БАЙЫРКЫ КООМДО ШИРК КАНДАЙ БОЛГОН?

шейх Салих Али аш-Шейх:
“Нух пайгамбардын (ага Аллахтын саламы болсун) коому Адамдын (ага Аллахтын саламы болсун) тукумунан болгон. Адамдын тукумдары Вад, Сува’ Яук жана Наср аттуу солих адамдар пайда болгонго чейин ширк кылбаган коом болгон. Бул аттары аталган адамдар такыба, солих адамдар болуп дүйнөдөн өтүшкөн. Алардан кийин келген муундагы адамдар дүнүйөгө берилип жана Акыретти эстөөдөн алыстап баштаганда өзүлөрүн ибадатка үндөш үчүн бул солих адамдардын мүрзөлөрүнө барып, ыйлашып, ибадат кылууга таргиб алган соң кайра кайтып келишчү.
Ошол маалда аларга шайтан келип, алардын мүрзөлөрүндө мындай деп айтат: “Бул адамдардын айкелдерин жасап албайсыңарбы, айкелдер аркылуу силер Вад менен Сувду эстеп турасыңар”. Андан соң ал адамдарга бул солихтердин айкелдерин алардын келбеттерине окшоштуруп, ибадат кылуучу идол кылып жасап берет.
Биринчи муунда адамдар бул айкелдерге сыйынышкан эмес, болгону ал айкелдерди карап, солих адамдарды эстеп турушчу. Нух пайгамбардын доорунда адамдар узак жашашкан, ошол себептүү шайтан аларга экинчи жолу келип: “Бул адамдарды ар дайым эстеп туруу үчүн алардын айкелдерин үйүңөргө да коюп албайсыңарбы?” дейт. Андан соң шайтан адамдарды ал айкелдерди сапарга чыкканда өзүлөрү менен алып жүрүүгө ж.б. ушуга байланышкан амалдарга түрттү. Мына ушинтип бул иш солихтерди ар дайым эстеп жүрүү жана ибадат кылууга дем бериш үчүн адамдардын арасында катуу жайылды. Бул биринчи муундагы адамдар мушрик болгон эмес, бирок алардан кийин бул тууралуу илим кетти да караңгы адамдар мындай дешти: “Биздин ата-бабаларыбыз бул айкелдерди алган себеби алар илах жана идолдор болгон”. Ошондон кийин ал адамдар ал айкелдерге (Аллах менен өзүлөрүнүн ортосунда) ортомчулук сурап кайрылып башташты. Алар мындай дешкен: “Бул адамдар Аллахтын алдында бийик даражалуу адамдар, анткени алар солихтер, ошондуктан келгиле муктаждыктарыбызды чечип берүүсүн сурап (Аллахка) булар аркылуу кайрылалы”.
Нух пайгамбардын коомунун ширки Адам тукумундагы көзү өтүп кеткен солих адамдарды Аллах менен өзүлөрүнүн ортосуна ортомчу катары койгону болгон. Аллах ал солих адамдар тууралуу Куранда мындай деп айтат: “Жана (элдерге) “бут-кудайыңарды таштабагыла “Вадды” дагы, “Сувааны” дагы, “Ягусту” дагы, “Яукту” дагы, “Насрды” дагы таштабагыла!” дешти” (Нух: 23). «Шарху кашфи аш-шубухат», 35.

Бул жакты да көргүлө

Аллах гана пайда берип же зыян жеткире алат, жакшылык берет жана мээримден алыстатат

“Эгер Аллаh сени бир зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. А, …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!