КАЙГЫ МУСУЛМАНГА ПАЙДА АЛЫП КЕЛБЕЙТ


Шейхуль Ислам, Аллах аны өз Ырайымына алсын айтты: «Кайгы жөнүндө айта турган болсок Аллах да, Анын элчиси да кайгыны баштан өткөрүүнү буйруган эмес, ал гана эмес Аллах бир нече жерде кайгы динге байланыштуу болсо да кайгы тартууну тыйган. Аллах Субхана уа Таъля: «(О, момундар, “жеңилип калдык” деп) алсырабагыла жана кайгырбагыла! Ыймандуу болсоңор эле, силер жогорусуңар!» (Аалы имран 3:139).
«(О, Мухаммад,) сабыр кыл! Сенин сабыр кылууң Аллаhтын жардамы менен гана болот. (Каапырлардын сага каршы) жасаган айлакерликтери себептүү капа болбо жана жүрөгүң кысылбасын!» (Ан-Намль 16:127).
… Ошондо, экөө үңкүрдө турганда, ал шеригине (Абу Бакрга): “Кайгырбагын, Аллаh биз менен” деди (Ат-Тауба 9:40).
«(О, Мухаммад) Сени алардын (динге жана сага багытталган ыпылас) сөздөрү капа кылбасын. Бардык урмат-ызаат Аллаh үчүн! Ал – Угуучу, Билүүчү!» (Юнус 10:65).
«(Мал-дүйнө, ден-соолук ж.б.у.с.) нерселер силерден кеткени себептүү капаланбашыңар үчүн жана силерге келген нерсеге сүйүнүп-көөп кетпешиңер үчүн (Аллаh бардыгын мурдатан Лавхул-Махфузга жазып койгон). Аллаh ар бир текебер-мактанчаакты сүйбөйт» (Хадид 57:23). Ушу сыяктуу башка аяттар да көп.
Анткени кайгы пайда да алып келбейт, зыянды да жойбойт, ошондуктан анын эч кандай пайдасы жок. Ал эми пайда жок нерсени Аллах аткарууга буйрубайт.
Эгерде кайгы адамды алсыздыкка алып келип, Аллах жана Анын элчиси буйруган нерселерди аткаруудан алаксытса, бул жактан алып караганда кайгы тартуунун абалы башка тарабынан макатанарлык болсо дагы туура эмес».
Маджму‘у-ль-фатауа. Т. 10. 16-17-бет

Бул жакты да көргүлө

Аллах гана пайда берип же зыян жеткире алат, жакшылык берет жана мээримден алыстатат

“Эгер Аллаh сени бир зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. А, …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!