Кыямат күнү бош убакытыңды кандай өткөргөнүңдү сураласың!

Ибн аль Каййим (Аллах аны рахматына алсын) айткан: “Качан силер убактыңарды пайдасыз нерселерге коротуп калганыңарды көрсөңөр, билгиле – бул Аллахты силерди жек көргөнүнүн белгиси, анткени сиз Өзүңүздүн Бейишке баруу мүмкүнчүлүгүңүздү курулай кетирип жатасыз. Ал эми сиз убактыңызга жараша болгон мүмкүнчүлүктөн да көп (шариаттык) милдеттерди аткарып жаткан болсоңуз, демек Аллах сизди жакшы көрөөрүнүн белгиси. Колу бош адамды шайтан өз иштерине салат. Аллах сизди жакшы көрөөрүн билгиңиз келсе абалыңызга ой жүгүртүп көрүңүз: иш менен алексизби же бош отурасызбы?”.

Качан гана сиз сабактардын ордуна вайн же тамашалар тайпасын ачканыңызда, Курандын ордуна кулагыңызга музыка киргизип жатканыңызда, видеосабак ордуна кезектеги сериал көрүп жатканыңызда, Курандын үстүнөн ой жүгүртүп отургандын ордуна баалуу убактыңызды маанисиз сөздөргө коротуп отурганыңда, тилиң зикрдин ордуна куралай сөздөрдү сүйлөп жатканда, ибадатты “ананыраак”, “азыр эми, бир аздан кийин”, “эртең” деп жылдырып жатканыңда, пайдасыз жана жалган дүйнөлүк нерселер менен алектенип калганыңда – билгин, сен Аллах жек көргөндөрдүн катарында болуп калуу коркунучу алдындасың! Ойлон! Ааламдардын Роббусу Өзү жек көрүп калган жандын абалы кандай болот? Ал рух Анын алдында кантип сурак берет?
Бул дүйнөдө сенин үч кана күнүң бар: кечээги күн, ал өттү жана сен үчүн же пайда же сага каршы далил болду; эртеңки күн, анын сен үчүн келээри белгисиз; жана бүгүнкү күн. Амал кылып калууга сенде бүгүнкү гана күнүң бар.
Сен канча күтсөң дагы башка эч кандай мүмкүнчүлүк жок, ибадат кылууга “ыңгайлуу”, ибадат кылууга “жакшы” күндөр келбейт. Эртеңки күндү (ибадатты баштайм деп) күтпө, ибадатты биринчи күнү баштайт элем деп биринчи күндү күтпө, окууң бүткөнчө күтпө, сен көчүп кетесиң, күйөөгө тийесиң, үйлөнөсүң, балдарың чоңойот ж.б. Бул дүйнөнүн иштери бүтпөйт жана бир акыбалдын ордуна башка акыбал келет. Сенин ар бир күнүң өмүрүңдүн бүтүшүнө карай бир кадам. Сен ыңгайлуу учур жана түгөнбөгөн “эртеңиң” келгиче ажалың келип калганын билбей каласың. Ошентип эсеп берчү убактың келет. Ибадатты баштоону чойгонду токтот. Мына азыр амалыңды башта. Кайдыгерлик сени алдап кетишине жол бербе. Эсиңде болсун, шайтан сени күнөөгө түртө албай калганда, убактыңды курулай өткөрүүгө түртөт. Роббуңдун алдында кандай абалда тураарыңды ойлон. “Адамдар уктап жатышат жана аларды өлүм гана ойготот. Ошондуктан ажалың келе электе ойгонуп кал!”

Бул жакты да көргүлө

Аллах гана пайда берип же зыян жеткире алат, жакшылык берет жана мээримден алыстатат

“Эгер Аллаh сени бир зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. А, …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!