Текебердик

Текебердик жалгыз  Алла Таала гана тиешелүү сыпаттардан.  Ага бул сыпатында эч ким шериктеш боло албайт. Ошондуктан мусулман пенде жүрөгүн жана напсисин текебердиктен толук тазалоосу зарыл. Анткени, кимдин жүрөгүндө кыпындай эле текбердик болсо, анда ал бейишке кирүүдөн куру калат.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَا يَدْخُلُ الْجَنَّةَ مَنْ كَانَ فِي قَلْبِهِ مِثْقَالُ ذَرَّةٍ مِنْ كِبْرٍ قَالَ رَجُلٌ إِنَّ الرَّجُلَ يُحِبُّ أَنْ يَكُونَ ثَوْبُهُ حَسَنًا وَنَعْلُهُ حَسَنَةً قَالَ إِنَّ اللَّهَ جَمِيلٌ يُحِبُّ الْجَمَالَ الْكِبْرُ بَطَرُ الْحَقِّ وَغَمْطُ النَّاسِ» {رواه مسلم: 91}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кимдин жүрөгүндө кыпындай текбердик болсо, анда ал бейишке кирбейт. Бир киши айтты: “Албетте, адамдар кийиминин жана кепичинин жакшы болуусун жакшы көрүшөт (каалашат). Айтты (ага Алланын салават-саламдары болсун): “Албетте, Алла Таала сулуу жана сулуулукту жакшы көрөт. Текебердик – акыйкатты кайтаруу жана адамдарды кемсинтүү».    (Муслим: 91)

Чыныгы мусулман адам бул дүйнөнүн убактылуу-сыноо экендигин билгендиктен башкалардан жүзүн буруп, бой көтөрбөйт.

                قال تعالى: }تِلْكَ الدَّارُ الْآَخِرَةُ نَجْعَلُهَا لِلَّذِينَ لَا يُرِيدُونَ عُلُوًّا فِي الْأَرْضِ وَلَا فَسَادًا وَالْعَاقِبَةُ لِلْمُتَّقِينَ{   {القصص: 83}

Алла Таала айтты: «Биз тиги жактагы Акырет коргонун (Бейиш) жер бетинде бузгунчулук жана текеберленүүнү каалабаган (момун) адамдар үчүн (насип) кылабыз.(Жакшы) Акыбет такыба кишилер үчүн»!                         (Касас: 83)

Мусулмандын сактануусу милдет болгон текебердиктин кээ бир ачык көрүнүштөрү:

1.  Текеберденип (бой көтөрүп) кийимин же шымын эки томуктан ылдый түшүрүү.                                                                               

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلى اللهُ عليه وسلّم: «لَا يَنْظُرُ اللَّهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ إِلَى مَنْ جَرَّ إِزَارَهُ بَطَرًا» {رواه البخاري: 5788 مسلم: 2087}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Кыямат күнү Алла Таала шымын (ыштанын) текеберденип сүйрөлтүп жүргөн адамды карабайт ».    

   (Бухарий: 5788. Муслим: 2087)

2.  Акыйкатты кайтаруу жана ага текберденип кайтпоо.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلى اللهُ عليه وسلّم: «الْكِبْرُ بَطَرُ الْحَقِّ وَغَمْطُ النَّاسِ» {رواه مسلم: 91}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Текебердик – акыйкатты кайтаруу жана адамдарды кемсинтүү». (Муслим: 91)

3.  Адамдарды шылдыңдап, кемсинтүү жана аларга бой көтөрүү.

قال تعالى: } وَلَا تُصَعِّرْ خَدَّكَ لِلنَّاسِ {   (لقمان: 18)

Алла Таала айтты: «Жана (текеберленүү менен) адамдардан жүзүңдү бурбагын»!                                                                                                               (Лукман: 18)

4.  Текеберденип басуу жана кекирейип адамдардан жүз буруу.

قال تعالى: }وَلَا تَمْشِ فِي الْأَرْضِ مَرَحًا إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ كُلَّ مُخْتَالٍ فَخُورٍ { (لقمان: 18)

Алла Таала айтты: «Жана жер бетинде текеберленип жүрбөгүн! Себеби, Алла Таала бардык текебер, мактанчаак кишилерди сүйбөйт».                   (Лукман: 18)

5.  Ата-бабалары менен кекирейип мактануу. Башкалардын ата-тегин кемсинтүү. Мис: Эй, негрдин баласы – деп айткан сыяктуу.                                  

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «اثْنَتَانِ فِي النَّاسِ هُمَا بِهِمْ كُفْرٌ الطَّعْنُ فِي النَّسَبِ وَالنِّيَاحَةُ عَلَى الْمَيِّتِ»       {رواه مسلم: 121}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты: «Адамдарда (кичине) каапырлыктын[1] белгилеринен болгон эки белги бар: Ата-текти кемсинтүү жана өлүккө кошок кошуу (кошуп ырдоо)».                                   (Муслим: 121)


[1] Каапырлык чоң жана кичине болуп экиге бөлүнөт. Чоңу ээсин  динден чыгарып жиберет. Кичине каапырлык ээсин динден чыгарбаса да чоң күнөөлөрдөн болуп эсептелет.

Бул жакты да көргүлө

Көрө албастык

Көрө албастык бул башкаларга берилген нээмат (жакшылык) тын кетүүсүн (жок болуусун) каалоо. Ал мусулман адамга …

САЛАМАТ Органик
Не копируйте текст!