластуулук жана Пайгамбарды (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) ээрчүү. Б.а. ал жакшы амал Аллах үчүн гана жана Куран-сүннөттө келгендей аткарылыш керек. Ыйман келтирип жана сооптуу амалдарды аткаргандарды кандай сыйлык күтөт? “Биз аны (бул дүйнөдө) таза жашатабыз жана алардын (акыреттик) соопторун жасаган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен кайтарабыз”. Жашоосун асман жана жердегилерди башкарып турган Улук Аллах Өзү бактылуу кылып берген адамдын жашоосун ким буза алат? Керек болсо баардык адамдар менен жиндер биригип келсе да Аллах жашоосун бактылуу кылып берген адамдын жашоосун буза алышпайт. Андан соң Аллах Акырет күнү ал пендесине эң жакшы сыйлык берет. Аллахтын убадасы ушундай. Аллах кимге жакшы жашоо берген болсо, демек ага аз нерсеге шүгүрчүлүк кылууну да тартуулаган. Андай адам аз нерсеге да шүгүр, каниет кылып жашайт. Андай адам Аллахтын мээрими менен жан-дүйнөлүк тынчтыкка жетет, бактылуулук анын жан-дүйнөсүнө орнойт. Эгерде ал үй-бүлөөсү жана айланасындагы адамдардан өзүн кубандырган нерселерди көрсө Аллахка шүгүр айтат жана ал үчүн сооп алат, ал эми үй-бүлөөсү жана айланасындагы адамдардан өзүнө жагымсыз болгон нерселерди көрсө сабыр кылат жана мындан да сооп алат».
«Үй-бүлөөлүк бактылуулукка жетүүнүн себептери»

Бул жакты да көргүлө

Аллах гана пайда берип же зыян жеткире алат, жакшылык берет жана мээримден алыстатат

“Эгер Аллаh сени бир зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. А, …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!